Өмүрбек Текебаев кардиологияга которулду, сакайып кетсин!

Өмүрбек Текебаев кардиологияга которулду, сакайып кетсин!

«Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаев Өмүрбек Чиркешович ден соолугуна байланыштуу улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду.  Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова «Азаттыкка» билдирген.

Сабатарова: “Кардиологиялык борбордо дарыгерлер Текебаевдин ден соолугун текшерип көргөн соң бир чечимге келишет. Текебаев дарылоону борбордо улантышы ыктымал. Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы канааттандырарлык. Ал буга чейин да дарыланып келген”,-деген.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаевдин жүрөгүн текшертүү үчүн ооруканага убактылуу которууну үй-бүлөсү өтүнүп келген, бирок, андан майнап чыккан эмес. Жакында эле белгилүү саясатчылар Текебаевдин ден соолугуна тынчсызданып, президентке, премьерге кайрылуу жолдошкон.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.