Белгилүү адвокат Акин Токталиев учурунда Аскар Акаевдин укугун коргоп дүң болгон. Андан кийин Урмат Барктабасов, Кубан Кадыров, Бектур Асанов, Садыр Жапаров, Мелис Мырзакматов, Турсунбек Акун жана башка дагы көптөгөн саясатчылардын укугун коргоп келди. Учурда Өзбек ажы, Чубак ажы жана башка ажылардын адвокаты. Маекти ары жооптуу, ары кооптуу кесибинен баштадык.
— Акин мырза, адвокат өз кесибиңизби, же башка кесиптин ээсисизби?
— Негизи өзүмдүн кесибим – инженер, экономист. Эмне деген гана кесипте эмгектенген жокмун. Мастер, прораб, директордун орун басары, курулуштарда куруучу, Минфинде ревизор, салык инспекциясында ревизор болуп иштегем. Анан аягында коммерсант болдум. Бирок, коммерсант болуу мага жаккан жок, банкрот болдум.
— Эмне саттыңыз эле? Бишкекте эле болдуңузбу же Кытайга барып товар алып келчү белеңиз? Кайсы жылдар эле?
— 1994-1996-жылдар болчу. Майда-чүйдө (колбаса, балдардын азык-түлүгүн) товарларды Бишкектин ичинде эле сатчумун. Ал жылдары элдин баары Кытайга каттаса, мен Казакстанга каттадым. Коңшу мамлекеттен телефон, кабель, «полевка», аскердик бушлат, офицер менен солдаттын шубасын, өтүк, чокоюн алып келип, Соң-Көлдөгү чабандарга койго алмаштырып, андан алган койлорду элге сатчумун. Андан кийин, 1997-жылдан 2000-жылга чейин брошюра-китепче чыгарып, аны сата баштадым. Юридикалык илимдин доктору Курмановдун, профессор Смановдун, Конституциялык соттун судьясы Тогойбаев жана башка мугалимдердин юридикалык китептерин чыгарганга жардам берип, ошолордун китебинин гонорарына жашадым. Ал кезде юридикалык китеп өтө тартыш болчу. (Күлүп) Кыскасы, юридикалык мугалимдерди китеп саттырып, коммерсант кылгам. Тагырагы, көп мугалимдерге өз алдынча китеп жазганды, сатканды үйрөттүм.
— Ал мугалимдер китебин студенттерине эле сатчу да, туурабы?
— Ооба, ошол үчүн Кубаев деген ректордон тил уккам. “Мугалимдерди бузуп койдуң. Ар ким өз алдынча, билгени да, билбегени да китеп жазып, аны студенттерге мажбурлоо жолу менен сатып жатышыптыр. “Албасаңар, зачет да, экзаменде баа да койбойбуз!”,- деп коркутушуптур” деп мени аябай урушкан. Ошондон кийин, ал ишти токтотуп салгам. Ал эми мугалимдер токтотпой, китепти бизнеске айлантып ийишкен.
— Анан? Адвокаттык кесипке ошондон кийин өттүңүз беле?
— 2002-жылдан баштап укук- коргоочу, адвокат болуп кеттим. Ушул күнгө чейин тандап алган кесип менен иштеп жүрөм. Бул кесипти баштаганда да мамлекеттик мекемелер менен соттоштум. 2003-2004-жылдар болчу. Бишкектеги № 33 мектеп кыргыздын үрп-адат, каада-салтын жана маданиятын талкалаш үчүн секстин түрлөрүн окуу программасына киргизип жиберишкен. Американын 19,5 млн. долларын грант катары алып, “Жашоонун сергек мүнөзү» аталышта 185 миң нуска китеп чыгарышкан. Андан тышкары, 12 млн. презерватив алып келишип, 7-11-класстын окуучуларына жана жогорку окуу жайларына бекер таратып беришкен. Буга биз каршы туруп, пикет, митингге чыкканбыз. Бул маселе менен эки жыл кармашып, ушул боюнча арызданып, документтерди Жогорку Кеңешке чейин алып баргам. Ар бир үйгө сексуалдык вирус кирип кеткенди, антивирус болуп тазалап чыккам.
— Бул кесип жакшы бекен, өкүнүп калган жоксузбу?
