«Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаев Өмүрбек Чиркешович ден соолугуна байланыштуу улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова «Азаттыкка» билдирген.
Сабатарова: “Кардиологиялык борбордо дарыгерлер Текебаевдин ден соолугун текшерип көргөн соң бир чечимге келишет. Текебаев дарылоону борбордо улантышы ыктымал. Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы канааттандырарлык. Ал буга чейин да дарыланып келген”,-деген.
Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаевдин жүрөгүн текшертүү үчүн ооруканага убактылуу которууну үй-бүлөсү өтүнүп келген, бирок, андан майнап чыккан эмес. Жакында эле белгилүү саясатчылар Текебаевдин ден соолугуна тынчсызданып, президентке, премьерге кайрылуу жолдошкон.
Эрзат МЫРЗА