Эрнис АСЕК уулу: «Ойлоп көрсөм, кичинекейимен эле чоң апам чоң турмушка даярдай берчү экен»

Эрнис АСЕК уулу: «Ойлоп көрсөм, кичинекейимен эле чоң апам чоң турмушка даярдай берчү экен»

Эсен болуп, эсей жүр!

«Мен үчүн өтө оор күн. Жымжырттык күнү. Сөз жок күн» деп Эрнис жанындай жакшы көргөн агасын жоктоп жазып да, айтып да калчу эле… Эми ал сөзүн мен айтып калдым.
2020-жыл. 29-январь. Жолдошум Эрнис АСЕК уулунан ажырап калган күн. Эки жыл мени менен кошо эскерген жакшы адамдар көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилди жана эскерилүүдө… Мелис агабыздан ажыраганыбызга 11 жыл болсо, Эрниске эки жыл болуптур… Агабыз 60ка, Эрнис 52 жашка чыкмак…

Эрнистин аты аталган жерде Мелис байкенин ысымы аталып, Мелис байкенин аты аталган жерде “Асаба” айтылып келет. Эки гений ага-инини эскерип, жараланган жүрөккө жылуу сөз тартуулаган жакшы адамдарга ыраазычылык билдирем!
Эрнис АСЕК улуунун жазгандарын окуганды сагындыңарбы? Бүгүн кечке эскеребиз. Архивде сакталгандардан, сыр сандыктагы кол жазмаларынан жана эскерүүлөрдү беребиз...

Назира СААЛИЕВА

Сыр сандыгынан…  

Жапайы

„Всякий, кто любит одиночество, либо — дикий зверь, либо — Господь Бог“
                                                                                          (Фрэнсис Бэкон)

Чоң апам төшөктөн туралбай калыптыр. Мен 1-курстун студенти элем. Айылга каникулга барып калдым. Терезенин түбүндө жатыптыр. Бутумдун учу менен басып келип баш жагына олтурдум. Көздөрү жумулуу. Сөөгү эле калыптыр. Өзү айткандай «чымын жаны» эле калыптыр. Тизелеп карап олтурам. Жүзүнөн өбөйүн деп эңкейип баратсам. «Кимсиң?» деди. Үнү араң жай чыкты. Алыстан, алыстан, тээ ордун түбүнөн угулгандай чыкты. «Кимсиң?».. Акырын жүзүнөн өптүм. «Келдиңби, саргалдай?» деди. Дароо тааныды. «Мени тирүү көрбөсүң го дегем. Тирүү деп коем, тирүү болсом ушинтип жатат белем? Саадат кандай?» деп апамды сурады. Мен көзүмдү албай карап олтурам. «Кыйкырып сүйлөбөсөң, кулак да кер, көз да көр» деди. Сол колун эки колума алып, акырын өптүм. Колдору муз менен таш. Качан кармабасам, ар дайым колдору жылуу эле. «Өзүм өлүк болсом да, сөзүм тирүү чыкканын кара, саргалдай. Денемдин муздаганына көп эле болуп калды. Кудайым качан алып тынат, билбейм, каралдым»,-деди. Көзүмдө ысык жаш кылгырат… «Эрнике, сүйлөй гой, же коркуп жатасыңбы?»,-деди. Дагы колунан өптүм.

«Өпкө-жүрөгүңдү чапкылап, байкуш Саадатты кыйнаган күнүң да келет»