— Өкүнгөнүм жок, себеби, анча-мынча болсо да элге атым чыгып, пайдам тийди го деп ойлойм. Мен тескерисинче, адвокаттык жана укук коргоочулук кесипти тээ жаш кезде эле баштасам болмок экен деп өкүнүп калгам. Бул кесипти аябай эле кеч баштап калыптырмын.
— Сиздин атыңызды Аскар Акаев чыгарды окшойт. Анын укугун коргоп чыгып, дүң болдуңуз эле?
— Ооба, коомчулукту таңгалдырып алгачкы президенттин биринчи саясий адвокаты болгом. Аскар Акаев качып кеткенде, адвокаттар элдин каарынан “а” деп ооз ачкандан, бир нерсе айткандан коркуп турган учуру болчу. А мен болсо, коркпой-үркпөй туруп, Акаевди коргодум.
— Эмне себептен Акаевдин укугун коргодуңуз, максатыңыз эмне эле?
— Мен агезде Аскар Акаевдин таламын талашкан жокмун, же кызыкчылыгын коргогонум жок, же саясий көз карашын бөлүшкөнүм жок. Бир гана көздөгөн максатым — адам укугун сактоо болчу. Эгер күнөөсү болсо, анда мыйзам чегинде жооп берсин. Аскар Акаевдин тегерегиндеги табакташтары чогуу ичип-жеп алганын баарын ага жүктөп койбосун, ким аны менен чогуу мыйзам бузууга жол берсе, алар дагы Акаев менен чогуу жоопко тартылсын деген ниетте гана коргоп чыкканмын. “Эгерде Акаев кимдин укугун тебелесе, анда мага кайрылгыла, мен анын өкүлү болуп турганда мыйзамдуу жол менен жардам берейин”,- деген чакырык таштагам. Тилекке каршы, эч ким кайрылган эмес.
— Андан кийин Урмат Барктабасовдун укугун коргодуңузбу?
— Ооба. Урмат Барктабасов, Кубан Кадыров, Бектур Асанов, экс-губернатор Мирбек Асанакунов, Садыр Жапаров, Мелис Мырзакматов, Турсунбек Акун жана башка дагы көптөгөн саясатчылардын укугун коргодум.
— Акыркы күндөрү саясатчыларды коргогонду токтотуп, мусулмандардын укугун коргонго өтүп кеттиңиз окшойт?
— Диний аалымдардын адвокатымын: Өзбек ажы, Чубак ажы, Куран китеп которгон Дүйшөн менен Шамсудин ажы жана башкалар. Ушул кезде мусулмандардын укугун коргоп келе жатам. “Экстремизм” деген берене менен мыйзамсыз соттоп жатасыңар. 1700 момун мусулмандарды реабилитация жасагыла, түрмөдөн чыгаргыла!”,- деп бир нече жолу Конституциялык сотко, Баш прокурорго, Президентке, Жогорку Кеңешке кайрылганмын. Бул факты боюнча үч жылдан бери бийлик менен кармашып келе жатам. Президенттин, Өкмөттүн катасын көрсөтүп, Башпрокурор, ИИМ, УКМКнын, мыйзамсыз жүргүзгөн тергөөлөрүн, адилетсиз соттоп жаткан сотторду далилдеп жатсам да, ушул күнгө чейин ЖК депутаттары такыр көңүл бурган жок. Анан Эл аралык сотко кайрылайын деп жатам. Бул жөнүндө китеп чыгарганга аракет жасайын деп да ойлоп турам.
— Сиз жогоруда атап өткөн таасирлүү кызматтын башчылары жана соттор өзгөчө Атамбаевдин учурунда элге эмес, бийликке гана иштеп калышпадыбы. Буга кандай дейсиз?
— Бул ачуу чындык. Акаевдин доорунда, 10 соттун ичинен 2-3 киши саясий заказ аткарып, пара алып, мыйзамсыз иш жасашчу. Бакиев бийлигинде, ушундай эле мыйзам бузуулар менен 10 соттун ичинен 6-7 сот ага көз каранды болчу. Ал эми Атамбаевдин учурунда, 90-95% соттор, Жогорку сотко чейин мыйзамды одоно тебелеп-тепсеп, пара алып калышты. Кыскасы, сот системасы түп-тамырынан бери талкаланды. Ошондуктан 1700төн ашык момун, бечера мусулмандар “экстремист” деген берене менен мыйзамсыз соттолуп отурушат да. Жүз, миңден ашык үй-бүлө чыркырап, Өкмөттү каргап жатат.
