Буллитте “Сары-Өзөн” 2:1 эсеби менен «Ынтымакты» жеңип алды

Буллитте “Сары-Өзөн” 2:1 эсеби менен «Ынтымакты» жеңип алды

9-май Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Баткен облусунун Халмион айылында болуп өттү. Жогорку лигада Талас облусунан «Ынтымак» менен Чүй облусунан “Сары-Өзөн” командасы беттешип, 1:1 эсебинде тең чыкты. Кошумча 10 мүнөттө да жеңүүчү аныкталган жок. Буллитте “Сары-Өзөн” 2:1 эсебинде алдыга чыгып, жеңишке ээ болду.

Буга чейин “Ынтымак” командасы Сары-Өзөндү финалда эки жолу утуп келген. Былтыр 31-августта эгемендикке арналган мелдеште «Ынтымак» «Сары-Өзөндү» 7:0, «Нооруз-2022» турниринде 4:1 эсебинде утуп алган болчу.

Республикалык мелдеш 1-майда башталып, үч лигада өттү. 9-майда Биринчи лигада финалда “Алай” жана “Көк бөрү мектеби” ойноп, 5:1 эсебинде “Алай” оюнчулары жеңишке жетти. 40 жаштагы ардагер көк бөрүчүлөр арасында «Талас» командасы чүйлүк атаандаштарын 4:1 эсебинде утуп алып, баш байгеге ээ болушту.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.