3 ВИДЕО — Болот НАЗАРОВ, төкмө акын: «Наркотик эмес, нан алганга тыйыным жок»

3 ВИДЕО — Болот НАЗАРОВ, төкмө акын: «Наркотик эмес, нан алганга тыйыным жок»

Соңку 24 саатта, таза шайлоо менен ааламды таң калтыра албай калган жаныбыз, өлкөбүздү «укмуштуунун төөсү жорго» дегидей окуялар менен таң калтырганга аз калдык… а балким, таң калтырдык… Айтып-айтпаганда не, аттары адаш, бири төкмө акын, бири эркин журналист эки Болотту милициябыз кармап кетип, журналист журтчулугун, маданият өкүлдөрүн бир сыйра дүрбөлөңгө салышты…

Кармап кеткени дайыны билинбей жатат деген төкмө акын Болот Назаров бүгүн, 23-январда, камактан бошотулду. Бул кабарды жыйылган журналисттерге ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Болотту Бишкек шаардык милициясынын имаратынан сотко алып баратканда билдирди. Ал Болот Назаровдун мыйзамдуулугу соттон текшерилгенден кийин эле үйүнө кетет деди.  «Чагылган акын» Болот өзү  колдогон тарапташтарына ыраазычылык билдирип, «Ак ийилет, сынбайт. Ынтымактуу болсок эле акыйкаттын ак музу кулабайт!» деди.

Азамат БОЛГОНБАЕВ: «Акынды камоо 30 жыл ичинде биринчи жолу болууда…»

Жогорку окуялар башына сереп салсак, соңку убактарда катуу иликтөөлөрдү алып чыгып жаткан иликтөөчү журналист Болот Темиров менен лакап аты «Чагылган» төкмө акын Болот Назаровду 22-январдан 23үнө караган түнү милиция кармап кеткен. ИИМ маалыматы боюнча, алар маңзатты колдонушкан, аны тараткан деген шек менен камакка алынышкан. Бул дүрбөлөң кабар социалдык тармактарга желдей тарап, журналисттер, акындар, чыгармачыл адамдар тез реакция кылып, эки Болот андай жаман адатка жакындабаган, өзүнүн да, өзгөнүн да жан дүйнөсүн андай жаман зат менен уулантпаган жигиттер экенин айтып, камактан бошотулушун талап кылганбыз. Айтор, экөө тең бүгүн эч жакка чыкпоо тилкаттын негизинде бошотулушту.

Ага чейин төкмө акындар, чыгармачылыкка жакын да, алыс да кайдыгер эмес адамдар ИИМ алдына тынчтык митингине чыгып, салмактуу катуу да, ачуу да сын-пикирлерин айтышты. Кытайлык кыргыз элибизден чыккан, мекен, эл-жер, ата-эне дегенде, буулугуп ыйлап, ырдаган төкмө акын, ырчы Акматбек Султан уулу,  Болот Назаров тууралуу кейиген мындай кебин айтты: «Акындарга мамлекет кам көрүүнүн ордуна камап жатканы… Болотту мен 7 жылдан бери жакындан жакшы билем. Өзү ак жүрөк жигит. Шаарда үйү жок, квартиралап жүрөт… Аябай кыйналып жүрөт жашоодочу… Ушинтип чындыкты айтса, камап койгону бул кыргыз элин камаганга эле барабар. Азамат байке айткандай (Болгонбаев — ред.), өмүрдөн миңдеген хандар өтөт, а бирок чындыкты айткан Болотко окшогон төкмө акындар эч качан эскирбейт. Болотту колдоп келген, агайын, сиздерге рахмат. Биз ар дайым чындыкты айтабыз. Биз, акындардын, бул дүйнөгө келген, кудай берген шыбага, вазийпабыз — эл тилеген чындыкты айтуу». Акматбек сөзүнө кошо кеткен Азамат Болгонбаев: «Акаевдин доорунда дагы, Бакиевдин мезгилинде дагы, Атамбаевдин убагында дагы, айтыштарда болобу, өтө ачуу сөздөр айтылган бийликке акындар тарабынан. Бирок акындарды ошол чыгармачылыгына, акыйкат сөздү айтканына шылтоо кылып, ошону токтотуш үчүн, коркутуш үчүн башка бир шылтоолорду негиз кылып туруп камап атканы — 30 жылда, тарыхта биринчи жолу болуп атат. Акынды камаган бийлик — келечеги жок болот. Акындын эркиндигин чектеген бийлик — бул эртеңки күнү болбой калышы мүмкүн… Ошондуктан акынга боштондукту талап кылышыбыз керек. Болоттуу бошотушсун, анан калган маселесин тергей беришсин» деп Болот үчүн күйүп-бышып жарандык да, акындык да акыйкат кебин айтты. 