— Кайсы сот эмнеси менен эсиңизде калды?
— Көп эле соттор эсимде калды. Мисалы, Бишкек шаардын сотунун төрагасы Марс Жакупов менен анын орун басары Мадина Давлетбаеваны “мыйзамды бузуп жатышат” деп сотко бергенмин. Алар менен 1-1,5 жыл кармаштым. Алар менин адвокаттык лицензиямды алабыз деп Минюстка кайрылышып, ал жерде териштирүү болгон. “Менин арызымды соттор карабай жатат” деп башкы прокурорго, президентке, парламентке кат менен кайрылганмын. Акырында андагы президент К.Бакиевден жооп келди. Менин катымдын негизинде Марс Жакупов соттон алынып, Мадина Давлетбаева сот системасынан кеткен. Кыскасы, Бакиев кезинде, бир жылда 2-3 сотторду сотко берчүмүн. Ал эми Атамбаев учурунда кимисин сотко берээримди да билбей калдым. Анткени сот системасына 85-90% сабатсыз соттор келип, алар билгендерин жасап, коррупцияны катуу гүлдөтүштү да. Соттор, Сот Кеңеши тендер-аукциондон өтүп келишип, албетте, акчалуулар өтүп, акчасы жок, тажрыйбалуулар сот системасынын сыртында калышты. Ошондуктан бардык жерде адам укугу сакталбай, саясий заказдар гана аткарылып келди жана келүүдө.
— Саясий заказдын курмандыгы Текебаев менен Чотонов болбодубу. “Элита сынды, сот системасы сынды”,- деп Текебаев былтыр эле парламенттин трибунасында какшап айтпады беле?
— Мен адам укугун коргогондон чарчаган жокмун, ушулардын туура эмес иш жүргүзгөнүнөн чарчадым. Сот, тергөөчү, прокурорлор каратып туруп адамдын конституциялык укугун тебелеп-тепсеп, одоно мыйзам бузуп жатышат. Мыйзам иштебей калганынан, мыйзамдан чыгып кетип, туура эмес иш жүргүзгөн тергөөчү, прокурор, соттордун иш алып баруусунан чарчадым. Ошонун кесепетин көптөгөн саясатчылар: Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Өмүрбек Текебаев, Данияр Нарынбаев, Садыр Жапаров көрүп жатат. Эми Алмазбек Атамбаевге кезек келди. Ал дагы жоопко тартылат! Өзү түзгөн системанын курмандыгына чалынат.
— Сизге азыр саясатчылар эмес, көбүнчө дин тутунган адамдар кайрылса керек?
— Мага өтө көп кишилер кайрылышат. Көбүнө жетишпей, жардам бере албай жатам. Адвокаттардын арасында “экстремизм” берене менен иштеген 5-6 шакирттерим гана бар. Ал эми миңдеген адвокаттар “экстремизм” деген беренени укканда эле аны жактагандан качышат. “Экстремизм” менен соттолуп жаткан адамды кандай жол менен коргоду?” деген аталышта мен инструкция жазганмын. Бирок, ага көп адвокаттар “бизде мыйзам иштебейт!” деп көңүл бурушпайт. 35-40 адвокатты “экстремизм” беренеси менен иштегенди үйрөтүп алсам, анда эле мыйзамсыз соттолуп кеткен 1700төн ашык момун мусулмандарды түрмөдөн чыгарып алмакмын. Азыр бул берене менен иштеген жалгыз гана адвокат менмин, ошондон улам, бийликке үнүм жетпей жатат. Кыргызстанда эктремист да, террорист да жок. Бул боюнча менде толук далил бар.
— Бул кесиптин жоопкерчилиги чоң да, адамды актап чыгуу оңой эмес. Коркутуу, үркүтүү болду беле?
