Акылбек ЖАПАРОВ: «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйөт»

Акылбек ЖАПАРОВ: «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйөт»

Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы августтан баштап көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 29-июнда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Бирок, ал айлык канча пайызга жогорулай турганын тактаган жок.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 28 миңге чамалайт.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйгөн. Анын ичинде педагогдуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80% жогорулаган.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына кеткен. Андан сырткары дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.