Айнур ЖОРОБЕКОВА: «Жалпы элден чын дилимден кечирим сурайм. Мен ɵз ɵлкɵмдγн патриотумун!»

Айнур ЖОРОБЕКОВА: «Жалпы элден чын дилимден кечирим сурайм. Мен ɵз ɵлкɵмдγн патриотумун!»

34 жылдан кийин жактырылган мыйзам

5 күн мурун  — 31-майда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш акыры үчүнчү окууда карап жактырып, эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Өлкө башчысы кол коюп, мыйзам долбоору күчүнө кирсе, армандуу МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИБИЗ эми МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР МИЛДЕТТҮҮ КОЛДОНГОН ТИЛИ болуп калат…
Албетте, ага каршы маанайды билдирип, ашыкча көбүртүп-жабырткандар тышта да, ичте да иттин кара капталынан… Арасында «тушуном, бирок суйлой албайм» деген «киргиздер» бир топ… Мындай «истерия» — долулук илгертен көнүмүш, геосаясий абал туруктуу кезде деле болуп келген, азыр андан бетер күчөшү турган иш… Борбор шаарыбыздагы райондор аттарын өзгөртүү тууралуу сөз болгондо эмне болушту эле, мисалы…
Неси болсо да, кыргыз тили — жумушчу тил болсун деген бул мыйзам долбоорунун демилгечиси — Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы. Жогорку Кеңеште үчүнчү угууда каралганда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева баяндама жасап,  мыйзам долбоору эксперттер, окумуштуулар, жарандар сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкканын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталганын  белгилеп өткөн…
Кудай буйруса, мыйзам мыйзамдуу ишке киргизилсе, МАМЛЕКЕТТИК КАНДАЙ ОРГАН, УЮМ, МЕКЕМЕ
болбосун,  БААРЫНДА ТЕҢ мамлекеттик тил колдонулуп, иш кагаздары, маалыматтар,  билдирүүлөр, мобилдик тиркемелер, кыскасы, бардык КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР, ТЕЙЛӨӨЛӨР ТОЛУК МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. Мыйзамдар адатта орус тилинде жазылып, анан кыргыз тилине которулуп келсе, эми бардык мыйзамдардын түп нускасы кыргыз тилинде гана болот.

Орус тилине тынчсыздануунун кажети барбы?..

Менимче, жок! Азыркы орус тилин, чындай келгенде, нагыз Пушкиндин тили деш кыйын. Бул эми башка сөз. Анткен менен,  улуттук маани-маңызга келгенде «истерия» жанданат да турат. Башта айткан Бишкек райондорунун аталышын өзгөртүү демилгеси Орусиянын Мамдумасы Светлана Журова деген депутатын «орус тилин жок кылууга болгон майда кадамдар… Владимир Владимировичке айткыла, кыргызстандык кесиптешине эскертүү берсин» дедиртип кандай ызылдатты эле?! Эми бул долбоор боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин соңку мезгилде аалам ММКсынын бетинен түшпөгөн расмий өкүлү Мария Захарова кыргыз тилин билбеген жарандарга кыйынчылык жаратышы ыктымалдыгын айтып: «Мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде биздин мекендештерибиздин укуктары боюнча абалга жагымсыз таасир тийгизиши мүмкүн экенине кыргыз кесиптештерибиздин көңүлүн бир нече жолу бурганбыз. Өнөктөштөр бул мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөйт деп ишендиришти. Ошондуктан союздаш катары Кыргызстандын жетекчилиги кыргыз тилин өнүктүрүү менен катар орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багытталган тең салмакта тил саясатын жүргүзөт деп ишенебиз”, — дептир…
Ошол орус тилдүүлөр зарыл үчүн башка жерде англис тилин, кытай тилин, япон тилин — башкасын үйрөнүп жатат (бул басымдуу өлкөлөрдө мыйзам чегинде талап кылынган шарт!), андан орус тилин унутуп деле калышкан жок, «как соловей» сайрап сүйлөп эле жатышат. Атүгүл эстүүлөрү кайсы жерде жашашса — ошол жердин тилин билүүсү, ал жерге, ал жердин элине болгон урмат-сый деп жатышат. Андыктан, 34 жылдан бери эне тилибизди өнүктүрө албай, ал үчүн улам мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын иштеп чыгууга мажбур болгон биз туталанып, ызалансак жарашат да! Орус тили эсил кайран СССР убагындай эле өктөм доорун сүрүп келатат… Конституциябызда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ. Мамлекеттик иш кагаздары, жыйналыш, маалымат жыйындары, пресс-релиздер  бардыгы басымдуу орус тилинде… Андыктан бул жерде маселе орус тилине же орус тилинде сүйлөгөндөргө болгон тынчсыздануу эмес, болгону геосаясий мейкиндикте үстөмдүк кылуу рычагдарын жоготпоо далалаты, ЭГО…