— Ооба, туура айтасыз, жоопкерчилиги өтө чоң жана коркунучтуу. Эгер корксоң, анда адвокат, укук коргоочу болбой эле далдалчы болуп каласың. Мен эч кимден коркпойм, корксом бул кесипти таштап кетмекмин да. Анын үстүнө менин дарегим баарына белгилүү, эч кимден эч жакка качпайм. Ушул күнгө чейин: “адамдын укугун, эркиндигин тебелеп тепсеп, Конституциялык мыйзамды одоно бузуп жатасыңар”,- деп бийлик менен кармашып келе жатам. Акыйкат айтканым үчүн менин үстүмдөн жашыруун кат жазышкан: “ИГЛден акча алып, террористтик жана экстремисттик топту коргойт, анын демилгечиси, уюштуруучусу”,- деп. Провокациясы ачылып калып, мага кылмыш иш козгой албай калышкан, бул далилдүү факт.
— Сизге үй салып жаткан компаниялардан кайрылган кардарлар болгон жок беле? Капысынан “Иска строй” компаниясынан жабыр тарткандар кайрылдыбы?
— Мага «Иска строй» компаниясынын жабыр тарткан бир келин келген. Анын көйгөйүн сотко жеткирбей чечип бергенбиз. Андай кийин дагы бирөө кайсы бир компаниядан келген, мүлк талашып, “жетекчимди соттотом, алдап кетти” деп. Ага юридикалык кеңеш бергенмин, ошону менен кеткен. Ошо бойдон кайра кайрылып келген жок, тил табышып, иши оңго чечилсе керек деп ойлоп койдум.
— Кийинки күнү, дегеле сөзүңүздөн улам, динге аябай берилип кеткендейсиз? – “Динге берилейин, аалым болоюн, элге шарият жолун айтып берейин, намазды жана Куранды туура окуюн” деген ниетим бар. Бирок, динди толук, терең түшүнө албагандыктан бул ойлорум ишке ашкан жок. Анын үстүнө жашым да өтүп кетип, араб тилин окууга да кудуретим жетпеди. Арабча билбегенден кийин, динди элге туура, так жеткизе албайм да, колуман да келбейт. Өзүм чала билгендиктен элди жолдон адаштырып коюшум мүмкүн. Ар ким өз билимин тартуулап, үйрөтүш керек деп ойлойм. Кесибиме жараша мусулмандарды кантип коргоону үйрөтүп жатам. Жогоруда айттым го, 5-6 шакиртим бар деп.
— Эмне себептен намазга жыгылып калдыңыз эле, себеби болсо керек?
— Менин ата-бабаларым маймылдан жаралган эмес, аларды да, бизди да Кудай жараткан. Ошондуктан, Алла Таалага сыйынып, беш маал намаз окуп жүрөм.
— Үй-бүлө башчысы жыгылганда, аялы, балдары дагы намазга жыгылчу эле. Бул көрүнүш сиздердин үйдө кандай?
— Аялымды, балдарымды намазга жыгылууга үгүттөп жатам, бирок, көнбөй жатышат. Себеби, үй-бүлөбүз атеисттик идеологияда тарбияланып калгандыктан, намазды кабыл алуусу кыйын болууда. Бирок, бул азырынча, убактылуу деп ойлойм. Алар деле акырындык менен динге келишет го деп ойлойм. Анткени, мен деле Жаратканыма кеч кайрылып калдым.
— Аларга капачылык жок да?
— Жок. Алар мага, кесибиме жардам беришет. “Атабыз элдин укугун коргойм деп жүрүп ден соолугун жоготуп койбосун, өз убагында тамак-ашын берип туралы” деп менин ден соолугума жакшы кам көрүшөт.
— Канча баланын атасы, канча неберенин чоң атасы болдуңуз?
— Беш балам бар, үч уул, эки кыз. Он неберем бар. Уул-кыздарымдын баары өз оокаттарына тың, менден жардам сурашпайт.
— Учурда эмне иш менен алек болуудасыз?
— Учурда Боом капчыгайдын ичинде, Кыз-Күйөө айылында ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө арнап, атайы мечит (дааваткана, дааратканасы менен) салып жатам. Аны августта эле баштагам. “Атабыз жакшы иш жасап жатат” деп ошого үй-бүлөм чоң жардам көрсөтүп жатат.
Маектешкен Нази БАЯН кызы