Эстекенин ролунда Кубат Оторбаев, Замикенин атынан төккөн Эрнис Эшимканов… Архивдеги айтыш….. 

Эстекенин ролунда Кубат Оторбаев, Замикенин атынан төккөн Эрнис Эшимканов… Архивдеги айтыш….. 

Эки акындын айтышы…

8-март, аалам бою айымдар  энчилеп алган ушул күнү ар бир үйдө, ким кааласа, каалабаса да, майрамдык маанай! Анткени ар бир үйдө үйдүн көркү, үйдүн куту Апа, чоң эне, тайне, кудагый, кудачалар, асыл жар, келин, келинчек, жубай, карындаштар, эжелер, жеңелер, балдыздар, аяштар, жумушта ажарлуу кесиптештер, кошуна-колоң шеринелештер бар🤗 Азыр мырзалар куттуктоолорду бир жылдык кылып жаадырып жаткан кездери. Андай сөздөр башка күндөрү дефицит болуп айтылбай деле калат. Андыктан майрамдык маанай бир күн менен чектелбей, күндө эле болушун каалайм!

Бул күнү мени да куттуктачу жолдошум Эрнистин түбөлүк уйкуга кеткенине 3 жыл бир ай 8 күн болду. Бирок, артында эстен кеткис алтын сөздөрү, чыгармачылыгы, котормолору, кол жазмалары калды. Окуп, кадимкидей күч-кубат алам. Алардын баарын «18 миң аалам. Эрнис АСЕК уулу» аттуу китепке киргизип жатам.

Китепканага барып, кайын агам Мелис Эшимканов негиздеп, эл эсине тамшандырып калтырып кеткен «Асаба» гезитин барактап, Эрнисимдин жазгандарын издеп отуруп төкмөчүлүк өнөрүн таап алдым. Болгондо да белгилүү журналист, акын Кубат Оторбаев экөө төгүптүр… Кубаттын ыр жазаары жаңылык деле эмес болчу, Эрнистен эбак эле уккам… Бирок бул төгүлүш башкача болуптур…

Анда, асылзаада айымдар, 1994-жылы 8-мартта «Асаба» гезитине Эстекенин ролунда Кубат Оторбаев, Замикенин атынан төккөн Эрнис Эшимкановдун (Асек уулу) азил-чыны аралаш айтышы алдыңыздарда..

АРХИВден…

Эстебес Турсуналиев:

Салам айтам жалпыга,

Майрамдаган калкыма!

Кыз-келиндер жадырап,

Кызыл гүлдөй жаркыра!

Аман болсун Акайып,

Ырдай берем какайып!

Аман болсун партия!.. Ой!

Аман болсун Мария,

Шаңкылдасын Салия,

Уйун саасын Калия,

Дан сапырсын Дарыя…

Замирбек Үсөнбаев:

Эстеке, эсти жыйыңыз,

Эси жок сөздү тыйыңыз.

Эски, жаңы заманды,

Эки бирдей тең мактап,

Эңшерилди сыйыңыз!

Эстебес Турсуналиев:

Кел эмесе, Замике,

Кеңешип бармак кесели.

Куттук айтып, кыздардын

Кадырына жетели.

Замирбек Үсөнбаев:

Кыздарды гана куттуктап,

Калганын кайда катасыз?

Эне-эжени унутуп,

Эсирип көөп жатасыз.

Эстебес Турсуналиев:

Кезинде сен да ырдадың,

Кыз-келин көрсөң жыргадың.

А бирок эстен түк кетпейт,

Кыз тосуп жүргөн жылдарың!..

Замирбек Үсөнбаев:

Кур сөз менен куттуктап,

Кадырга азыр жетпейбиз!

Кет дешсе да сахнадан,

Көшөрүп ыйлап кетпейбиз!

Эстебес Турсуналиев:

Анда эмесе, Замирбек,

Азыркынын кыздары…

Замирбек Үсөнбаев:

Азыркынын кыздары,

Шок жаралат турбайбы.

Бири ачка, а бири —

Ток жаралат турбайбы.

Арак ичип, шапар тээп,

От таралат турбайбы.

Күйөөсүнө чоң чыгып,

Ок жаралат турбайбы.

Ардактап турса кең мекен,

Ардактуу болуш эмне экен?

Заңкылдап турса кең мекен,

Замира болуш эмне экен?

Кадырлап турса кең мекен,

Календей болуш эмне экен?

Бапестеп турса кең мекен,

Баекова болуш эмне экен?

Чыркырап турса чындыгың,

Чынара болуш эмне экен, ээ…

Эстебес Турсуналиев:

Замирбек үкө, байкагын,

Жыртылып жүрөт байпагың.

Андан көрө эне-эже,

Абалын ырдап чайкагын.

Замирбек Үсөнбаев:

Бирге бирди кошпосо,

Жаман болот экен го.

Базарда соода кылбасаң,

Арам болот экен го.

Бирди экиге көбөйтсө,

Чырың толот экен го

Эне-эженин көптөрү,

Соода кылып жүрүшөт,

Түркия, Иран кыдырып,

Ода кылып жүрүшөт.

Эстебес Турсуналиев:

Замирбек, анда эмесе,

Кут болсун жаздын майрамы.

Эне-эжелер адамдын,

Эң бир таттуу каймагы!

Замирбек Үсөнбаев:

Анда эмесе туугандар,

Башына жоолук буугандар,

Сак-саламат болгула,

Бак-таалайга конгула!

«Асаба», 1994-жыл 8-март

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.