Темир САРИЕВ: «Мелис журналистикада курч макала жазса, саясатта да так ошондой курч болду» (ВИДЕО)

Темир САРИЕВ: «Мелис журналистикада курч макала жазса, саясатта да так ошондой курч болду» (ВИДЕО)

Сынак жыйынтыкталып, сыйлыктар тапшырылды

Кечээ, 6-декабрда, Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Мелис Эшимкановдун эркин кыргыз журналистикасынын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү ролу жана орду» аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция алкагында Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд студенттер арасында уюштурган сынак («Видео очерк» жана «Эссе» номинациялары боюнча) жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктары менен кошо “Мелис менен Эрнис”  китеби тапшырылды.

Эссе сынагы боюнча 3-орунду Акназик Атабекова (Бишкек мамлекеттик университети) менен Төлөгөн Сабырбеков (Кыргыз-түрк “Манас” университети) ээледи. 2-орунду Алия Бекбосунова (КУУ), 1-орунду Толубай Бурканбеков (ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти) ээледи.

Асел Эшимканованын айтымында, сынакка Түгөлбай Казаков, Эсенбай Нурушев, Айнагүл Сапарбек кызы калыс болгон.

Калыстардын айтымында эссе сынагына жыйырма студент катышыптыр. Алардын көпчүлүк бөлүгү Ош аймагынан экен. Сынакка катышкан студенттерге кең келечек каалайм. Ал эми мындай иш-чараны уюштуруп берген — Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) Журналистика жана маалыматтык системалар факультети. Деканыбыз Алтын Асановнага жана жалпы эмгек жамаатыбызга ыраазычылык билдирем”, — дейт А.Эшимканова.

Сүрөттөр сүйлөйт…

Эми иш-чара жүрүшүнө келсек, башы алгач китепкана фойесине коюлган сүрөт көргөзмөсү менен башталды. Ал жерде тарыхый сүрөттөрдө, албетте, Мелис байкенин ар кыл кыры ачылган өмүр жолу чагылдырылган…

Мелис ЭШИМКАНОВ: «Футбол — спорт падышасы». Тарыхый сүрөт таржымалы…

Алардын ичинде бул сүрөт көпчүлүктүн көңүлүн бурса керек. Себеби Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, кан достор азыр таасирдүү кызматта. Садыр Жапаров – президент, Камчыбек Ташиев — УКМКнын жетекчиси…

Бул сүрөттүн таржымалын жолдошумдан (Эрнис Асек уулу) сураганда, алар футбол ойноп, тыныгып отурганда журналисттер сүрөткө тартып, интервью алышканын айтып, «Футбол — спорт падышасы” дечү байкем. Спортко бала кезинен кызыкчу. Футбол боюнча уландар командасынын капитаны да болчу. Ал бош убактысында футбол, бильярд, шахмат ойнор эле. Мени чакырып алчу. Экөөбүз шахматты, бильярдды укмуш ойночубуз…» — деген эле…

А бул бир туугандардын Мелис байкенин иш үстөлүнүн үстүндө түшкөн сүрөтү, бактылуу мүнөттөрү… Сүрөткө катылган учур элесин карап:

«Өрт дагы, өткүр дагы Сиз турасыз!
Өткөргөн менин жолум ката экен да?..
Кеч иңир кирип келди, шашылайын…
Кечиргин агам дагы, атакем да…»

деп жолдошумдун агасына арнап жазган «Кеч иңир» деген ырын, «Атам да, агам да, досум да, моокум кандыра сүйлөшө турган шеригим да, шахмат ойной турган атаандашым да Мелис байкем эле…» деген сөзүн эстедим. Арман кылып жүрүп, күйүттөн артынан эрте кеткенин эстеп ичим эңшерилди…

Киргенинен чыкканы бат болгон Байсалов…  

Аталган иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов, Жогорку Кеңеш депутаттары Таалайбек Масабиров, Жанарбек Акаев, экс-депутаттар Аскар Салымбеков, Темир Сариев, Ибрагим Жунусов, Жылдыз Мусабекова, КТРК жетекчисинин орун басары Байма Сутенова, КТРКнын мурдагы жетекчиси Кыяз Молдокасымов, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев, БМУнун Журналистика жана маалыматтык системалары факультетинин деканы Алтын Асанова жана Алмазбек Акматалиев, Бекташ Шамшиев, Мамат Сабыров, Өмүрбек Андарбеков катышып, сөз сүйлөп, Мелис Эшимкановдун журналистикада да, саясатта да орду, ролу чоң, зор болгонун, азыр орду бош калганын, эбегейсиз берешен, колу ачыктыгы, бетке чабар сапаттарына токтолуп өтүштү.

Ал эми Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен Ширин Костюк, Эл аралык университетинен Милан Мырзагулов жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен Бакыт Орунбеков баяндама жасашты.

Иш-чаранын бир кызыгы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кечигип келип, жайланышып бир аз отурду да, шарт туруп кайра чыгып кетти. Ɵкмөттөн шашылыш чакырып кетиштиби же зарыл иштери чыктыбы, кайрылып кайра кирбегени баарыбызга табышмак боюнча калды…

Андан нары конференция белгилүү журналист Данияр Исановдун Мелис Эшимканов тууралуу тарткан даректүү тасмасы менен башталды.

Алтын АСАНОВА: “Мелис Эшимканов мыкты публицист болчу”

Иш-чараны уюштуруп жаткан Журналистика жана маалыматтык системалары факультетинин деканы Алтын Асанова өз сөзүндө журналисттердин баары эле публицист боло албастыгын, а Мелис Эшимканов кыска өмүрүн журналистикага арнап, тынбай макала жазган таланттуу журналист, мыкты публицист болгонун, эгемен өлкөнүн маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, жашоого өчпөс из калтырып кеткен анын ысымы кыргыз журналистикасында түбөлүккө сакталып калганын баса белгиледи.

Чыңгыз ЭСЕНГУЛОВ: «Мелис Асаналиевич КТРКда реформа жасаган»

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов Мелис Асаналиевич менен КТРКда чогуу иштешип калганын эстеп, ал жерге кандай реформаларды жасаганын, жаңы жабдыктарды алып берип, жаштарды чогултуп, аларга стимул бергенин, ченде жок берешендигин баяндап өттү.

Темир САРИЕВ: «Эрнис агасына анык, чыныгы бир тууган боло алды»

1979-жылдан бери дос болуп, акыркы сапарга узатууга чейин досунун жанында болгонун айткан Темир Сариев алгач анын жубайы Асел жеңеме ыраазычылыгын билдирип, Мелис байке жашоону, кесибин, мекенин, спортту, жаратылышты, ааламды, аялы Аселди аябай сүйгөнүн айтты:

— Мелис каза болуп калган адамды эле ойгото албаса, калганынын баарын ойготчу.  “Бей-бечаралар” партиясын түздү да, Кыргыз драма театрына жыйын өткөрүп, бийликке сес көрсөтүп, “Оңолгула, оңолбосоңор, бийлигиңерди алам!” деди. Ким ушинтип айта алат? Бул бир. Экинчиден, ал журналистикада курч макалаларды жазса, саясатта да так ошондой курч болду. Сессияда микрофондон болгон жаңылыкты айтып коер эле. Анан ошону депутаттар эртеден кечке талкуулап эле жатып калчубуз…

Мелис маалымат тандаганды, талдаганды жакшы билчү. Ошондуктан гезиттери мыкты чыкты. «Чокчолой баатыр» деген рубрика бар эле го, анда ким кызматтан кетет, анын ордуна ким келээри жазылчу эмес беле… Саясатчылардын баары редакциясына келип, интервью беришчү…

Дагы бир окуяны айтып берейин. Биз, достор, тоого көп чыкчубуз. Бир күнү Мелис «кошулам, мени да ала барчы» деп калды. «Тоо-ташка баса албайсың го?» десем, басам деп бир тууган иниси Эрнисти да ээрчитип алды. Ошентип тоого бир ат менен кеттик, ага куржундун баарын илип коюп, тоого жөө чыгып баратабыз. Ашууну ашаарда Мелистин башы айлана баштады… Аны атка отургузуп, куржундарды асынып алдык. Болбой эле жаман болуп баратты… «Ай, Темир, кокус мен ары карап кетсем, «Темир тоого алып барып өлтүртүп койду» деген кепке каласың. Бол, бутумду ушала!» дейт. Балдар чуркап ысык чай берип, бутун ушалап, денесине арак сүйкөп… Анда да «сени сынадым» деп коет. Ушундай жакшы күндөрдү өткөргөнбүз.