Жоробекова кечирим сурады

Мекенибизде дээрлик бардык жерде, өзгөчө билим берүүдө орус тили басымдуулук кылаарын жакында эле Россиянын “Валдай” эл аралык талкуу клубунун үчүнчү Борбор Азия конференциясына Кыргызстандан өкүл болуп барып катышкан Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясынын Эл аралык мамилелер жана укук бөлүмүнүн башчысы Айнур Жоробекова: «…Медиа боюнча кошумчаласам, Борбор Азияда биз Конституциясында орус тили расмий тили деп жазылган сейрек көрүнүшпүз. Кыргызстан аймагынын 90 пайызын Sputnik берүүсү камтыйт. Мектептерде окутуу орус тилинде жана улуттук тилде бирдей укукта жүргүзүлөт. «Улуттук крокодилдерибиздин» жактырбаганына карабай жогорку окуу жайларда орус тилинде окутуу артыкчылык кылат…» деп тастыктап да келди. Анын ага чейин эмне айтканын ким билет, анткен менен ушул кыска сөзүндөгү «улуттук крокодилдерибиз» аныктамасы кыйла соболду жаратты. 1-июнда парламент жыйынында да каралып, «кызматтан алалы», «кечирим сурады, анчалыкка барбайлы» деген талаш да болду.
Депутат Миргүл Темирбаева: «Профессорду кызматтан алгыла деп жатабыз. Жаңылбаган адам болбойт да. Ушул жердеги кесиптештеримдин бир тобу дипломатиялык академияны бүтүргөндөр, Айнур Жоробековада окугандар. Биз анын студенттери болгонбуз, анын кандай мекенчил экенин, өлкө үчүн канчалык кабатыр экенин билебиз. Андыктан, кызматтан алуу маселесин көтөрүүнүн кереги жок деген ойдомун» деди эле, «таламын талашып адвокат болбогула» деген
ЖК депутаты Камила Талиева парламентте Айнур Жоробекованын айтканын сөзмө-сөз окуп берип,
«Анын сөзү боюнча, «улуттук крокодилдер» өз эне тилин сактап калгысы келген эл. «Улуттук крокодилдерди» Нарын дарыясынан эмес, эл арасынан издеш керек!… Ал кыргыздарды шылдыңдап жатат. Элимди шылдың кылганга эч кимге жол бербейм. Мейли вундеркинд болсун, элди шылдың кылганга эч кимдин акысы жок. Биз анын ээлеген кызматынан кетишин талап кылабыз! Бүгүн унчукпай койсок, эртең дагы башкасы чыгат. Эл жана тил азыр коргоого муктаж!» — деген катуу талапты койду.
Өз кезегинде спикер Нурланбек Шакиев Дипломатиялык академиянын окутуучусунун айткандары боюнча Тышкы иштер министрлигине кайрылганын айтып: «Бул элди кемсинтүү! Мындай жоруктарга кечирим жок, бул үчүн жооп бериши керек!» — деген ɵз позиция, сынын билдирген…

Аягы кандай болду? ТИМ Дипломатиялык академиясында Айнур Жоробекованын сɵзγн талдаган эмгек жамаатынын жыйыны ɵтγп, Айнур Эшимбековнага ɵздγк делосуна жазылган дисциплинардык чара каралып, сөгүш жарыяланган. Ал эми Айнур Жоробекованын тγшγндγрмɵсγ боюнча, «Валдай» талкуусу маалында Борбор Азия ɵлкɵлɵрγндɵгγ орус тилинин абалы жана орус диаспорасына болгон кысым тууралуу суроо коюлгандыктан, ар бир ɵкγлгɵ ɵз ɵлкɵсγндɵгγ абал тууралуу айтуу мγмкγнчγлγгγ берилген. Айнур Жоробекова коңшу ɵлкɵлɵргɵ караганда Кыргызстанда орус тилинин абалы абдан жакшы экенин айткан. Болгон жаңылыштыгы, эксперттер кɵп колдонгон, бирок элге тааныш эмес «УЛУТТУК КРОКОДИЛДЕР» деген терминди колдонгону болгон. Айтымында, кайсы ɵлкɵдɵ болбосун, улуттар аралык чыр-чатактарды козутуп турган адамдарды эксперттер ушундай аташат. «Ушул сɵз тγрмɵгγ коомчулукта терс маанайды жаратканы γчγн кечирим сурайм» деген профессор бул айтканы боюнча бир катар журналист, блогерлерге  тγшγндγрмɵ бергенин айтып, «Кимдир бирɵɵнγ кемсинтγγ, андан да кыргыз тилин шылдың кылуу ниетим жок болчу. Жалпы коомчулуктан чын дилден кечирим сурайм. Мен ɵз ɵлкɵмдγн патриотумун, эл аралык аянтчаларда дайыма Кыргызстандын, кыргыз элинин жана кыргыз тилинин гана кызыкчылыктарын коргойм» деди…

