Мыкты котормочу Марат Токоевдин котормолорунан…

Мыкты котормочу Марат Токоевдин котормолорунан…

«Жакшы көрөмүн го?!»

«Жакшы көрөмүн го?!» деген рубриканы ачкым келип жүргөн. Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн. Керек болсо, самачумун. Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык. Аны өзүмөн байкайм. Күнү-түнү жаныңда жүргөн адамга жакшы сөз айталбай калат экенсиӊ. Ушунчалык майда болуп кетиппиз. Муну мага Бетховендин “Ай сонатасы” айтты. Сонатаны кыргызча которо албай, жаман болдум. Анан кийинкиси кетти. Унчуга албадым. «Унчукпаганың – алсыздыгың» деп да айтып көрүштү. “Мейли” дедим. Анткени мен  “Ай сонатасын” – “Ай мээрими” деп өзүмчө которуп алгам. Бардыгы ошондон башталды окшойт. Керек болсо, керек нерсенин кереги жок болуп калат. Анткени ал – “Ай сонатасы”. Сен ошону түшүнөсүңбү? Түшүнүп-түшүнбөсөң да, айта турганым: “Ай сонатасы” болчу. Башка сөзүм жок. А сөз жок калганда, серт көрүнө баштайсың, ошол үчүн мен музыкага таазим этем. Анын касиети сөз эмес, дабыш, добуш, үн, эмне десеңер ошо дегиле, бирок таазим этесиң. Бирок кыргызың “Миң уккандан бир көргөн” дейт. Көздүн кулу экенбиз, ов! Толубай сынчы кыргыз үчүн эмнеге жаралган дейсиңер? Ушул сөздү айтыш үчүн».

Эрнис АСЕК уулу (2018-жыл)

Адамгерчилиги бийик адам тууралуу…

Журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис АСЕК уулунун (1970-2020) жогоруда жазганында кеп жок. «Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык» деп жазганындай, тирүү кезинде таланттуу адамды барктап, баалаганды билбейт экенбиз. Ошондон улам жолдошум ушундай рубриканы ачууну самаган да. Тилекке каршы, ал каалоосуна жетпей калды… Ар бир сөзү аманат болуп калгандыктан колдон келишинче аны аткарууга далалат жасап келатам.

Бул рубрикабыздын кадырлуу коногу — байымдын жакшы көргөн адамы, чыгармачылыкта тапкан досу, журналист, акын, котормочу Марат ТОКОЕВ. Котормолорун сурап алдым. Марат дагы менин жолдошумдай болуп чыгармаларын оңой менен эч жакка жарыялабайт. А бирок, жолдошумдун чыгармаларын дайыма менден сурап алып жарыялап келет. Талантты баалаган, адамгерчилиги бийик адам.

Анда эмесе, мыкты котормочунун котормолору алдыңыздарда…

Назира СААЛИЕВА

Кыска аңгемелер

Вячеслав ХАРЧЕНКО: «КҮТҮҮ»

Метронун жанында сени күтүп турам.

Кечээ сурагам:

– Канчага кечигип келесиң?

– Билбейм, — деп жооп бергенсиң.

Эгер канчага кечигип келериңди билсем, ошондо так сен кечигип келген учурга келип калат элем, бардыгы өз убагында болмок, а бирок сен канчага кечигип келериңди билбейсиң.

Сени күтүп турганымча алты жуп кезиккени жетишти. Кулакчында ойноок жаңы орлеан джазы ойноп жатат.

Мен чалдым:

– Канчага кечигип жатасың?

– Билбейм, — деп жооп бердиң.

Кезиккиси келбеген адамдар да кезиккени жетишти.

Мен дагы бир жолу чалдым, бирок байланыш болбоду.

Ал эмес кетип калгандар – кайра кайрылып келип дагы кезигишти, а сен дале жоксуң.

Сен бир жарым сааттан кийин келдиң, маршрутка тыгында туруптур. Мен сени өптүм.

– Мен бир жарым саатка кечиктим, — дедиң да жылмайып койдуң.

Викентий ВЕРЕСАЕВ: «УЛАМЫШ»

Мага бул уламышты бир кезде саякатчы-англичан айтып берген эле.

