Дастан мырзанын бала кездеги кылык-жоругун айттырып, “Баягы Асаба” гезитибиздин (2013-жыл, 3-октябрь) алгачкы санына чыгарыппыз. Ал кезде “Ата Журт” фракциясынын депутаты болсо, бүгүн “Кыргызстан” фракциясынын депутаты. Белгилүү ортопед Сабыр Жумабековдун бир тууган иниси. Агасынан кийин эле саясатка баш баккан Дастан мырзаны кепке тартып, жай турмушун сурап, айылдын атаманы болгонун, Митхун Чакробортини туурап мушташканын, кыздарга кат жазганын, келечекте милиция болгусу келгени менен эмне болуп саясатка аралашып калганын чогуу тыңдайлы, окурман!
– Дастан Артисбекович, атаңыздын ысмы эмнеге «Артисбек» деп коюлган жана атына жараша артист болдубу?
– Биздин айылга айтылуу төкмө акын Алымкул Үсөнбаев концерт коюп барган күнү чоң энем көз жарыптыр. Чоң атама сүйүнчү барганда «атын Артисбек деп койгула» деген экен. Атына жараша артист же ырчы болгон жок. Бирок, элдик киши болду. Айылга эмгеги чоң, аны айыл жакшы билет. Өмүрү өткөнчө акыйкаттык, чындык, тазалык менен күрөшүп өттү. 11 баласын жакшы тарбиялады. Сабыр байкебизди билесиңер, миң ооруга даба тапкан дарыгер адам. Дарыгерлиги коңшу мамлекеттерге да угулуп, Казакстан чакырганда «кыргыз элиме кызмат кылам» деп барбай койгон. Ушундай мекенчил байкем менен сыймыктанам.
– Депутат болууну дагы кеңештиңиз беле? Байкеңиз «Ак жол» партиясынын тизмеси менен парламентке келип, көп өтпөй мандатын таштап, саясаттан баш тартып кетпеди беле, «Саясатка аралашпа!» деген жок беле?
– Өз кесибим юрист, бирок, кесибим менен иштеген жокмун. Турмуштун агымы менен кошо агып, ишкерликти аркалап кеттим. Эмгегимди эл баалап, депутат кылып шайлашты.
– Партиялык тизме менен келдиңиз да. «Тизменин алдына жылуу үчүн талапкерлер партиянын лидерине олчойгон акча берип, парламентке келишкен» деген имиштер бар?
– Мен өзүм үчүн эле жооп берейинчи. Мисалы, мен акча берип депутат болгон жокмун.
– Партияңардын аталышы жакшы. Ата Журтуңузду партияңызды жакшы көргөндөй көрөсүзбү?
– Айтылуу акын Алыкул Осмоновдун ырларын бала кезден эле жактырчумун жана жатка билчүмүн. «Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт» дегендей, Ата Журт үчүн күйөсүң. Ал ооруса, кошо ооруйсуң да.
– Калп айткан күндөр болсо керек?
– Болгон. Калп айтам, бирок жакшы жагына. Мисалы, урушкан эки досту же жубайды жараштыруу үчүн калп айтууга туура келет да. Калптын да жакшы жактары болот.
– Пара берип же алып көрдүңүз беле?
– Мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин, андыктан пара эмне экенин билбейм. Кудай алгандан алыс кылсын. Ата-энебиз андай адатка үйрөткөн эмес. «Ак иштегиле. Эл уулу болгула, айланайындар» деп алигүнчө апам айланып, кагылып отурат. Апанын сөзүн жерге таштабаш керек!
– «Таластыктар мактаанчаак, өпкө, анан таарынчаак келишет» деп айтылып келет го эл арасында. Андай сапаттардан алыссызбы же барбы?
– (Күлүп) Ырас, Талас элинин жигиттерин «өпкө» деп айтышат. Мен муну мындай деп чечмелээр элем. Таластын жигиттери ичинде кыпындай да кири жок, таза, бетке чабар адамдар. Шар жүрүп, шарт чечишет маселени. Колу ачык, мейманчыл келишет. Мен бул сөзгө чычалабайм да, терикпейм. Себеби менде андай сапаттар жок.
