Казакстанга кирүүдө ПЧР-тест талап кылуу жокко чыгарылды

Казакстанга кирүүдө ПЧР-тест талап кылуу жокко чыгарылды

Казакстан өлкө аймагына кирүүдө милдеттүү түрдө ПЧР-тест же эмдөө сертификатын көрсөтүү талабын жойду. Бул тууралуу коронавирустун тарашына жол бербөө боюнча мекемелер аралык комиссия билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 8-июндан баштап казак жарандары менен чет өлкөлүктөрдөн ПЧР-тест жана эмдөө жөнүндө сертификат талап кылынбайт. Мындай чечим вице-премьер Ералы Тугжановдун катышуусунда өткөн жыйын учурунда кабыл алынган.

Бул арада Казакстан убактылуу иштебей турган автоунаа өтүүчү 12 чек ара бекетинин ишине киргизилген чектөөлөрдү да алды.

Алмаз ТУРДУМАМБЕТОВ

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.