ВИДЕО — АСАНОВА Билимбүбү: «Баламдын артында туяк калбаганына өкүнөм»

ВИДЕО — АСАНОВА Билимбүбү: «Баламдын артында туяк калбаганына өкүнөм»

«Баламдын китеби чыгып калса жакшы болот эле…»

Жакында эле (15-майда) Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада журналист, публицист, акын Жолдошбек Зарлыкбеков агабыз эскерилди. Эскерүүгө айылдан апасы Билимбүбү Асанова, бир туугандары келип катышты.

Иш-чарага келген коноктор Жолдошбек байкенин апасын көрүп кубанып, мүмкүнчүлүк боло калган жерден сүрөткө түшүп… суроо узатып сүйлөтүп да жатышты. 83-жазды тосуп жаткан апабыз чарчадым-чаалыктым дебей, баарыбыздын собол-суроолорубузду жоопсуз калтырган жок.

Апанын айткандары боюнча, акын агабыз 11 баланын улуусу болгондуктан чоң энесинин колунда өсүп-чоңойгон. Ырды болсо, 7-класстан баштап жаза баштаган. Чоң апасына арнап көп ыр жазыптыр. «Чоң апасына арнап жазган бир ырын жубайы Асия бүгүн окуп бербедиби… Мага арнаган ыры жок эле, ыр жаздым деп дегеле айткан да эмес. Биз эми мал менен тоо-ташта, жайлоодо жүрдүк да. Кайын энемдин колунда өскөндүктөн, мени жеңе дечү, көзү өткөнчө жеңелеп өттү. Илгери тунун чоң апалары багып алчу да… 16 жашымда турмушка чыгып, Жолдошту 18 жашымда төрөдүм азап менен. 1959-жылдын 19-январында төрөлгөн… «Эмне мынча жапжаш кезиңде жанталашып атама тийдиң? 18 жашыңда, анда да кычыраган кышта мени үшүтүп төрөп…» деп Жолдош мени тамашалап калчу. Тамашакөй эмес беле кагылайыным… Анда балдарымдын бардыгы толук эле, көбү бу дүйнөдөн өтүп кетти. Жер гана катуу да, болбосо алардын артынан эле кетким келип туру… Кудай да мени албай жашатып жатат. Сексен үчтүн суусун ичип отурам. Эң кичүү баламдын колунда, айылда турам. Жолдоштун эскерүүсүн угуп  кантип келбей коём?! Уул-келин, неберелерим менен келип калдым», — деп жетелешип сүйлөшүп тепкичтен ылдый түшүп баратсак, бир кичинекей бала чуркап келип эле апанын көйнөгүнүн этегинен кармап калды. «Кимдин баласысың?» — деп суроо узата калсак, «Зарлыкбековдордун тукумунанмын го…» деп күлдүрдү. Чоң энеси да күлүп: «Мен ошентип айтып койгом. Баламдын аты өчпөсүн деген тилек менен неберелеримдин фамилиясын метиркесине Зарлыкбеков деп каттаттык. Жолдоштун артында туяк калган жок да…», — дей берип апа оор үшкүрүп алды…

Гүлмира АСАНОВА: «Байкем экөөбүз Мелис Эшимкановдун үйүндө жашаганбыз»

Бир тууган карындашы Гүлмира эже жаркылдап буларды айтып берди:

— Мен алгач ушундай чакан эскерүүнү уюштурган группалашы Кабыл Макешов байкеге жана эскерүүгө келип берген, эскерип сүйлөп берген замандаштарына, байкемдин ырын окуган жаштарга, минтип эскерип жазып жаткан журналисттерге, дегеле байкемдин талантын сыйлаган адамдардын баарына терең ыраазычылык билдирем..

Байкемден ажырап калганыбызга сегиз жыл болуптур, ошондон бери же эскерилбей, же китеби чыкпай келди. Бүгүнкү эскерүүдө да ушул маселе айтылбадыбы. Ар кандай себептерден улам эскерилбей, китеби чыкпай келди… Агабыздын сандыгында ырлары толтура экен, ал жеңебиздин колунда турат. Ыр жыйнагы «Жөө кеткен жол» аталышта жарык көрөрүн Алтынай сиңдим айтпадыбы. Ал күн да алыс эместир. Мындан ары да агам эскерилип, китеби чыгат деген ойдомун…

Эми байкем тууралуу айтсам, биз 11 бир тууганбыз, балдардын улуусу Жолдошбек байкем, кыздардан — менмин. Экөөбүз Кочкор районундагы Кара-Суу айылында, Батыш чоң энебиздин колунда өсүп-чоңойдук. Калганы чабан ата-энебиздин колунда тарбияланышты.

Байкем ырды бала кезинен эле жазчу. (Күлүп) Кара-Сууда мектепте окуп жүргөндө, иш-чаралар болуп калса же дубал гезит чыкса,  активдүү катышып, ыр жазып берчү.  Мектепте ыр жазган окуучулардын катарын толуктачу. Тынбай ыр жазып, чоң энем экөөбүзгө окуп бере берчү. А бирок агезде мен ыр эмне экенин билчү деле эмесмин. Байкем акын болгонун да кийин түшүндүм да. «Кара-Кужур» деген ырын 1975-жылы жазыптыр. Ушул ырдын ичинде апам менен инимдин кыймылын, элесин укмуш берип койгон да:

«Кыялай чыйыр жолдо жалгыз аяк,

ат барат көнүп бүткөн ак боз үйгө.