Азамат айткан кептен кийин анализ кылып көрсөк, айткандай эле, Акаев, Бакиев, Атамбаев доорунда акындардан бийлик дарегине ачуу чындык далай айтылган экен, бирок бир дагы акын капшырылып кармалып камалбаптыр…  

Ал эми жактоочу Нурбек Токтакуновдун пикиринде, кылмыш иштери Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) боюнча козголгон, бирок Темировго да, Назаровго да маңзатты атайылап эле салып коюшкан… Акыйкаттык, адилеттүүлүк маселесине ишмердиги түзмө-түз байланыш Акыйкатчы институтунан аппарат башчы Аскат Азарбеков Болот Назаровго жолугуп чыккан жана төкмө акын ага «наркотик эмес, нан алганга акчасы жоктугун» айткан.

Ток этерин айтканда, Болот Назаровду жакшы билген өнөрлөш, канатташ кесиптештеринин, кайдыгер эмес көпчүлүктүн пикиринде, акындын кармалышына акыйкатты тынбай айтып келгени эле себепчи болгон…


Болот Назаров: «Эки дос» ВИДЕО.

Камчыбек ТАШИЕВ: «Темировдун анализи таза, Назаровдуку таза эмес чыкты» 

Айтмакчы, ушул эле 23-январь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге жыйын өткөрдү. Анда ал мамлекетке бир тыйын да зыян келтирбегенин, дегеле коррупцияга аралашпаганын, андайды ага жармаштырып иликтемей-жиликтемей самандан ийне издегендей эле убаракерчилик, куру жалаа дегендей кебин айтып, жакында эле журналист Болот Темировдун чуулгандуу иликтөөсүн(«Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» аттуу иликтөө Temirov LIVE  YouTube-каналына жарыяланган — авт.) жокко чыгарып, өз жүйөлөрү менен түшүндүрүп берди. Ал эми Болот Темиров менен Болот Назаровдун кармалышы тууралуу суроого да жооп берип, эки Болот тең наркологиялык текшерүүдөн өтүп, Темировдун анализи таза, Назаровдуку таза эмес чыкканын айтты…

Камчыбек Ташиевдин маалымат-жыйынын толугу менен төмөндөн көрсөңүздөр болот…

Президент эмне дейт?

Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйыны жана журналист Болот Темировдун кармалышы тууралуу пикирин адаттагыдай «Фейсбук» баракчасы аркылуу мындай деп билдирди:

Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн кандай гана кесиптик ишмердүүлүк болбосун, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк дагы, басым-кысымдын тигил же бул түрүнө себеп болбошу керек. Ар бир иш бардык жагдайларды эске алуу менен калыс иликтениши зарыл. Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турам. Ошол эле убакта журналисттерден дагы жалпы элдин алдында бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болсоңуздар деп суранып кетет элем. Бир нерсе айтардан мурда чын-аныгын тактап алып, жоопкерчиликти сезип, анан чыгарып туруңуздар.
Камчыбек Кыдыршаевич ушул маалымат жыйынында, өзүнө карата каралоонун толук жалган экенин ийне-жибине чейин түшүндүрүп бериптир. Азыр мамлекеттик ар бир ишкана мурдагыдай жашыруун иштебейт. Баары ачык. “Керек болсо бир нече оппозициялык журналисттен турган комиссия түзүп, текшерип келгиле, биз шарт түзүп берели”,- деп эң туура айткан. Текшергенге толук мүмкүнчүлүгүңөр бар. Бизде баары ачык. Мындан ары журналистсиңби, чиновниксиңби же жөнөкөй жарансыңбы – баарыбызга мыйзам бирдей иштейт.
«…баарыбызга мыйзам бирдей иштейт»… Эгемендикке чейинки, эгемендиктин заманында канча айтылган, а бирок иш жүзүндө көбүнчө бир тараптуу гана иштеп аткарылышы далай күмөн жараткан, көп учурда ачык эле аткарылбай да калган бул СӨЗ… эми кандай иштейт, убакыт көрсөтөр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Кашайып компьютерибиз да иштебей калып, бул жаңылыктар боюнча кебибиз кечирээк жазылып калды, а бир эки Темир боюнча жаралган окуяларга али чекит коюла элек дешти, дагы да жазабыз…  

One thought on “3 ВИДЕО — Болот НАЗАРОВ, төкмө акын: «Наркотик эмес, нан алганга тыйыным жок»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.