Эсен болуп, эстей жүр!
Бүгүн 31-январь. Эрнис АСЕК уулун акыркы сапарга узаткан күн. Оор күн. Түбөлүк уйкуга кеткенине эки жыл болду. Ыйга айланган өмүр өтүп жатат…
Эки жыл мени менен кошо эскерген жакшы адамдар көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган байкеси Мелис Эшимканов да эскерилди жана эскерилүүдө… Мелис агабыздан ажыраганыбызга 11 жыл болду. Көздөрү тирүү болгондо, быйыл Мелис байкебиз 60ка, Эрнис 52 жашка чыкмак…
Эрнистин аты аталган жерде Мелис байкенин ысымы аталып, агабыздын аты аталган жерде “Асаба” айтылып келет. 29-январдан, үч күндөн бери да эскерип жатабыз. Көптөгөн эскерүүлөр келди, аны берүүгө жетишпей жатабыз. Эки гений ага-инини эскерип, жараланган жүрөккө жылуу сөз тартуулаган жакшы адамдарга терең ыраазычылык билдирем!
Назира СААЛИЕВА
Жаныбек КЕНЕБАЕВ: «Эрнис сырын эч кимге айтпаган, табышмактуу жигит болчу»
Эрнистин Бишкек шаарындагы №50 мектепте бир класста окуган классташы Жаныбек Кенебаевдин эскерет.
Классташым Эрнис Эшимкановдон ажырап калганыбызга билинбей эле эки жыл болуп кетиптир. Эрнистин таланттуу, тажрыйбалуу журналист, котормочу, жазуучу, акын катары калың элге таанымал экени талашсыз. Чыгармачылыгы эле эмес, кандай классташ, кандай дос, кандай жолдош, кандай ата, кандай жар болгону жөнүндө да көп айтылды, жазылды жана дагы эле жазылат.
Эрнис мектепте жакшы окуду. Ошондо эле колунан китеп түшчү эмес. Кыргыз адабиятынан дүйнөлүк адабияттарга чейин окучу. Гитарада ойночу. Владимир Высоцкий менен Виктор Цойдун ырларын жакшы көрчү. Экөөнүн чыгармаларын которуп, «Асабага» чыгарып жүрдү. Эрнис бала кезинен эле бейтааныш адамга ачылып сүйлөбөгөн, сырын эч кимге айтпаган, табышмактуу жигит болчу. Бирок, адамга жардам берген жагынан аянчу эмес, колдон келген жардамын көрсөтчү. Мага моралдык колдоо көрсөткөнү азыркыга чейин эсимден кетпейт. 90-жылдын аягы, 2000-жылдын башы атамдан калган кафени соттошуп, акыйкат издеп жүргөм. Күндөрдүн биринде Эрниске капысынан жолугуп калдым. Ага ушул маселени айтсам эле, «редакцияга келип кет!» деп чакырды. Ал учурда «Асаба» «Асаба» болуп турган убагы, Эшимкановдордун аты дүңгүрөп аткан кез эле. Ошентсе да Эрнис адамгерчиликтен кеткен жок: бой көтөрбөгөн жөнөкөй, жапакеч, сылык жигит болчу.
Эки жумадан кийин «Асабанын» редакциясына бардым. Кире беришинде күзөт бар эле, андан Эрнисти чакырттым. Классташым күлүп-жайнап, кучак жайып тосуп алып, кабинетине киргизип, окуяны баштан-аяк сурады. Баарын факты менен айтып бердим. Мени муюп уккан Эрнис өз проблемасындай көрүп. абдан зээни кейиди. «Эми Жаке, тиги кишинин мыйзамсыз ишке барганына караганда, өзүң айткандай, жогору жакта «крышасы» бар го. Ошентсе да, аны сестенээрлик кылып бир макала жазыш керек, мен жазайын. Башка колумдан эч нерсе келбейт. Колдо бийлик бутагы болсо, башкача чечип берет элем, азыркы мамлекеттин, коомдун абалы ушундай«,- деди.
Бир жумадан кийин «Асаба» гезитине Эрнистин өзүнүн аты-жөнү менен айткан макаласы жарыяланды. Мен акыйкатка жеткендей болуп абдан сүйүндүм. Бирок, сот тигилерге чечип берип койду. Атамдын мурасын ала албасам да, ошол убактагы Эрнистин мага чындап күйүп-бышканы, кеңеш бергени, чыгарган макаласы чоң күч-дем берди. Акыйкат үчүн күйгөн, чындык деп чырылдаган, акылман, боорукер классташыбыз бар эле… Кайсыл жерден, кандай учурда жолукпайлы, ар дайым бир тууганындай көрүп, чын жүрөктөн мамиле кылып, күлүп-жайнап жолугаар эле. Эрнисте эч кандай жасакерлик деген жок болчу.
2010-жылдан 2015-жылга чейин КТРКнын эртең мененки «Замана» студиясына караштуу техникалык бөлүмдө иштедим. «Заманага» белгилүү чыгармачыл инсандар, саясатчылар келип, маек куруп беришчү. Биз студиянын өзүндө эмес, үстүндө чыгарма жагынан башкарган режиссердун жанында техникалык көзөмөл кылчубуз.