Кыраңда ак жоолукчан апам калат,

Муңайым сагыныч катып көздөрүнө.

Жанында кичүү иним жаңы баскан,

быйтыйган колун булгайт кубанычтуу.

Жашоодо деги кимдер ойлоп тапкан,

өмүрдө узун-кыска аралыкты» деп жазып жатпайбы… Караңызчы, кандай керемет саптар! Окуган сайын балалыгыма кайтып баргандай болом…

Баккан апабыз, чоң энебиз жамакчы болчу, тимеле сөздөрдү уйкаштырып, жамактап куюлуштуруп сүйлөчү. Байкем экөөбүзгө жакшы тарбия берди. Тамашакөй болгону менен байкем да тартипти катуу кармачу. (Күлүп) Мен байкемден кадимкидей коркчумун, тартынчумун, бир жакка барарда араң суранчумун…

Ошентип ортодон убакыттар учуп, бактылуу балалык да бүтүп, алтын уябыздан туш-тушка учтук. Агам Германияга аскерге кетти. Келгенден кийин колхоздо чабан, райондук ооруканадагы «Тез жардамда» айдоочу болуп иштеди. Иштеп, анан барып окууга тапшырды. Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүндө окуду.

Анан ошол учурдагы эң окумдуу «Ленинчил жаш», «Жаштык жарчысы» гезиттеринде эмгектенди. Айтылуу Мелис Эшимканов менен ошол жактан таанышыптыр. Мелис байке абдан жакшы киши эле. Ата-энеси менен Кызыл-Аскерде жашап турган бир учурда бир бөлмөсүнө байкемди алып барып да жашатты. (Күлүп) Кийин мен да жашап калдым. Абдан жакшы кишилер эле… Ал үйдө көп эле кишилер жашады го дейм. Мен билгенден Султан Жумагулов, анан, аты-жөнүн унутуп жатам, дагы бир сулуу кыз квартирант болуп жашаган, кийин каза болуп калды. Султан байке, байкем ошол сулуу кызга арнап ыр жазып, аны Мелис байке болуп ортого коюп алып окушкандары эсимде… Үчөө  адабият, маданиятты көп сүйлөшүшчү, шахмат ойношчу… Армандуусу, азыр үчөө тең жок…

Эрнис АСЕК уулу: «Мелис байкем Жокемди башкача жакшы көрчү»

Кайсы жерге эскерүүгө, иш-чарага барбайын, интервью албайын көпчүлүгү кайын агам Мелис Эшимкановдун (1962-2011) атын атап сөз кылышат. Ата-энесиникинде жашап калышкандарын да айтышат. «Жакшы адамдар эле» деп эскеришет. Кандай гана жагымдуу, адамдын жакшылыгын айта жүргөн, унутпаган… «Ушинтип айтышты» деп жолдошум Эрнис АСЕК уулуна (1970-2020) кубанып айтып келсем, «Биздикинде кимдер гана жашаган жок. Мен нарындыкмын, атбашылыкмын дегендер келип жашаган. Киши көп болгондо, биз сыртка чыгып калчубуз» деп жылмайып калчу эле…

«Мелис байкем Жокемди башкача жакшы көрчү. «Зарлыкбековго зарлагандар бар, анан Зарлыкбеков өзү зарлаткандар бар» деп койчу. «Койчу, Жоке!» деген сөзүндө эле улуу сый жатчу… Бир курдай Мелис байкем ыр китебин чыгарып берейин десе, «быша элек, коё тур, Меке» деп болбой койду эле. Чыгартып алса болмок. Кочкордон чыккан байлар көп. Оголе көп. Кочкорлуктардын намысы күчтүү деп укчу элем. Жакын арада китебиңизди окуп каларыбыз бардыр» деп Эрнис жазгандай, Жолдошбек байкенин ыр китебин жакын арада окуп каларбыз…

Албетте, Жолдошбек байкенин бай казынасы ырлар менен гана чектелбейт… Макалалары, маектери, ал эле эмес майда кабар-жаңылыктары да баарыбызга кандай жазышты, сөз менен кандай иштешти, материалдарды кандай өңүттө беришти үйрөтчү өзүнчө чоң казына… Тамашакөйлүгү, күлкүлүү учурлары да бир канча китептин бетин ээлесе керек деп ойлойм… Кудай буйруса, Жолдошбек Зарлыкбеков ааламын ачып берген китептерди окуп каларыбыздан ишенимим чоң…

Жолдошбек байке өмүрүнүн акырында Эрнис негиздеген «Баягы Асаба» гезитинде эмгектенип калды. Акыркы жазгандары дал ушул гезитибиздин архивинде бар. Китеп чыгарууга далалат жасап жатышкан бир туугандарына жазгандарын берүүгө даярбыз.

Агабыздын чыгармаларындагы экинчи өмүрү узун жана шыр болсун!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.