Эсен болуп, эстей жүр!
13-июнь. Бүгүн Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, котормочу, акын, журналист Эрнис АСЕК уулу жарык дүйнөгө келген күн. Көзү тирүү болгондо 52 жашка чыкмак. Болгону 49 жыл гана өмүр сүрдү. 2020-жылдын 29-январында капилеттен жүрөгү кармап көз жумуп, 31-январда акыркы сапарга узатылган. Ат-Башы районундагы кичи мекени Кызыл-Туу айылындагы бейитте жатканына 2 жыл 4 ай 13 күн болду.
«Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!» дегендей, көзү өткөндөрдү даңктайлы, эмгеги менен эскерели. Тирүүлүктүн парзы ушул экен… Бүгүн эскеребиз…
Учурда Швейцарияда жашап жаткан, бир кезде “Агым” гезитинде чогуу иштеген калемдеш досу, белгилүү журналист Жеңиш Эдигеев Эрнисим каза болгон жылы (2020-жылдын 6-апрелинде) эскерүү жазды эле…
ЭДИГЕЕВ: «Мелис байке да, сен да өксүктү биротоло ала кеттиңер…»
Мунун бирөө — китебиңдин экинчи бети. Бирөөсү – акыркы бети. Акыркы бетке жалгыз аяк жол тартыпсың. Жолго улап минтип жазыпсың: “Чубалжыган, жалгыз аяк жолдой болгон саптар калды…” Сен өтсөң саптар эле калаарын ошондо эле өзүң айтыпсың. Анан жупкадай кылып ушу китепчени чыгарып коюпсуң. Чыгарбасаң эмне болмок дейм. Алаканга, чөнтөккө баткан китепче. Кичинекей бул китепче сенин мүнөзүңдү айтып турат. Турмушта, гезитте, көчөдө, адамдардын мүнөзүндө сен жакшы көргөн өзгөчө сулуу, баладай, бир татына нерселер болоор эле. Басып баратып же олтуруп айта берчүсүң: “Мага мобунда-ай эле нерселер жагат да, мобундай, кичинекей, башкасынын кереги жок, мындай быйтыкы-ый элечи…” деп, бийликтеги, мансаптагы, байлыктагы, достуктагы нерселерди айтып. Сен ошонуң менен ички дүйнөңү сыртка чыгарчусуң. Сен ошонуң менен эч качан чоң акча, чоң бийлик, чоң тепкич, чоң мансап, байлык деген нерселерди караманча чанганыңды билгизчүсүң. Сага чындап эле алардын кереги жок болчу. Кереги жок экенин далай ирет көрдүк, далилдедиң, мамилең менен, пикириң менен, жазганың менен, философтук ойлоруң менен анан да “мегиле, бу силерге!” деп жылаңач калганча чачынып салганың менен. “Турмуш ачык, так, түз, оролбогон жылаңач эле болгону жакшы” дечүсүң. “Ошол үчүн мисалы индиялыктар киносун эң эле жөнөкөй кылып тартат, турмушту алып туруп эле киного салат, турмуштан алып туруп киносуна коюп коет, болду. Ошондой жакшы” дечүсүң. Өзүң татаал болгон менен ошондой жөнөкөй жолду жактачусуң. Күндөр кандай өтпөсүн, өмүрүң кандай өтпөсүн, анысы узак же кыска болбосун, ар бир адам артына салмак таштап, салмагын калтырып кетет экен. Бири 90 жаш жашаса да эс тутумда, ойдо, жашоодо салмагы сезилбейт. Бири кыска жашаса да салмагы бүт сезимди, жүрөктү басып турат, кетирбей, кое бербей.