Бир жолу кеме калың тумандын айынан Самоа аралынын жанында түн өткөрүп туруп калат. Кызып калган матростор жээкке түшүшөт. Токойго кирип от жакканга камдана башташат. Бутактарды кертип, мөмөсүн алабыз деп кокос багын кыйып жыгышат. Бир кезде караңгыдан онтогон, ыйлаган үндөр угула баштайт. Баарын калтырак басат.  Матростор бул түнү уктабай, отко ыктап таң атырышат. Түнү бою аларды курчаган караңгыдан күбүр-шыбырлар, онтогон, ыйлаган үндөр угулуп турат.

Таң атканда алар мындай көрүнүштү көрүшөт. Кыйылган кокостун дүмүрүнөн, сөңгөгүнөн кан тамчылап, бардык жерде кыпкызыл көлчүктөр. Лианалар кесилген жыландардай ар кайсы жерде жатат. Кесилген бутактардан кан тамып атат. Бул ыйык токой болчу. Самоада ыйык токойлор бар, андагы дарактардын жаны болуп, сөңгөктөрүндө кан агат. Мындай токойдо жергиликтүү калк бир жалбыракты да жулгандан тартынат.

Матростордун бири да каза болгон жок. Алардын бардыгы кемеге аман-эсен кайтып келишет. Бирок калган өмүрүндө алардын бири да эч качан күлгөн эмес.

Мага биздин жашоо – ушундай эле ыйык токойдой сезилет. Биз ага көп маани бербей, көңүл ачып, жыргаш үчүн гана киргендей болобуз. Ал эми айланабызда бардыгы жашап жатат, бардыгы тирүү – ойлонот, сезет. Балта менен чаап түсү жок, муздак шире агат деп күтөбүз, а бирок биз күткөндөй эмес, кыпкызыл, ысык кан атырыла баштайт… Дүйнөдө бардыгы татаал, терең жана сырдуу! Ооба, биз жашоого бакзарга көңүл ачыш үчүн сейилдеп киргендей эмес, жашоого жана терең сырга толтура ыйык токойго киргендей толкунданып сүрдөп киришибиз керек.

Тонино ГУЭРРА: «КАРЫЛЫК»

…Жетимиш жашка чейин мен адамзат жараткан улуу өнөр кенчтерине, шедеврлерге таазим этип келдим. Алар менен суктаганга күч-кубатым көп болчу… Азыр мага жөнөкөй, табигый эле нерселер жагат. Жаандын же кардын жаашы – бул дайыма ажайып көрүнүш. Сен эми жөн гана суктанган көрүүчү эмессиң. Сен ааламдын бир бөлүгүсүң.

Карыганда көрүп турганыңды тереңинен сезе билгендин өзүнөн эле чоң рахат алса болоорун ачтым.

Бир жолу мен кароо менен көрүүнүн ортосундагы айырмачылыкты түшүндүрдүм эле. Жаштык карайт, карылык көрөт. Жаш кезиңде дүйнөгө – түсүнө, затына суктанасың. Көп нерсеге караганың менен, аларды көрбөйсүң.

Жакында мен Италияда автоунаада кетип баратып мени таңгалдырган бир нерсени көрдүм. Мен автоунааны токтотууну суранып сыртка чыктым. Бул кадимки чоюн отургуч болчу. Ал көптөн бери каралбай, аны көк чөп басып кетиптир. Ал ушунчалык эски болгондуктан, ага эч ким отургусу келбей калган. Мен анын жалгыздыгын көрдүм, бир кезде ага отуруп, ары-бери өткөндөргө көз салган карыларды көрдүм. Алар азыр бул дүйнөдөн өтүп кетишип, отургуч жалгыз калган. Мен анын жалгыздыгын бөлүшөйүн деп ага отура кеттим.

Көргөндү билгениң – бул карылыктын бир рахаты…

Стив МОСС: «ЖӨН ГАНА СҮЙҮҮ»

Аял эркекти жакшы көрөт эле.

Эркек аны билчү.

Аял сүйөрүн ага айткысы келет, бирок кантип айтаарын билбейт.

– Жылдыздар ушунчалык муздак жанышат, а күн болсо ыппысык, — деди ал үшкүрүнүп.

