Өзбекстан Кыргызстанга 100 миллион доллар өлчөмүндө насыя бере турганы маалым болду. Маалыматка караганда, бул кредиттик линияны ачуу тууралуу эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы күзүндө макулдашкан.
Бул кредит кимге берилээрин экономика министри Санжар Муканбетов билдирди. Анын айтымында, ишкерлерге берилет экен. «Насыя Кыргызстандын ишкерлерине берилет, контрбанк катары «Айыл банк» тандалды. Биз бул каражат жүн жана терини кайра иштетүү менен алектенген ишкерлерге берилсин деп сунуштап жатабыз», — дейт министр.
Абылгазиев алдын ала даярданып…
29-июлда, премьер-министр М.Абылгазиев «Айыл банк» ААК башкармалыктын башчысы Бактыбек Шамкеевди жана кеңештин төрагасы Малабек Токтоболотовду кабыл алып, алардын маалыматын уккан. Жолугушуунун жыйынтыгында Абылгазиев: «Өлкө аймактарында бизнес-долбоорлорду каржылоо максатында кредиттик продуктулардын кошумча пакетин иштеп чыгууга көңүл буруу керек», – деп, аларга бир катар тапшырмаларды берген.
Көрсө, “Өзбекстандан кредит алабыз, силердин банкка салабыз” деген эле кеп экен да. Себеби, кечээ, 1-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келип, премьер-министр менен президентке жолуккандан кийин, бизге 100 миллион доллар берээри белгилүү болду. Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында үч документке кол коюлган. Алар айыл чарба тармагында кызматташтыкты өркөндөтүүгө багытталат. Ошондой эле, эки өлкөнүн өкмөт башчылары айыл чарба азыктарынын импорт-экспорту, өсүмдүктөрдүн карантини, лизинг жана Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди алуу маселелерин талкуулап, бул багытта «жол картасын» бекитишти. Ал эми Кыргызстандын айыл чарба мекемесинин маалыматына караганда, Кыргызстан Өзбекстандан жылына 100 миң тонна жер семирткич сатып алат экен.
Эмилбек КАПТАГАЕВ: “Айыл банкты” текшерген эч ким жок”
Премьер-министр Абылгазиев “Айыл банктын” башчысын кабыл алган күнү, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев ал тууралуу оюн ортого салган эле. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына: «Айыл Банк» аркылуу айыл-чарбасына бир нече миллиард сом кредит берилет… ал кредиттин үстөк пайызы бюджеттен (биздин чөнтөктөн) төлөнөт Банкка. Бирок, тилекке каршы, ошол айыл чарбасында кимдер кредит алып жатканы белгисиз, банк купуялыгы деген шылтоо менен маалымат беришпейт… Бул натура көрүнүш. Атайын мамлекеттик бюджеттен каржыланып жаткандан кийин бул кредиттерге купуялык эреже иштебеши зарыл, эл билиш керек жеңилдетилген кредиттен ким пайдаланып жатканын, ал кредиттер өнүгүүгө кандай кызмат кылып жатканын… Алам дегендер ала албайт, ал эми отчетто болсо миллиарддар айтылат. Өкмөт ушул маселени караса туура болот эле”,-деп жазган.
Насыя бекер эмес да, карыз…
Туптуура, таамай айтылган сөз. Башка мамлекеттен кредит алып жаткандарын коомчулук ансыз деле жактырган жок. “Кытайдын карызынан кутулбай туруп, эми муну эмне алып жатышат? Ишкерлерге дешет дайыма, же алардын иши көрүнбөйт. Анан эле светтин, газдын баасын, салыкты көтөрүп, карапайым элдин чөнтөгүн кагышат”,-деп социалдык тармактардагы коомчулук Өзбекстандан алына турган акчаны айтып, катуу сындап жаткан кездери. Коомчулукка кошулам, чыны эле үстөккө-босток карыз алып эмне кылабыз? Насыя десе эле бекер эмес, карыз да. Банктан деле кредитке акча алып жатканда бекер алып жаткандай сүйүнөбүз, убагы келип, төлөй келгенде күйүнөбүз. Бере албай калганда күрөөгө коюлган үй жана башка мүлктөр алынат. Анан бармагыбызды тиштеп отуруп калабыз. Ошондой эле да кеп да. Өзбекстан мынча каражатты жөн бербейт, бир кызыкчылыгы бар. Ошондуктан ойлонсок жакшы болмок…
Карызыбызды карагыла…
Былтыркы карызыбызды бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот!
«Кытайдын карызын эл төлөйт»
Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттин карызы тууралуу канча сөз болуп, аны ким төлөөрүн чиновниктерден сурашканда, уялбай туруп “эл төлөйт” дешкен. Сөзүбүз куру болбош үчүн бул ВИДЕОну көрүп, өз кулагыңыз менен угуңуз!
Эрзат МЫРЗА