Ааламды чөгөлөткүсү келген Алик Акималиев. Эрнис Асек уулунун эскерүүсү…

Ааламды чөгөлөткүсү келген Алик Акималиев. Эрнис Асек уулунун эскерүүсү…

Эсен болуп, эстей жүр!

«Мен үчүн өтө оор күн. Жымжырттык күнү. Сөз жок күн» деп Эрнис жанындай жакшы көргөн агасын жоктоп жазып да, айтып да калчу эле… Эми ал сөзүн мен айтып калдым.
2020-жыл. 29-январь. Жолдошум Эрнис АСЕК уулунан ажырап калган күн. Эки жыл мени менен кошо эскерген жакшы адамдар көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилди жана эскерилүүдө… Мелис агабыздан ажыраганыбызга 11 жыл болсо, Эрниске эки жыл болуптур… Агабыз 60ка, Эрнис 52 жашка чыкмак…

Эрнистин аты аталган жерде Мелис байкенин ысымы аталып, Мелис байкенин аты аталган жерде “Асаба” айтылып келет. Эки гений ага-инини эскерип, жараланган жүрөккө жылуу сөз тартуулаган жакшы адамдарга ыраазычылык билдирем!
Эрнис АСЕК улуунун жазгандарын окуганды сагындыңарбы? Бүгүн кечке эскеребиз. Архивде сакталгандардан, сыр сандыктагы кол жазмаларынан жана эскерүүлөрдү беребиз...

Назира СААЛИЕВА

АРХИВден…

 “Аалам, чөгөлө, чөгөлө дейм!”

«Акын болом десең, ааламды чөгөлөт!»

Мыкты акын Алик Акималиевдин көз жумганын кеч уктум. Анан эскерүү жазайын деп жүрүп эле көп убакыт өтүп кетти. Акыркы жолу байкем каза болгондо жолуктук. Боз үйдүн түбүндө турсам, басып келип: “Мелис жөнүндө 26 куплет ыр жаздым. Мына” деп эле папкесин аңтарып, саргарган барактарын көтөрүп чыкты. “Буларды бир гезитке берейин, бир аз оңдош керек. Жашоо ушул турбайбы… деп ойлонуп калды. “Эрнис, мен өзгөрүп жатам. Башка жолго түштүм. Мекем “Өзгөрбөйсүңбү?” деп Феллининин түшүн айтып калчу эле. Бул великий сөз турбайбы. Мен өзгөрөйүн деп жатам. Мезгил өзү келет экен” деп дагы ойлонуп туруп калды. Байкемдин боз үйдө илинген сүрөтүн карап калсам: “Меке кайсыл жакты карап турат, билесиңби?”,-деди. Суроолуу карадым. “Бир көзү ааламдын, жашоонун бийиктигине суктанып турат, бир көзү кыргыздын, көроокаттын пастыгына кейип турат. Мекем ушинтип жашады” деп койду. “Эрнис, мен кеттим. Экөөбүз бир жолугушалычы, сүйлөшөлүчү, сени менен сүйлөшкөн сонун да. Рубцовдун сендей досу болгон. Сен мага дос бол!” деп адетинче баладай күлүп койду. Кол алыштык.

Бир жолу беш-алты жазмакерлер чогулуп олтурабыз. Улуубуз эле Алик байке, кийинкиси мен, калганы жаш балдар. Бир ырын окуп калды. Эсте жок. Анан жаш балдардын бирөө менден: “Алик байкенин поэзиясына кандай баа бересиз?” деп калды. “Мен баа бербейм, окуйм. Кээ бир ырларды окугуң келбейт, а Аликтин ырларын берилип окуйсуң” деп эле Аликти мактап кирдим. Катуу мактадым. Бир кезде Алик: “Эй, Эрнис, гений дебей койдуң, ээ? Айтпай койдуң, сен айтпасаң, анда мен гений эмесмин” деп келип эле, “Гений” деген ырын окуп кирди…

«Эрнис, гений дебей койдуң, ээ?»

Алик Акималиев жөнүндө узун сөз кыла берсе болот. Эми жоруктарын айтып олтурсак, чериң жазылат. Турган турпаты менен акын эле. Өзү тирүү болгондо, калпты-чынды койгулаштырып жүрүп китебин чыгарып алмак. Эми ким чыгарат, ким чуркайт?..

Алик байке менен алгач таанышканым эсимде. Анда мектепти жаңы бүткөн, он жети жаштагы баламын. Окууга өтпөй калып, “Ленинчил жашта” чабарман (курьер) болуп штеп жүргөм.

“Мелис жөнүндө 26 куплет ыр жаздым. Мына” деп эле папкесин аңтарып, саргарган барактарын көтөрүп чыкты»

“Учкунга” каттарды жеткирип, редакцияга баратсам, ЦУМдун алдынан шапке кийген, папке көтөргөн, бою меникиндей кодо бир киши алдыман тороду. “Мелис Эшимкановдун иниси сен болосуңбу? Алик Акималиев деген акын мен болом. Сен дагы ыр жазат турбайсыңбы, кана бирди окучу”,-деди.

Айланамда эл быжырайт. “Мен эки сап эле ырларды жазам”,-дедим. “Күн табында олтурду бир картаң чал, аптап күнү соолуп жаткан көлчүктөй”,-дедим. “Мыкты экен. Сенден “во!” акын чыгат” деп далыман таптады. Анан басып жөнөдүк. Бир маалда дароо токтоп калды да: “Аалам чөгөлө! Чөгөлө дейм!” деп үнүнүн баарынча кыйкырып калды. Өткөндөр бизди карап жалдырап өтүп жатышат. “Аалам, чөгөлө!” деп дагы бир кыйкырып алды. “Эй, ушинтип ааламды чөгөлөтүш керек. Антпесең сени эки чайнап, бир жутуп коет. Акын болом десең, ааламды чөгөлөт!”,-деди…

Эрнис АСЕК уулу

“Де-факто”. 09.08. 2012

Арман. Арман. Арман. Сенсиз өткөн күндөр жалган!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.