Айнур Жоробекованын түшүндүрмөсүнөн кийин «УЛУТТУК КРОКОДИЛДЕР»мамлекеттик тилибиз жөнүндө конституциялык мыйзамга каршылар деп кабылдагым келип калды! Ошондуктан мыйзам эртерээк күчүнө кирип, «ким аткарат, кандай аткарат, ким көзөмөлдөйт» деп кайра-кайра мыйзам жаза бербей, ушул мыйзам гана иштеп, зарыл болсо, улут, тил кызыкчылыгын көздөгөн толуктоолор, түзөтүүлөр киргизилип, мындан ары эне тилибизди тебелеп-тепсөөгө, кемсинткенге жол берилбейт дегим келет!

Мамлекеттик тил мыйзам жагынан биз артта калганбыз…

Эне тилибиз кыргыз тили көз карандысыз, өз алдынча мамлекеттик тил расмий макамын алганына 34 жыл болот. Бирок бул тилибиз, улуттук баалуулугубуз эне сүтү менен бүтүп, сүйлөнүп сакталып келатканына кылымдар ашты. Ошол бийиктиктен мамиле кылбай, ар бир жаран мыйзамды сыйлап, мамлекеттик тилди билүүгө тийиш деген чечкин аракеттерди жасай албай келебиз!

Мамлекеттик тил боюнча азыр къчън жоготкон алгачкы мыйзамыбызды ушул коңшу мамлекет Казакстандан озунуп кабыл алып, 1989-жылдын 23-сентябрында улуттук тилибизге мамлекеттик тил макамын ыйгарганбыз, иш жүзүндө бауырлардан артта калдык. Бул ачуу чындык, факт! Менимче, бул казактардын тил маселесинде мамлекеттик саясатты башынан туура баштаганынан болгон. Мурунку ажосу Нурсултан Назарбаевдин көчөлөргө “Казак казак менен казакча сүйлөшөт” дегенди бакырайта жаздырып илдирип койгону канча аңыз болуп айтылып жүрөт. Бул бир улуттун башка улуттан артыкчылыгын көтөрүү эмес, муундарда ажырым болбогудай улуттук аң-сезимди көтөрүү, сөздүн жакшы маанисинде улутчул болууга, улутун сүйүүгө, улуттук баалуулуктардын түбөлүгүн сактоого болгон умтулуу деп ойлойм.

Эне тилибиздин өнүкпөй келатканына чынында намыстанам. Бизде көрнөк-жарнагы, аталышы, башкасы болобу — орус тилине ылайыкташкан, ал эле эмес англис тилинде жазылганы басымдуу болуп баратат. Кыргызчасын эптеп, көрүнбөгөн жерине кыпчып, анда да ката менен жазып коюшат… Айрым мамлекеттик мекемелердин сайттарында кыргызча деген тил тандоосу турат, кыргызча маалыматы аз, жаңыланбайт дагы. Кечирип койгула, казак баурлар латиницага өтөбүз деп, айрым сайттары маалыматтарын Qaz, QZ деп латын арибинде жайгаштырып жатышат…

Айтарым, 56 жылдан бери агартуучулук багытта үзүрлүү эмгектенип келаткан Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков агайыбыз айткандай, эне тилин үйрөнүү бала бакчадан, ата-эненин бала менен үйдөгү кыргыз тилинде баарлашуусунан башталат… Тагырагы, улутубуздун нагыз келечеги – назик балапан дүйнө балдардан башталат. «Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн» деп Байдылда атабыз айткан сөздү балдарыбыздын, өзүбүздүн жан дүйнөбүзгө, аң-сезимибизге сиңире алсак, ошондо улуттук тилибиз “муктаждык, зарылдык жаралса гана” үйрөнө турган эмес, “Кыргыз тилин билбесең иштей албайсың, жарандык алыш оңой эмес!” деген заманга жараша талабы бар КЕРЕМЕТ, КУБАТТУУ ТИЛГЕ АЙЛАНАТ!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.