Эки тилде бирдей жаздың. Көптү билдиң. Сенден көп нерсе сурамакпыз, чоң муун да, тең муунуң, кичүү муун да сенден көп нерсе сурамак. А сен айтып берет элең. Сенин ошондой даражаң бар эле. Тилекке каршы, андай даража эл ичинде дайым эле табыла бербейт, суюлат, жок болот. Бул кайсы бир гезиттин эле эмес, бүтүндөй кесиптин, муундун, анан келип улуттун өксүгү болот. Мелис байке Эшимканов да, сен – Асек уулу Эрнис да өзүңөр менен ошондой өксүктү биротоло ала кеттиңер. Негизи эле бул дүйнөнүн достору өз ара шокпу, ойноокпу, тамыры бекемби, же бошпу, бири бирине алыспы же жакынбы, ынакпы же супсакпы баары ортосундагы бир акыл-эстүүлүк, билимдүүлүк, сөзгө бекемдик, жүрөгүндө нуру бар бийиктик достукту имерип, сактап турат. Өзүн кадырлуу, барктуу кылат. Сыйга чындап татыктуу болот. Сен ошондой элең. Теңтушчулук арасында сенде ошондой жарыктык, көк жалдык, бийиктигиң бар эле. Аралыктар болуп калса да, турмуш басып ынактыктар өчүп калса да теңтушчулук ортосунда баарысын жылдызың жанып өзүңө тартып турчусуң. Сендеги касиет, сен жеткен бийиктиктин дагы бири ошол эле.
“Корней Чуковскийди котором” деп көп ирет айтып жүрдүң. Азыр ойлосом сен балдардын дүйнөсүнө жакын болчусуң. Эмне үчүн Чуковский? Демек сага “Доктор айболит”, “Бармалей”, “Муха-Цокотуха”… мына ошол жомок дүйнө сага жакчу. Балага жакын болгонуң үчүн ушул жомокторду жана балдардын ушул жомокчусун жактырчусуң. Анан айта берчү элең: “Менде табыптык жөндөмүм бар. Мен ошону сезем…” деп. Аны атаңа байланыштырчусуң. “Чөптөрдө көп касиет бар, атаңгөрү ошолорду изилдесең…!!!” деп койчусуң. Ошол үчүн корей табыпкер Афанасийди баалачусуң.
Сен эми кайрадан эскерүүлөрдө, ырларда, тапаның менен көп жырткан Бишкектин көчөлөрүндө элес болуп капилет “кезигип” калганча жакшы тур. Тажабай көп баскан, эки ийнин турмуш баскан, тажабай жазуу баскан, зыяным тийбесе деген, өмүр бою сөз издеген, суроосунан жообу көп, жообунан да суроосу көп, көз айнекчен асыл дос Эрнис Асек уулу.
Жеңиш ЭДИГЕЕВ, 2020-жыл
Корней ЧУКОВСКИЙ: «Чымын, чымын, Чыр чымын»
(Муха-Цокатуха)
Чымын, чымын, Чыр чымын,
Алтын курсак тың чымын.
Жолго чыгып калыптыр,
Акча таап алыптыр.
Базарга да барыптыр,
Самоор сатып алыптыр.
«Таракандар, келгиле,
Чайдан татып кеткиле!»
Таракандар келиптир,
Чайын ичип кетиптир.
А кенелер кенебей –
Үч чыныдан ченебей,
Сүтүн кошуп ичиптир,
Кенелерге кичиктир,
Чыр чымының деген го,
Туулган күнү экен го!
Чиркейлер да зыңылдап,
Өтүк берди кыңылдап.
Өтүккө сыр катылган,
Сыдырмасы алтындан.
Чымынжанга келген дейт,
Чын ыкласын берген дейт,
Аары-апа энтеңдеп,
Балын алып келген дейт…
“Көпөлөк-сулуу кандайсыз?
Кандай татым тандайсыз?
Биздин тамак жагадыр,
Бардык татым сагадыр”.
Бир кезде эле жөкжөңдөп,
Жөргөмүш-чал бөкжөңдөп,
Чымынды бурчка сүйрөптүр,
Желесин ага үйлөптүр.
Чымынга оюм терең дейт,
Байкушка өлүм берем дейт.
“Айланайын, меймандарым, жардамга!
Жөргөмүш-чал турат мени алганга!
Мен силерди жедирдим да, ичирдим,
Силер үчүн кадикидей кичирдим.