– «Таластыктарда экинчи атаман жок, баары биринчи атаман» деп Зарылбек Рысалиевдин айтканы бар. Ошондойсузбу?
– «Атаман» деген сөз бекер чыкпаса керек. «Атаман» десе эле, бир окуучуну баса калып сабап салуу эмес. Жакшы жагынан атаман болуш керек го. Мисалы, мен жакшы окуган жагынан алдыга ат салдырган эмесмин. Мугалимдердин зарыл иши чыгып же директор чакырып калганда, «ордума класстын атаманы Дастан отурсун» деп ордуларына отургузуп кетишчү. Мен кадимкидей эле мугалимдей сабак өтчүмүн классташтарыма. Классташтарым дагы тил алчу мага.
– Ошол убакта кайсы кесипти кыялданчу элеңиз?
– Милиция болсом дечүмүн.
– Сизден милиция чыкмак эмес. Өтө эле жоошсуз го?
– «Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр» дегендей, ар бир жигитте кыял бар. Ишке байланыштуу ачууланган учур болуп калат, бирок өтө эле өзүмдөн чыгып кетпейм, карманам. Ачуум бат келип, бат тарайт.
– Айылда өскөн балдар үйдүн сыртында да, ичинде да тың эмеспи. Сиз камыр жууруп, нан кылып, уй саап көрдүңүз беле?
– Айылдагы кара жумуштун баарын эле кылчумун. Кетмен көтөрүп талаада, тамекиде иштегем. Чөп чаптым, чөмөлөй салдым. Мал бактым. Кара жумуштан баарын кылчубуз. Аялдардын жумушун кылуу уят эмес. Камыр жууруган жокмун, бирок нан жаап, уй саадым. Кир жуудум. Мунун баары алтындай болгон апама жардам эле да.
– Кой союп, жиликтей аласызбы?
– Ооба, кой сое да, жиликтей да алам. Айылдын балдары билбесек уят го.
— Таластыктарды «ырчы» дешет. Ырдайсызбы?
– Ырдаганга шыгым жок, ырдай албайм. Поэзия окуганды жакшы көрөм. Спорт менен машыкчумун, дагы эле машыгам.
– Кино көрөсүзбү? Эгер көрсөңүз, кайсы жанрдагы кинону көрөсүз?
– Киного бала кезден эле кызыгам. Айылга Индия киносу көп барды, бардыгын калтырбай көрдүм. Өзгөчө «Танцор дискону» көп көрдүк, классташтар.
– Индиянын сүйүүсүнө кызыктыңызбы же?
– Жок. Алардын сүйүүсүнө деле чоң маани бербепмин. Башкы каарманды аткарган Митхун Чакробортинин мушташкан жери жакчу. Колун шакылдатып баарын жеңип коет го. Ушундай мушташсам деп кыялданчумун. Ошого ишенип көрчүбүз. Мисалы, азыркы жаштар андай мушташка ишенбейт. Эсимде, «Кожожаш» аттуу тасмага апам мени жетелеп барып көргөн. Аягында Кожожаш баласын атып алат го, ошондо залдагылардын баары ыйлап көргөн. Апам ошол жерин айтса, мен Кожожаштын тоодон тоого секирген жерин айтам. Анда мен он жашта болсом керек.
– Индиянын сүйүүсүндөй сүйүүгө чалдыксаңыз керек?
– Чо-оң сүйүүгө чалдыккан жокмун. (Күлүп) «Тоок сүйүүлөр» болду. Чыныгы, алгачкы сүйүүм келинчегиме эле арналды.
– Ала качып алдыңыз беле же сүйлөшүппү?
– Сүйлөшүп эле алдым. Келинчегим да таластык. Ак сүйүүдөн жаралган бир уул, эки кызыбыз бар.
– Ала качууга катыштыңыз беле?
– Катышкам, анда 2000-жыл эле. Досум жактырган кызын «кечинде ала качабыз» деп калды. Күүгүм киргенде кызды ала качып келип көшөгөгө отургуздук. Отурбай коебу деп чочуладык эле, отуруп калды. Азыр ал кыз үч баланын энеси. Жолдошу менен бактылуу жашап жатат.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА