Кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин адвокатынын айтымында…

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасына каршы шаардык сотко апелляциялык арыз даярдалууда. Бул тууралуу кечээ, 5-июнда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча апелляциялык арыз тапшырууга беш күндүк убакыт берилет.

Курманкул ЗУЛУШЕВ: «Президенттин буйругу талкууга жатпайт»

4-июнда Алымкадыр Бейшеналиев менен кошо президенттин тескемеси менен кызматынан Башкы прокурор Курманкул Зулушев да убактылуу четтетилген. Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу анын биринчи орун басары Абай Молдокматовго жүктөлгөн. Ошол эле күнү Курманкул Зулушев «президенттин буйругу талкууга жатпайт” деген постун  “Фейсбуктагы” баракчасына калтырган. Ал: «Президенттин ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш! Калыстык ар бир адамдын абийир соту, жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей! Менин милдетим — мыйзамдардын так жана даана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү” деп жазган.

Президенттин айтымында…

Буга чейин, 3-июнда Бейшеналиев боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана башкы прокурор экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган. Президент министрдин кармалганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айтып, бул иште калыс болушу керектегин айткан.

Президенттин маалымат кызматы мындай чечим “Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатта, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган “Ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет” деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып” кабыл алынганын билдирген.

Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Бир генерал мага “сени мен отургузам” деген…»

Эске сала кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев жемкорлукка шектелип 2-июнда камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынган.

Бейшеналиев 16-майда «Азаттыкка» курган маегинде, аны атайын кызматтын кызматкерлери эки жолу суракка алышканын, ага чейин да «аракет көрүлгөнүн» баса белгилеп, «Алты ай мурун бир генерал мага “сени мен отургузам” деп балдарын жөнөткөн болчу» деп билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.