Искен АФИДЖАНОВ: “Текебаевдин ден соолугун жакшылап текшерүүнү талап кылабыз” 

Искен АФИДЖАНОВ: “Текебаевдин ден соолугун жакшылап текшерүүнү талап кылабыз” 

“Өмүрбек Текебаев кардиологияга которулду” деп элди сүйүндүрүп, кайра абакка алып кетип күйүндүрүштү. Улуттук кардиология борборунун дарыгерлери Текебаевдин «жүрөгү жана жалпы эле саламаттыгы үчүн кооптонууга негиз жок» деп, абакка кайтаруу чечим чыгарышыптыр. Бул маалыматты Текебаевдин адвокаты Искен Афиджанов “Азаттыкка” тастыктаган. Анын айтымында, дарыгерлердин Текебаевдин саламаттыгын текшерүүсүнө депутаттар да, адвокаттар да киргизилбептир. “Текебаевдин ден соолугун текшерүүгө аз убакыт берилди. Дээрлик бир сааттык убакытта врачтар анын анализдерин текшеришти. Бул бүгүнкү текшерүүнүн аныктыгынан шектенүүгө негиз берет. Ошол эле учурда текшерүү жүрүп жатканда жана дарыгерлердин кеңешүү мезгилинде УКМКнын жарандык кийимчен кызматкери кирип, аралашып жүрдү” деген Афиджанов “бүгүнкү жүргүзүлгөн медициналык кароо үстүртөн өткөрүлдү» деп баса белгилеп, Текебаевдин ден соолугун жакшылап текшерүүнү талап кылышарын кошумчалаган.

Бул эмне деген шумдук эми, тез эле саламаттыкты текшерип, бүтүм чыгарган?! Жакшылап текшерүүнү да, абактан чыгарууну да талап кылуу керек! Текебаевге боштондук!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.