– Жөн гана жылдыздар өтө эле алыс, — деди эркек.

– Эмне үчүн аларды жакыныраак кылса болбойт, — деп сурады аял.

– Жакыныраак?

– Ооба, — деди аял.

– Эркек аялды карады. Дүйнө жапжарык боло түштү.

55 сөздөн турган чыгармалар

Глен СТАРКИ: «ДАГЫ БИР МҮМКҮНЧҮЛҮК»

Сүйгөнү аны таштап кетти. Үмүтү өчүп, айласы кеткендиктен “Алтын дарбаза” көпүрөсүнөн боюн таштады.

Ушундай да болот экен, ушул эле кезде болгону бир нече кадам андан ары бир кыз дагы көпүрөдөн боюн таштады.

Экөө ылдый учуп баратышты.

Көздөрү кезикти.

Дароо эле бири-бирине тартыла түшүштү.

Бул накта сүйүү эле.

Аны экөө дароо түшүндү.

Сууга бир метр калганда.

Шири ПЕЛЕМЬЕ: «ТҮШ»

Кичи кезинде ага түшүнө карышкырлар кирет эле. Бир жыл бою ар бир түнү карышкырлардын үйүрү аны түшүндө кубалашчу. Ал дайыма качып кеткенге жетишчү.

Кийин бир жигитке кезикти. Ал оюнкарак, бирок ишенимдүү болчу. Анын курч тиштери, калың чачы боло турган.

Ага азыркыга чейин карышкырлар түшүнө кирет.

Бирок бул жолу ал карышкырлар менен чогуу чуркап жүргөн болот.

Том ФОРД: «МЕН КЫРСЫК ТУУРАЛУУ БИЛДИРГИМ КЕЛЕТ»

“Селия, бардыгына сен күнөөлүсүң. Менин суудан көөп шишиген денемди бассейнден табасың. Кош бол. Умберто”. Селия катымды колунда кармаган бойдон үйдөн чыгып, кыямга түшүп калган чоң чымынга окшоп сууда көмкөрөмөн жаткан денемди көрдү. Ал мени куткарам деп сууга секирип, сууда сүзгөндү билбегенин эстей калып чабалактап өзү чөгө баштаганда мен туруп суудан акырын чыгып кеттим. Номур 338412-камалуучу.

Грейс КАГИМБАГА: «БУЛ БИР ЖЫЛ МУРДА БОЛГОН ЭЛЕ»

Сыдырым жел жүзүн жана кийимин аймалаган Дуг Джоуини карап турду.

– Салам, Джоуи! – деди Дуг.

Айлана тымтырс эле.

– Джоуи, суранам, кечирчи мени. Мен мындай болорун билген эмесмин. Чыным айтам. Жаңы жылың менен, Джоуи!

Дуг Джоуинин мүрзөсүнө гүл коюп, жай басып артка жөнөдү.

– Ошол күнү кечинде мас болуп алып авто унааны айдаганымды бир күнү кечиресиңби? – деди ал.

Ыр

Павел БАННИКОВ

*   *   *

дубалга жарака сүңгүйт, так ушинтип жашоо кирет искусствого —
жасалмасыз жашоо сүңгүйт чеберчилик менен жасалган дубалга
капкара жарака аппак дубалдын бетин чиймелейт
аңгыраган кара боштук улам кеңейип, бөлөт аппак мейкиндикти

эгерде кара чийинден башка жакка бурсаң көңүлүңдү –
айта аласыңбы мага, кайсы ак агыраак башка актан?
эсиңдеби, бул ак мурда башкача ак болгонун? ал эмес –
бул ак бүтүн беле мурда? элестетип көрчү

жараканын жаралышынын себебин – мыкбы же жылышыбы
тектоникалык плиталардын – муну билүү маанилүүбү? дагы эле
бул жашоо дубалга сүңгүп кирип жатабы, ал билеби
чертеж, устун, шыбак, раствор, чеберчилик бар экенин?

жараканы карап элестердин артынан ээрчип кеткенде
жашоону сен жашоо катары кабылдадың беле?

Которгон Марат ТОКОЕВ

P.S. Марат Токоевдин «Сүртүмдөр» аттуу ыр жыйнагындагы ырларынан жакында жарыялайбыз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.