2013-жылы, алып баруучу Нурдөөлөт Копоев «Заманага» «Асаба» гезитинин башкы редактору Эрнис Асек уулу, «Асаба», «Агым» гезиттеринде Кимбайке каймана аты менен таанылган мыкты карикатурист, сатирик Төлөгөн Карыкеев, журналист Назира Саалиева конокко келгенин эфирден айтып калды. Көптөн бери көрүшпөй кеткен классташымдын атын уккан кулагыма ишенбей, терезеден студияны карасам, Эрнис отурат. Үчөө кызыктуу маек куруп беришти. Көрсө, классташым Эрнис Мелис байкесинин аманатын аткарып, «Баягы Асаба» гезитин чыгарыптыр. Угуп алып аябай кубандым. Түз эфирден чыксын деп күтүп отурдум. Эрнистин элди өзүнө таркан жылмаюусу, харизмасы бар эле. Адатта көп сүйлөбөсө да, ошол харизмасы менен көп нерсени толуктап кетчү. Түз эфир жакшы өттү, классташым жаркылдап, чечилип абдан сонун маек куруп берди. Эфирден кийин, студияга түшсөм, чыгып кетишиптир. Чыга калсам эле чычайта чылымын чегип Эрнис кетип баратыптыр. Алыстап кетиптир, кыйкырып атып, артынан жетип бардым. Экөөбүз кучакташып учураштык. «Ой, Джонни, сен бул жакта белең?»,-деди күлүп… Кээде Жаке, көбүнчө Джонни деп эркелетчү эле… Жанындагы журналист жубайы Назира экен, тааныштырды. Экөө сүйлөшүп алсын деп Кимбайке менен Назира басып кетти. Биз бир аз сүйлөшүп турдук, анан телефон номерлерди алышып, коштоштук. Көрсө, аларды «Заманага» Аташ (Атахан Кожогулов) чакырыптыр. Эрнистин былтыркы эскерүүсүндө Аташ жоктоо ырын окуп берип, жүрөктү сыздатты.
ДОСТУ ЭСТЕП
(Эрнис Асек уулуна)
Кечээ көргөн бүгүн жок деп кайгырып,
кан жолуңду тиктеп карек талдырып.
Кара бакты караан туттум жалгыздап,
кадырлаган жакын достон айрылып.
Жатат анда шыбак басып мүрзөсү,
жанда келет кайрат берген бир сөзү.
Күтүлбөстөн кырктан өтүп кыйрабай,
кылым санап узак өмүр сүрсөчү.
Зор дайранын агымында термелип,
Закымында кайда барып келбедик.
Сенсиз жазда жамгыр тынбай төгүлөт,
сенин жашың, менин жашым өңдөнүп.
Карап туруп жамгыр тынбай төккөнүн,
күндөй жарык ал күндөрдү эстедим.
Ачуу жашым аралашып жамгырга,
аттигиниң жамгыр болуп кетпедим.
Өмүр боюу кемиген бир тузумдур,
өмүрдөгү колдон учкан кушумдур.
Сапарымды картайткандай менин да,
Сенсиз жазды тосуп алган ушул жыл.
Көр турмуштан көңүл чындап кирдеди,
көзүң сындуу тиктейм ушул дүйнөнү.
Аз да болсо топук берет жаныма,
асыл күлкүң уул-кызыңда жүргөнү.
Чиркин тагдыр жаздырарда алдырып,
чийеленген күндөрүмдү жай кылып,
кара бакты караан кылып олтурам,
кадырлаган бир досумдан айрылып.
Атахан КОЖОГУЛОВ, 2020-жыл, март
«Классташтарыбыздын максаты — Эрнистин чыгармачылыгын кийинки муунга жеткирүү»
Эрнисти эскерүү былтыр, 25-апрелде Филармониянын чоң залында жогорку деңгээлде өттү. Биз классташтар: Эмил Өмүралиев, Банур Узакбаева, Динара Бегалиева, Нагира Шаршеева жана мен болуп чогуу барганбыз. Эскерүү үч саат болду. Анда «Каалга» аттуу китебинин бет ачары болду, андагы ырлары окулду. Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков алып барды. «Кечени Түгөлбай Казаковдой залкардын алып барып жатканы, атактуу саясатчылардын келгени бул инсандын кимдигин айтып турат» деп азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков айткандай, Эрнис мыкты инсан экенин каза болгондон кийин да тастыктады.
Биз, классташтар, «Каалга» ыр китебин, «Кун Фы Зы» котормо китебин алдык. Окудук. Эскерүүнүн алдында, классташыбыз врач-хирург Эмил Өмүралиев «Пирамида» каналына Назира менен барып, Эрнисти эскерип берген. Ошондо Эмил биздин максатты айтпадыбы, «Эрнистин чыгармачылыгын кийинки муунга жеткирүү» деп. Максатыбыз эле ошол.
Эрнис мыкты котормочу болчу. Назиранын айтымында, Эрнистин акыркы котормосу — Лариса Рубальскаянын «Кой, базарга бакыт издеп барайын» деген ыры экен. Ушул котормосун 5-класстын окуучусу Акак Жакшылыкова көркөм окуду. Демек, Эрнистин чыгармачылыгы өлгөн жок. Кийинки муун ушинтип улантат деген ишенимдебиз.
Эрнис 9 китеп которуп кеткенин, андан тышкары, «18 аалам. Эрнис АСЕК уулу» аттуу китеп даярдап жатканын айтты. Аны ашына чейин чыгарам деп белсенип турган Назирага бекем ден соолук, ийгилик каалайбыз! 2020-жылдын 31-январында акыркы сапарга узап кеткен классташыбыз Эрнистин жаткан жери жайлуу болсун! Бейиштен орун алсын!
Жаныбек КЕНЕБАЕВ
P.S. Эрнис АСЕК улуунун классташ досу, врач-хирург Эмил Өмүралиевдин эскерүүсүн бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.