54 жашка чыкмак
Котормочу, акын, журналист жолдошум Эрнис АСЕК уулунун (1970-2020) көзү тирүү болгондо бүгүн — 13-июнда 54 жашка толмок.
“Артыңда эстей жүргөн кишиң, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, жолдошумдун артында калтырып кеткен опол тоодой эмгеги менен эскерген, талантты баалаган жакшы адамдар оголе көп. Өзүн да, сөзүн да, эмгегин да, бир тууган агасы Мелис Эшимкановду (1962-2011) да эскерип келишет.
Бүгүн да жолдошумду жакындан билгендер эскермекчи… Эрнис экөөбүздүн ак сүйүүбүзгө күбө болгон жакын курбум, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучусу Рахат Аскарованын эскерүүсүн окуп коюңуздар.
Назира СААЛИЕВА
Мен Эрнис Асек уулун кандай тааныдым?
Алгачкы жолу көргөн күндөн тартып, өмүрүнүн аягына чейин мен Эрнис Асек уулун акыл калчап сүйлөгөн, салабаттуу адам катары тааныдым…
Курбум Назиранын университетте окуп жүргөндө эле: “Мен турмушка чыксам, “подружкам” сен болосуӊ”, – деген сөзү бар эле. Бир күнү жай баракат чай ичип отурганымда телефон чалып, турмушка чыгып жатканын айтып: “Арал” кафесине кел, ага-туугандарым мени ошол жерден узатышмак болду”, – деп калды. Болочок жолдошунун ким экенин билбесем да, элеп-желеп болуп, белгиленген күнү айтылган кафеге жетип бардым. Кафеге жакындаганда эле жолдун аркы жагында колуна чоӊ букет лилия кармап келе жаткан мырзага көӊүлүм бурулду. Көрсө, Назиранын болочок күйөөсү ошол экен. Гезит беттеринен окуп жүргөн журналист, котормочу Эрнис Асек уулу менен ошондо алгачкы жолу жакындан таанышып, сүйлөшүп калдык. Азыр деле Эрнисти эстегенде ириде көз алдыма костюм кийип, колуна гүл кармаган элеси тартылат…
Мен Эрнис Асек уулун жамандыкты жакшылыкка айлантууга жан үрөгөн адам катары тааныдым…
Жубайы Назиранын айтуусунда өмүр менен өлүм, адилеттүүлүк менен адилетсиздик, адамкерчилик менен кыянаттык жөнүндө көп ойлонуп, бул жашоодогу адамдардын көрө албастык менен карасанатайлыгына, ач көздүк менен адилетсиздигине күйүп-бышып, жүрөгү күлгө айланып жашап өттү. Жашоонун миң бир оош-кыйышы жөнүндөгү ой толгоолорун өзү жазган ырлары менен котормолорунда чагылдырды.
Жашоодо жакынын да, алысынан да ага карата болгон “кара туман соккулардын” бардыгын жүрөгү аркылуу өткөрүп, көкүрөгүндө аруулап, таза энергияга айлантып, аны чыгарма жаратууга, Конфуций, Булгаков сыяктуу ойчул, жазуучулардын чыгармаларын которууга жумшады.
Мен Эрнис Асек уулун жалгыздык менен достошкон терең ойчул катары тааныдым…
Көп көрүшүп, сүйлөшкөн жокмун, бирок ошол бир нече жолку кездешүүдө анын чөйрөсүндө өзү сыяктуу, анын деӊгээлинде ой жүгүртүп, анын өзгөчө жан дүйнөсүн түшүнгөн адамдардын жашоосунда дээрлик жоктугу көздөрүнө жалгыздыктын көлөкөсүн түшүрүп турганын байкар элем. Анын жашоодогу жалгыз таянары, жалгыз тиреги, жан дүйнөсүн түшүнүп күйүп-бышкан жалгыз медери жубайы Назира болду… Ойлонор эле… Сүйлөшүп жатып, угуп жатып да кандайдыр бир өзүнүн терең ойлоруна сүңгүп кетер эле…
Мен Эрнис Асек уулун чыгармачылык талаасында тер төккөн чыныгы эмгекчил котормочу катары тааныдым…
Бир күнү үйүнө барып калсам: “Мени курбуӊ башка эч нерсеге алаксыба, эмне кааласаң ошону которо бер деп, ушул үйгө «камап», иштетип жатат”, – деп тамашалаганы бар. Ал жашоосундагы оош-кыйыштарга карабай, көкүрөгүндө жанган чыгармачылык чырагынын жарыгында, изденип иштегени-иштеген эле…
Мен Эрнис Асек уулун түшүнүктүү мырза, кадыркеч жар катары тааныдым…
Үйүнө барып калсаң, кабак-кашын түйбөй, жайдары кабыл алар эле. “Курбулар ээн-эркин өзүңөрчө сүйлөшүп алгыла”, – деп, Назира экөөбүздү ээн калтырып кеткен учурларда анын түшүнүктүү, кадыркеч жар экенин көрүп, ичимден ыраазы болгом. Албетте, балким анча-мынча кемчилиги болсо болгондур, пайгамбар болбогон соң, кимде болбойт? Бирок чыныгы мырза катары жубайын сүйүп, баалап жашап өттү.
Эбегейсиз чоӊ жаӊылык
Рахат АСКАРОВА