Сууга боюн таштаган 80 жаштагы энени куткарып калышты…

Сууга боюн таштаган 80 жаштагы энени куткарып калышты…

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргенине караганда, бүгүн Нарын суусуна боюн таштап, өз өмүрүн кыйууга аракет кылган энени милиция кызматкери менен шаардык тургун куткарып калышкан.
Окуя мындай болгон. Бүгүн эртең мененки 9:25 чамасында Нарын РИИБдин айдоочу, милициянын ага сержанты Жаныбек Асанбеков “102” кызматына чалып, Нарын шаарынын Боогачы көчөсүндө жайгашкан автобазанын тушундагы Нарын суусунда болжол менен 75-80 жаштагы карыяны сууда агып бара жаткан жеринен куткарып калышкандыгын билдирген. Окуя болгон жерге Нарын ШИИБдин кызматкерлери барган учурда, 1940-жылы туулган Нарын шаарынын К.И. аттуу тургуну белгисиз себептерден улам өзүн-өзү өлтүрүү максатында Нарын суусуна түшүп кеткендиги маалым болгон.
Ал эми К.И. аттуу эне милиция кызматкерлерине үйүнөн чыгып, Нарын суусунун жээгине барганын, андан соң өзүн жаман сезип, өзүн-өзү өлтүрүү максатында сууга түшкөнүн билдирген. Анын мындай аракетине эч ким күнөөлүү эместигин кошумчалаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.