— Эже, канча ырыңыз бар? Ыр китебиңиз чыкты беле?
— Ыр жазууга бала кезимден эле кызыкчумун. Ортодо үй-бүлөмө байланыштуу тыныгуу болуп калды. Болбосо убагында гезит, журналдарга ырларым чыгып турчу. Мектепте окуп жүргөн жылдары «Байчечекей» журналына, «Ленинчил Жаш», «Мугалимдер» гезиттерине, облусттук гезиттерге ырларым жарыяланаар эле. Эки жүздөн ашык ырым бар. Азырынча ыр жыйнак китебим чыга элек. Кудайдын буйруган күнү чыгып калаар…
Байдылда Сарногоевдин ырлары аба менен суудай керек!
— Кайсы акындарды кумир тутасыз?
— Кыргыз эл акындары: Байдылда Сарногоев, Асан Жакшылыков, Сагын Акматбекова, Жолон Мамытов, Меңди Мамазаирова, Сүйүнбай Эралиевдин жана Жыпара Исабаеванын ырларын көп окудум. Ар биринин ырлары өзгөчө. Ошондуктан бирөөсүн да бөлүп айта албайм.
— Айтылуу Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай, биздин сайт уюштурган эстафетага катышып бердиңиз эле… Залкар акындын чыгармачылыгы менен качан тааныш болгонсуз?
— Байдылда агабыздын «Жылкычы Бозой», «Ак чыны», «Кыздар жана көйнөктөр» жана башка обонду ырлары телерадиодон байма-бай берилип, ата-энелерибиз берилип угаар эле. Ал кезде ар бир ырдын автору да айтылар эле. А азырчы?..
Атам китеп көп окучу. Шаарга барып калганда бир топ китептерди сатып келчү. Ал китептердин арасынан Байдылда Сарногоевдин ыр китебин таап алып, окуп калдым. Бардык ыры мыкты экен. Улуу акыныбыз Мекенди көз карегиндей сактоого, ар бир кыргыздын көкүрөгүндөгү эл, жерге болгон сүйүүнү ойгото турган, ким экенибизди унутпай улутубуздун тарыхын эстеп, ата-бабалардын осуятын эскерип, салт-санааны чанбай, тилди барктап турууга үндөгөн ырларына катуу таасирленгем. Аларды жаттап, патриоттуулук жөнүндө болгон класстык сааттарда айтып да берчүмүн. Байдылда агабыздын ырлары азыркы жаштарга аба менен суудай керек! Себеби, патриоттуулук ойгонот. «Кыргызыма» деген ырын эле мисалга алайынчы…
«Асабаны» талашып урушкан келиндер…
— Кайсы окуя мезгил менен кошо карегиңизде катып калды?
— «Гезиттин баары бирдей жазышат» деп окурмандар нааразы болуп, гезит окуудан алыстап бараткан кезде, элдин оюндагыдай, калктын кызыгуусун арттырган «Асаба» гезити чыгып калды. Адамдарды кайрадан гезит ааламына алып келген чыгаан журналист Мелис Эшимканов болду. Анын гезитин эл кууп окучу…
Бир кызык окуяны айтып берейин. Айылда жашаган бир тууган агамдын кошунасы гезит сатчу. Бир күнү байкемдикине жөнөп калдым. Айылга жакындап калганда ызы–чуу болуп топураган элдин арасынан айласы кеткен гезит саткан адамды көрдүм. «Койгула эми, бир гезит үчүн ушунча урушасыңарбы?» деп кайым айтышып калган эки келиндин урушун токтото албай убара… Көрсө, алар акыркы калган бир даана «Асабаны» талашып жатышыптыр. Экөө кер-мур айтышып жатканда, аны да башка эле велосипедчен бирөө келип, акчаны сатуучуга карматып, гезитти алып, зуулдаган бойдон кетти… Ачууланган эки келин сатуучуну «Асабаны» тап эле тап» деп кыйнап киришти. Эмне кылаарын билбеген байкемдин кошунасы: «Эки сааттан кийин келгиле, экөөңө тең таап берем» деп кутулду. Анткени менен ал гезитти эч жерден таба албай, эрте сатып алып окуп бүткөн окурмандардан сатып алып экөөнөн кутулуптур…
Мына, «Асабаны» эл ушинтип кууп окушчу… Окурмандар күн мурун гезит саткандарга акчасын төлөп коюп, эртеси гезитчинин жолун карап күтүшөр эле…Көрсө, агездеги «Асаба» сөз эркиндигине урабай турган пайдубал тургузган экен. Жатык тил менен, даана, түшүнүктүү, куйкумдуу, тамаша чын иретинде жазылган стиль Мелис Эшимканов түптөгөн дал ушул гезитте бар болчу. Азыр эл «Асаба» десе Мелис Эшимкановду, Мелис Эшимканов десе «Асабаны» эстешет.
Элдин сүймөнчүлүгүнө айланган гезитте журналист, котормочу Эрнис Асек уулу да иштечү. Ал кыска-нуска, ары кызыктуу, ары пайдалуу макалалар менен котормолорду жазчу. Экөөнүн бир тууган экенин кийин билдик. Алардын жазгандарын эл талкуулап, макташчу. Эрнистин ыр жазарын да каза болгондон кийин билдик. Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай, силердин сайт эстафета уюштуруп, жыйынтыгында катышуучуларга Эрнистин «Каалга» аттуу ыр китебин белек кылбадыңарбы… Окуп чыктым. Ар бир ырында философия жатат.
Кыргыз, орус тилдеринде макала, чыгарма жазган ага-ини кыргыз басма сөзүнүн эркиндигине чыйыр жол салып, кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошуп кетишти. Албетте, жаш кетип калышканы кабыргабызды кайыштырат. Жаткан жерлери жайлуу болсун!
— Рахмат. Бар болуңуз! Учурда эмне иш менен алектенип жатасыз?
— Нарын облусундагы Нарын районуна караштуу Кара-Чий айылынын кызымын. Журналистикада көп жыл иштедим. Дале ошол тармактамын. «Данакер» журналынын редакторумун. Өзүм менен кесиптеш болуп бир кезде чогуу иштеген мыкты журналист, мыкты уюштуруучу, мотиватор, эл арасындагы таланттардын таанылышына себепкер болгон Кундуз Исмаилова деген кыргыздын сыймыктуу кызы негиздеген «Данакер Лингво» маданий-илимий коомдук бирикмесинин мүчөсүмүн. Бир кыз, эки уулдун энесимин. Балдарым менен сыймыктанам. Үчөө тең жогорку билимдүү, өз кесиптерин бапестешет. Алар менин үмүттөрүм, ишеничтерим, колдоп, сыйлаган асылдарым. Эки баламды жана кыргызымдын жигиттерин Ак калпак майрамы менен куттуктайм!
Назира СААЛИЕВА
P.S. «Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, эки гений бир тууган: Мелис Эшимканов, Эрнис Асек уулунун эмгектери менен эскерип келаткан жакшы адамдарга жана эскерүү жазып редакциябызга, эл.почтабызга (saalnaz@list.ru) жиберип жаткандарга терен ыраазычылык билдиребиз!