Тамагым ачышты. Ар дайым сүйлөбөй, тунжурап калсам эле, «Эмне коркуп жатасыңбы?» деп калчу. Байке, жеңе, эже, неберелерин баарын бирден сурап чыкты. Жакшы деп тим болом да, муз менен ташка айланган колунан өбөм. «Аман жүрүшсө болгону» деп коет. Төшөктө эле жатам. Уруслан да жаныма жолобой калды. Эки-үч күндөн бери заарасы деле жок, заңы деле жок. Тамак ичип деле жатам, эмнеге жок билбейм, каралдым. Учурум келип калган го»,- деди. «Мен келдим, эми жаныңызда үч күн болом»,-дедим. «Ыракмат, балам, ыракмат. Өлүк жанымды тирик кылдың. Басып жүргөндө куш менен деле , ит менен деле, жел менен деле сүйлөшө берчү элем. Төшөккө жатканы сүйлөшкөндү кой, эмне болуп жатканымды деле билбей калчу болдум. Илгеркилер гана чала-бучук көз алдыман өткөндөй болот. Бу директир жолоочунун энеси «чала-бучук» десе, күлүп калаар элем…» деп барып унчукпай калды. Үч күн бою жаныан чыкпадым. Ар демени сүйлөмүш болобуз. Көбүрөөк сүйлөсө, демигип кетет, унчукпай калат. Экинчи күнү кечке маал, сүткө нан чылап, жаш баладай кашык менен оозуна салып жатсам, «Мен да сени ушинтип багып чоңойтком. Мелисимдин келинчегин, чөбөрөм Жылдыздан бери көрдүм. Ушу сенин аялыңды да көрүп каламбы» дедим эле жаман арымда. Адам баласында ар деле жок болот тура. Эми жакшы аял алсаң экен деп калды. «Албайм!» дедим өктөм. «А-аа, ары жок, албай кайда барасың? Өпкө-жүрөгүңдү чапкылап, байкуш Саадатты кыйнаган күнүң да келет. Ошол мамкеңе көрсөтүп, алды-артыңды карап алсаң болду. Анан «сүйөм-күйөм» деп дагы бир шайтанды ээрчитип келбей. Аласың, албай.. Аялы жок адам асманы түнт адам. Андай болбо, балам!»,-деди.  «Болсомчу» дедим баягы кичинемдегидей кежирленип. «Жапайы болуп кетпейсиңби?» деди тек гана. Күлгөнсүдү же күлө алсачы…

Жогорудагы Бэкондун сөздөрүн окуп алып, ушинтип чоң апамды эстедим. Мен кеткенден кийин, апам бир жарым айдан кийин көз жумду.

«Жапайы болуп кеткейсиңби?» деп айтканы, акырын жылуу чыккан сөзү азыр да кулагымда жаңырды. Чын эле жапайы болуп баратам окшойт. Жалгыздыкты жанымдай көрүп калдым. Бүт дүйнөдөн, жалгыздык кучагына бөпөлөнөм…

Френсис Бэкон «Господь Бог» деп кудайды оозанып өтөт, өтөт, өтөт. Бирок, ал чоң жаңылышат. Жараткан жалгыздыкты эч качан жакшы көргөн эмес. Пайдаланган, туура пайдаланууга гана үндөгөн. Мендей жапайы болсун деген эмес…

Эрнис АСЕК уулу, 2008-жыл, февраль

Записки от скуки

Тырмак

«Дагы эле малынып жатасыңбы, тур окушуңа бара гой!» деп жатыптыр.

Түндө түшүмө кирди. Көз жумганы түшүмө кирелек эле. Негизи эле түшүмө кирчү эмес. Бир гана жолу… Ригадан. Чыйрыгып муздак бөлмөдө жатам. Кошуна балдар сабакка кетишкен. «Давай, Маленький философ, поправляйся, завтра пойдем смотреть Дали» деп тажик досум Паймон колдон кысып чыгып кеткенине чыйрыккан денем жылыгансып, Балтиканын муз илеби терезени саймалаганын карап жатып уктап калганымда, кадимкидей түшүмө кирген. Муздак бөлмөбүзгө чүкөдөй бою баш багып: «Э-ээ, садагаң кетейин, эмне мынча бөлмөңөр муздак? Дагы эле малынып жатасыңбы, тур окушуңа бара гой!» деп жатыптыр. Ойгонсом, чылпылдап тердеп, куландан соо болуп калыпмын. Бөлмөдөгү балдар кыткылыктап, чай ичип олтурушкан экен…

