КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 кишиден турат, ал 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Кеңештин мүчөлөрү: Нурия Айдабосунова, Жыпар Жекшеев, Анатай Өмүрканов (арыз жазып, кеңештен кеткен) Талант Султанов, Игорь Шестаков, Айнура Аскарова, Жылдыз Бакашева, Кубат Болотканов, Чолпон Турдалиева, Жылдыз Ниязова, Азамат Болгонбаев, Айгүл Жунушалиева, Айбек Карымов, Анаш Кадырова, Калыбек Тайтекеев. Аталган мүчөлөрдүн ичинен өз оюн жашырбай, агын ак, көгүн көк деп келе жаткан төкмө акын Азамат Болгонбаев. Аны менен болгон маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз!
—Азамат мырза, Байкоочу кеңеш бир жылда канча жолу жыйын өткөрүп, кандай чечимдерди кабыл алдыңар?
— Байкоочу кеңештин курамы 5 жылга Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, мүчөлөрүнүн ичинен бирөө жетекчиликке бир жылдык мөөнөттөн шайланып турарын журналисттер жакшы билесиздер да. Былтыр 22-майда төрага кылып коомдук ишмер Жыпар Жекшеевди шайлаганбыз. Алгачкы жыйыныбыз апрель айында болгон. Биринчи жыйынды курамдын аксакалы Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов алып барган. Жалпысынан бир жыл ичинде онго чукул жыйын өткөрдүк. Жыл ичинде курамыбыз толук иштеген жок. Себеби 4 мүчө ар кандай себептер менен өз арызы менен чыгып кеткен. Мыйзам боюнча, жылдык отчет 31-мартка чейин берилиши шарт болчу. 29-мартта боло турган отчетту уга турган жыйыныбыз кворум болбогондуктан жылдырылган. Жыпар Жекшеев “отчетту он-лайн добуш менен кабыл алалы” деген сунуш киргизгенде, ал айрым мүчөлөр аркылуу жокко чыгарылган. Кийинки жыйын 3-апрелде өтүп жетекчинин отчетун уктук.
— Кечээ жакында эле депутат Каныбек Иманалиев көчмө телестудия техникасына бөлүнгөн миллиондогон акчалардын кайда кеткени боюнча кеп кылып, аны текшерүү боюнча сунуш кийриди. Бул сунушту колдойсуңбу? Илим Карыпбеков отчет бергенде, эмнеге бул маселе боюнча убагында сөз козгогон жок элеңер?
-Депутат Каныбек Иманалиевдин көчмө студияны сатып алуудагы процесстерди тийиштүү органдарга текшерүү боюнча берилген сунушун колдойм. Кийинки жыйында кесиптештерим абийир, ар-намыс, акыйкат деген принциптерди эске алса, башкы директорго ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун киргизем. Бул маселе боюнча биз учурунда эле кеп козгогонбуз. Көчмө студия тууралуу маалымат сураганда, Жыпар Жекшеев «мен көргөм, жакшы эле студия экен» деп жооп кайтарган. 1 500 000 долларга сатылып алынган көчмө студиянын техникалык мүнөздөмөсү, кайдан алынганы тууралуу так маалымат көрсөтүлбөгөндүгүн, саясий учурларда эки тараптуу маалымат бербегендиги жана отчёттогу айрым кемчиликтерди ж.б.у.с негиздерди эске алуу менен каршы добуш бергем. Анда башкы директор “сотко кайрылган эмес” деген жоопту айткан. Бирок мамлекеттин мыйзамынан да абийирдин, намыстын, уяттын да соту бар экенин айтып кала бергенбиз. Шайлоо учурунда да ар кандай каралоолор жүрүп жатты. Ошондо Кубат Болотканов экөөбүздүн “кезексиз жыйын өткөрөлү” деген сунушубузду төрага четке кагып, каршы туруп алган. Отчетто 1 500 000 млн. долларга алынган ПТСтин (көчмө телестудия) техникалык мүнөздөмөсү, кайдан алынганы, тендерге кимдер катышканы тууралуу маалымат берилген эмес. Саясий кырдаалдарда, шайлоо учурунда же болбосо айрым саясатчыларга кылмыш иштерин козгоп жаткан учурларда эки тараптуу айкын маалымат берилген эмес.
— Байкоочу кеңеш талаптарыңарды так аткара алдыңарбы?
— Байкоочу кеңештин бул курамы мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарыбызды так аткара албай жатабыз деп ойлойм. Эми мүчөлөр толук аракетин көрүп жатат. Контент боюнча, ички саясат боюнча бир топ алгылыктуу сунуштарын берди, бирок коомчулук менен байланышуу дээрлик болгон жок. Коомдук каналдын эл менен болгон алакасы мыйзамда толук жазылган, көпчүлүк учурда толук андай болбойт, себеби, каржы баары бир мамлекеттен бөлүнөт. КТРК бул стратегиялык жай, маалымат коопсуздугун коргогон бирден бир маалыматтык мекеме. КТРК мамлекеттин саясатын толук жүргүзүш керек, бирок оппозициялык блокту, бийликке жакпаган адамдарды каралоо менен мамлекетке аброй алып келбейт.
— Тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаев боюнча чынында туура эмес, бир жактуу маалымат берип, аябай эле каралады. Бирок, мындай мамилеси менен кайра аброюн жогору көтөрүп коюшту. Азыр Ө.Текебаевди кумир туткандардын саны арбыды. А сенин кумир туткан адамың барбы?
— Саясатта кумир тутуп, суктанган адамым деле жок. Албетте сыйлаган адамдарым бар. Элдин кызыкчылыгын жогору коюп, алардын чындыгын, акыйкатын айтып, колдогон адамды чексиз урматтайм. Учурда Кылыч Исамамбетов деген мыкты жигит “Бирик” саясий партиясын негизде жакшы иштерди баштады. Элди биримдикке жана ынтымакка чакырган бул ишти чын дилимден колдоп жатам.
— Парламенттин сессиясын мурда КТРК түз көрсөтүп, кимдин ким экенин эл билчү. Эки жүздүү, кошоматчы депутаттарды азыр айыл жериндегилер жакшы билбейт, себеби, КТРК сессияны көрсөтпөй калды. Бул сунушту жетекчиликке айтып көрдүңөр беле?
— Ооба, парламенттеги сессияны түз чагылдыруу боюнча да бир нече сунуштар айтылган. Учурда парламентти “Пирамида” телеканалы көрсөтүп келет. Санарипке өткөндөн тарта каналдардын тартуу мүмкүнчүлүгү кеңейген. Андыктан бул сунушту кайрадан киргизебиз.
— “КТРК идеалдуу өзгөрдү” деп жетекчиси да, айрым кызматкерлери да айтып жатышат го. Бул сөзгө кошула аласыңбы?
-“КТРК идеалдуу өзгөрдү” дегенге кошула албайм. Эгер кайсы бир деңгээлде өзгөрүү болсо, анда бул жалпы жамааттын күжүрмөн эмгегинин аркасы менен болду. КТРКнын кызматкерлеринде кеп жок, алар мурдагыдай эле баардык дити менен ишин алып барып, мыкты долбоорлорду сунуштап, дээрлик көпчүлүгүн ишке ашырып жатат. Продакшн студиялар менен чыккан долбоорлор дагы бар. Ооба, Илим Карыпбеков “Ала Тоо 24 kg” каналын ачты, жетекчилер отура турган кыш дубалдарды, иш бөлмөлөрдү ичи-тышы көрүнүп тургандай айнек дубалга өзгөрттү. Бирок, ал эл ичиндеги аброюн ошол тунук айнектей кылып өзгөртө алган жок да. “Илим Карыпбеков шумдук, буга чейин иштеген директорлор эч нерсе кылган жок!” дегенибиз туура эмес. Алыс барбайын, кечээ эле КТРКга жетекчилик кылган Кубат Оторбаев жакшы иштерди жасаган. Анын учурунда бир нече канал ачылып, бир нече транспорт алынып, улуттук руханий баалуулуктарга ж.б.у.с. маселелерге көп көңүл бурулган. Азыркы учурдагы директордун “техникалык өзгөртүү кылдым” деген иштери Кубат Оторбаевдин учурунда эле башталган. Андан мурунку жетекчилер: Түгөлбай Казаков, Абдыламит Матисаков, Кыяз Молдокасымов тууралуу жакшы кептерди көп угуп калам.
— Түгөлбай Казаков демекчи, ал жетектеп кеткен Маданият министрликтин иш алып баруусу купулуңа толобу?
— Чынында азыр улуттук руханий баалуулуктарыбыздан алыстап бара жатабыз. Маданият министрлиги формалдуу эле иштеп жатканы кейитет. Кыргыз өкмөтүндө, эң даражасы төмөн бул биздин министрлик. Кыргыз маданиятына коомдук уюмдардын кошкон салымы зор, эбегейсиз. Мисалы “Айтыш” коомдук фонду, Эл аралык “Саякбай манасчы” фонду, “Манас Мурас” коомдук фонду, “Нур Борбор” чыгармачыл академиясы, “Айтыш-фильм” киностудиясы, “Калемгер” адабий клубу ж.б. уюмдар абдан көп. “Айтыш” коомдук фондунун салымы чоң, мамлекетке эбегейсиз иш кылды. Казына — бул байлык же акча менен гана толбойт. Руханий баалуулуктар, улуу дөөлөттөр менен да толот. Биздин тышкы карызыбыз бир кыйлага өстү, бирок бир мезгилде алардан кутулуубуз шарт. Ал эми “Айтыш” коомдук фонду өстүргөн кыргыз акындары, кыргыз элинин улуу мурасы болуп кала берет.
— Учурда эмне иш менен алек болуудасың? Тойлорго чакырылып жатасыңбы?
— Өнөр адамы болгондон кийин тойлорго чакырган учурлар көп болот. Кыргызстандагы көпчүлүк маданий иш-чараларга уюштуруу тобуна катышам. Коомдук иштер менен алек болуп келе жатам.
— Үй-бүлөгө убакыт бөлүп жатасыңбы? Балдарыңдын уулусу канчанчы класста окуйт?
— Улуу уулум Осмон 2-класста окуйт. Кызым Керемет бала бакчаны бүтүрүп жатат. Кичүү кызым Мелмил 3 жашта.
Маектешкен Нази БАЯН кызы