Бир кезде «премьер-министр» болгон Бакыт Төрөбаев Акылбек Жапаровдун орун басары болду…

Бир кезде «премьер-министр» болгон Бакыт Төрөбаев Акылбек Жапаровдун орун басары болду…

Бүгүн, 28-мартта президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиевди башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан бошотуп, анын ордуна (орун басарынын милдетин аткаруучу кылып) Бакыт Төрөбаевди дайындаган Жарлыкка кол койду.

Мындай маалыматты Президенттин басма сөз кызматы таратты.

Алардын маалыматына караганда, Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш карайт, тагырагы, макулдашуу үчүн киргизүү токтом кылынат. Парламент анын талапкерлигин качан карары азырынча белгисиз.

Бакыт Төрөбаев деген ким?..

49 жаштагы Бакыт Төрөбаев Бакиевдердин “Ак жол” партиясы, Бабановдун “Республика” партиясы жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоолорго катышып, Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон. Депутат болуп келгенде “Ата-Журт — Кыргызстан” фракциясынын төрагасы болуп турду. Ага чейин ал 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри болгон.

2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоого 13 талапкер ат салышкан. Алардын арасында Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев да бар болчу.

Анда ал Өмүрбек Бабанов менен биригип: “Биригүү жеңишти алып келет. Жеңишти биз Жалал-Абаддан баштайбыз!”,- десе, Бабанов «Элибизге бирге кызмат кылабыз»,-деп тандем болушкан. Атүгүл Бабанов «президент», Төрөбаев «премьер-министр» болгонун жарыялап, элдин оозун ачырган…

Алардын тилегин таш каап, андагы ажо Алмазбек Атамбаев тынчтык жолу менен бийликти андагы кан досу Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген.

Атаандашынан утулуп калгандан кийин Төрөбаев Жээнбековду куттуктап, Атамбаевди аябай мактаган. 6 жыл президент болуп, мамлекетке чоң салым кошконун баса белгилеп, терең ыраазычылык билдирип, аягында: «Бизди анча-мынча сындадыңыз, бизди бышырдыңыз!»,- деген.

Ишенбейм десеңиз, бул жердеги ВИДЕОдон угуңуз!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.