Түндө өмүрүмдө экинчи ирет түшүмө кирди. Дагы Ригадагы бөлмөмдө чыйрыгып ооруп жатыпмын. Кудум мурунку түшүмдөгүдөй кара кемселчен чоң апам кирип келди. Бирок сүйлөгөн жок. Шашпай эки жагын каранып, кара жоолугун кымтыланып, жаныма келип, жыпжылуу алаканын чекеме койду да, анан жыпжылуу эриндери пешенемен сүйдү. Андан соң керебетиме отура кетти да, эки тиземе кыпчылган колумду сууруп чыгып, жазды да, унчукпай башын чайкап, кемселинен баягы-баягы кичинекей көк макисин алып чыгып, көпкөк болуп өсүп кеткен тырмагымды ала баштады…

«..кемселинен баягы-баягы кичинекей көк макисин алып чыгып, көпкөк болуп өсүп кеткен тырмагымды ала баштады…»

Бала кезимде чоң апам көк макиси менен эски чүпөрөк-сапарактарды сөгүп олтуруп, анан тайраңдап ойноп жүргөн мени көрүп, «Ай, сары, бери келчи» деп, жанына барсам, «көк маңкаң деги жок экен, а көк орогуңчу?» деп калаар эле. Эки колумду сунуп мен турам. «О кудай алаткыр, чычкан союп жечүдөй болуп, дагы мага көрсөтпөй жүрөсүңбү?» деп колундагы баягы көк макиси («Берекем, Асектайым, ушу шаарга көчүп келгенде, кемселдин баарын аңтарып атам, түйүнчөктөрдү аңтарып атам, «Ой, апа, эмне издеп жатасың?» деп атпайбы. «Ой, жанагы чоң каптын оозундагы жип чие байланып калыптыр, ошону кесейин десем, жер жутуп алгансып, маким жок» десем, күлүп: «А-аа, ошол элеби, аны мен машинеден жүк түшүрүп жатып, аркандарды кесем деп, зым кесип алыпмын, сындырып алдым» дегенде, «Эмне дейт?» дегенчекти эле, «Анан кара кемпирдин каарына калбайын деп, жакын жерде темир дүкөн бар экен, чуркап барып алып келе койдум, апа. Баасы 35 эле тыйын экен» деп ушул көк макини берген. Жанынын бекемдигин карачы, ошондон бери жүрөт.») менен тырмагымды шашпай алып кирер эле.

«Эми чуркаган бойдон короонун башына барып, бая мен көрсөткөн жерге көөмп кел!» дейт. Мен диңкилдеп чуркап жөнөйм.

Жөн албай кемселинен (оо, апамдын кемселинин чөнтөгүндө эмне гана жок болчу) көк жүзаарчысын алып чыгып, алдына жайып, «чыпалактыкы чыр болот» деп чыпалактын тырмагын көк жүзаарчысына салат, «аты жоктуку аңкоо болот» деп аны салат, «ортонуку осурак» деп муну салат, ошентип эки колдун тырмагын көк жүзаарчыга салып бүтүп, бүктөйт да, колума карматып, «Эми чуркаган бойдон короонун башына барып, бая мен көрсөткөн жерге көөмп кел!» дейт. Мен диңкилдеп чуркап жөнөйм. «Тырмакты кудай эмнеге өстүргөн дейсиң, бул адамдын күнөөлөрүнүн чен-өлчөмү, ошенүчүн тез-тез алып, күнөөлөрүңөн арылып турушуң керек, анан эч качан жерге чачып жибербе, кулунум, бир жерге көөмп кой, кийин кыямат-кайымда кудай сурак жүргүзүп, «тырмактарыңды алып кел» дейт. Баягы көөмп койгон жериңен таап алып барасың. Таппасаң чындап кудайдын каарына калганың ошол» деп калар эле. Мен болсо жөн турбай: «Баягы күнү Гулина колума чапты эле шамалга чачылып кетти, бармагымдыкын эле араң таптым» десем, «Гүлтүктай колуңда тырмак бар экенин билбей калса керек да, кудайым кечирер» деп калчу. «А эмнеге Кумаш эжемдер тырмактарын мо-мун-даа-ай кылып өстүрүшөт?» десем, «Пейил бузулбадыбы, балам, эстери жок да, кечинде эстетип кой, этектерин жабайын» деп калаар эле.