Ажал келип калганда,
Келгилечи жардамга!”
А бирок коңуздарың-курттарың,
Мейман болгон журттарың,
Кадимкидей
жөргөмүштөн коркушуптур,
Булуң-бурчка,
тешиктерге жортушуптур.
Бирөө дагы согушууга батынбайт,
Бирөө дагы жөргөмүшкө атылбайт.
Чымын жаның бүт баарына тойду го?!
Туулган күн байкушумду сойду го?!
А чегиртке, а чегиртке сереңдеп,
Кадимкидей киши сымал элеңдеп,
Чырт, чырт чырт этип,
Канаттары
дырт, дырт, дырт этип,
Ары-бери секирди,
Бурчту көздөй бекинди.
А жөргөмүш-желмогуз
тамашалап койдубу?!
Кол-бутуна чымындын
Ак желеси сойлоду.
Жөргөмүш-чал бычак тишин катырып,
Чыр чымындын денесине матырып,
Канын соро баштады,
Катыра күчүн таштады.
Чымынбыз бакырды,
Жардам сурап чакырды.
А желмогуз шукшуңдайт,
“Жеп салам!” деп букшуңдайт.
Бир кезде эле ал-жайдан,
Кичине чиркей бир кайдан
Учуп келип калды дейт,
Колунда чырак жанды дейт.
“Кана өлтүрчү желмогуз?
Колго түшсүн ал доңуз!
Тырмагынан коркпоймун,
Кылычымды октоймун!”
Жөргөмүш-чалга жөнөдү,
Мындайга киши көнөбү?
Жини келип чынынан,
Жини келип чынынан,
Чалды уруп өттү дейт,
Башын жулуп кетти дейт.
Чымынды алып колунан,
Акырын сылап жонунан,
Терезеге жеткирди.
Мына сага өткүрдү;
Жөөлөп өттүм деп айтат,
Жөргөмүш өлдү деп айтат,
“Анда бийкеч билип ал,
Күйөөгө мага тийип ал!”
Так ошондо булуң-бурчтан бүжүрөп,
Курт-кумурска чыга келди жүжүрөп:
“Чиркейге даңк!
Чиркей баатыр!
Чиркей алп!”
Жарык чачкан курттар келип бат эле,
Жарыктарды чачып салды шарт эле,
Бардык тарап жаркырап,
Туруп калды шаң улап.
“Эй, кырк буттар келгиле!
Бизге бийлеп бергиле!”
Ар музыка жаңырып,
Добулбастар кагылып,
Бом-чын, бом-чын, чыпчырым,
Бийлеп жатат
Чиркей менен Чыр чымын!
Жандарында коңуз-топ,
Өтүктөрү: топ, топ, топ!
Сөөлжандар ар курттарды “тузактап”,
А кенелер бүргөлөрдү кучактап,
А мүйүздүү коңуздар,
Өтө эле бай “доңуздар”
Калпактарын ийлөөдө,
Көпөлөк менен бийлөөдө.
Тра-ха-ха, тра-ха-ха,
Таракандар: ха-ха-ха!
Алатоодой эт болуп,
Алакөлдөй чык толуп,
Баары тойдо чардашат,
Эки жашты ырдашат.
А кумурска, кумурска
Барбай койду жумушка –
Сулуусун белден тартыптыр,
Анысы колун артыптыр.
“Биз жыргайбыз, биз ырдайбыз,
Биз курттарбыз кичине!
Биз бийлейбиз, секиребиз!” –
Батпай турат, эх алардын ичине.
Өтүктөрү карсылдап,
Такалары тарсылдап,
Жалаң жыргал ой болот,
Таң атканча той болот!
Чымын, чымын, Чыр чымын,
Чырылдаган тың чымын!
Шарап куйгун кумурска,
Чымын чыкты турмушка!
Которгон Эрнис АСЕК уулу,
2005-жыл, 21-июль
Жаткан жериң жайлуу болсун, көрүнбөгөн периштем!
Назира СААЛИЕВА