Оппозициялык кыймыл Болот Темировго күч органдары кысым көрсөтүп жатканын билдирди

Оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» иликтөөчү журналист Болот Темиров жана Темиров LIVE YouTube каналынын кызматкерлерине укук коргоо органдары кысымын күчөтүп жатканы тууралуу билдирүү таратты. Алар Темиров Улуттук коопсуздук комитетинин кысымына кабылганын билдирген.

Эске сала кетсек, быйыл январда Бишкек шаардык милициясы Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Анын алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган. 20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет. Күч органдары болсо мындай дооматтарды четке кагышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.