Ошентип чоң апам тырмагымды алып жатыптыр. Тура калып дароо карасам, кудум бала кездегидей көкорок болуп чыккан экен. Күнөөлөрүмдү ойлодум. Ойлорум оңкочок ата баштады…

2006-жыл

Көзайнек

Көзүм 8- класстан эле бузула баштады. Китеп менен телевизордун сазайын бердим го!

Студент кезде лекциялардан «Не смотри на мир через розовые очки» деп орусча кат жазышар элек. Дүйнөнү сугалак көздөр менен караган ошол кез кайда десең? «Кара сайда!» деген киши жок. Көзүм сегизинчи класстан эле бузула баштады. Китеп менен телевизордун сазайын бердим го! Азыр деле ошол. «Ээ, кудай садагаң кетейин, көздүн да курчу кетти, ушул көзүмдү албасаң экен» деп калаар эле чоң апам. Кудай апамдын жалынычын укпады. Көр болуп калды. Көзү көрбөсө да, көөдөнү менен көрөр эле. А биз көзүбүз көрсө да, көөдөнүбүз сокур. Он жылдан бери көзайнексиз жашоо жок. Жылдан жылга күчөп да барат. Канча көзайнек сындырдым? Миллион! Көзайнекке кеткен акчалар азыр бар болсо, миллионер болмокмун, эй! Жиним келген күндөрү колумда ууштап бырчалап, ыргыткан күндөрүмчү! Көк асманды, жылдыздуу түндү көзайнек менен карагандан кача баштадым. Эшектей эле жер карайм, жер карайм… «Көөдөнүң көр болсо, бара-бара көзүң да көр боло баштайт турбайбы» деп чоң апам кобуранып калчу эле. «Слепой ведет слепого» деген сөздөр «көө-дөңдөн» ушундай бир буулугуп чыгат дейсиң… Тык токтойсуң! Анткени Акыйкаттын Кайнар Көзү турат. А сен туткундасың. Жер – түрмө, сен – түрмө, ал – түрмө, мен – түрмө… Түтүнүң чыгат. Түндөй караңгыда турасың. Көзгө сайса көрүнгүс. Көзайнегиңди аачымыш болосуң. Көөдөнүңдү аачыйын деген оюңа да келбейт…

2005-жыл

Жаңы күн

Ойлоп көрсөм, кичинекейимен эле чоң апам чоң турмушка даярдай берчү экен.

Чоң апам: «Бир жаман жоругуң миң жакшы жагыңды жууп кетет. Ошондуктан кыргыз «жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста» деп айтат» деп калчу. Ойлоп көрсөм, кичинекейимен эле чоң апам чоң турмушка даярдай берчү экен. Бирок мен даяр болгонум жок. Бүдүрү болгондур, бирок даяр болалбадым. Алигүнчө ар бир жаңы күн мен үчүн жаңы жашоодой. Ар бир жаңы күнгө даяр болбой келем. Соңку кезде акылдуулар көбөйүп кетти. Акыл айткан эле киши. Жашы деле, карысы деле. Бири-бирине эле акыл айткан киши. «Бул акылды кайдан алышат?» деп калам. Тигил же бул кишиге жакшылык кылсаң, «ой, бул жакшы киши турбайбы?!» деп калышат, баарына жакшылык кылсаң, сени эч ким «жакшы киши экен» деп айтпайт. Адам баласына таңгалганым токтобой келет. «Жакшы киши» деген ким? «Жаман киши» деген ким? Жакшы-жаман киши болбойт, анткени ак-карасы жуурулушуп кеткен. Бир билгеним: жакшы – тириктин иши, жаман – өлүктүн иши. Болгону ошол…

Дагы бир жаңы күн – жаңы жашоо башталды. Жакшы боломбу, жаман боломбу?.. Кайсынысынын ишине кызмат кылайын? Сен билесиңби?..

Эрнис АСЕК уулу

“Баягы Асаба” 01.05.2014-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.