Эми бүгүн Эрнисти да айта кетпесек болбойт. Ал агасынын жанында жүрүп, анык, чыныгы бир тууган болуп бере алды. Экөөнүн мүнөзү асман менен жердей болчу. Эрнис көп ойлонгон, аз сүйлөгөн, терең жазган жигит эле.

Мына, бүгүн Эрнистин арбагы сезип жаткандыр… ордунан бир оодарылып алса керек…

Ага-ининин жаткан жерлери жайлуу болсун!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Алдыда Аскар Салымбеков, Мамат Сабыров, Бакыт Орунбеков, Ибрагим Жунусов, Кыяс Молдокасымов, Эмилбек Каптагаев, Жанар Акаев, Жылдыз Мусабекова, Ширин Костюктун эскерүүсүн окуй аласыздар. Уландысы бар…

АРХИВден…

«Гүкү апамды кадимки эле Темир Сариев 4-кабатка көтөрүп чыккан…»

Кечээ болгон зыйнатты бүгүн айтыш кыйын. Мелис байкем болгондо бир тура калып, бир жата калып, шамалга жүгүнгөн талдай болуп, үч айынан бери чоңойткон апасы жөнүндө бир ыйлап, бир күлүп жазып берет эле…

Мелис байкебиздин көзү өткөнү апам өзүн таштап койду. Айылга барсам эле көзүнө жаш алып, «Балам мага топурак салбай калды, энеге ушундан өткөн азап барбы? Жакшынакай турган баламды өлтүрүп эле коюшту» деп ыйлап кирчү…

Байкем менен санаалаш саясатчылардын көбү Атбашыга барышып, апамдын тамагынан ооз тийиип, чайын ичишти эле. Мелис байкем сыймыктануу менен «Мына мен оозуман түшүрбөгөн, мени чоңойткон Гүкү апам» деп дердеңдеп калаар эле. Бир жолу Бишкекке келип, Аман байкемдин төртүнчү кабаттагы батирине кадимки эле Темир Сариев жаш баладай көтөрүп чыккан. Былтыр барсам, ошону эстеп, «Темир балам жакшы жүрөбү?» деп коет. «Жакшы» дедим. Кайра Мелисин эстеп көзүнө жаш алып… Төрт жылдан кийин минтип сүйүктүү баласынын артынан кетип олтурат.

45 жыл тоодон түшпөй, атам экөө койчу болуп жүрдү. Учурунда Кыргыз ССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты да болгон. Эми мындай мал караган кишини көрбөдүм. Жетим козуларды, кулан, музоолордун, иттин күчүктөрүн баладай карачу да. «Ооруп калыптыр» деп үстүнө үйрүлө түшө калып, пикетка менен дары берип, эки күндө айыктырып алчу. Жонунда сөзсүз бир бала, бир колунда бээ сааган чака, бир колуда козу. Баарына жетишчү. Баарыбызды ушул киши чоңойтту. Кичүүбүз Русланды (ушул инибиздин колунда эле) катуу эркелетти. Анда Руслан олтуруп калган кези. Чай ичип олтурсак, көлдөлөңгө сийип койсо, жеп аткан нанын малып-малып туруп ашап койчу. «Ийи, тегеренейиним, баланыкы дары» деп калаар эле. Неберелерине жалынып олтуруп сөз таппай калчу…

Эми бу киши жөнүндө көлөмдүү чыгарма жазса болот. Мелис байкемдин «Гүкү апа» деген романы кыялында бар эле. Жазылбай кетти, аттиң…

Кош, апа, кош! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Эрнис АСЕК уулу,

«Баягы Асаба», 2015-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.