Аруужан эженин алтын эшиги…
7-июлда «Дасмия» этнокомплексинде “Дасмия+Адамзат” борбору түзүлүп, ачылыш аземи болуп өттү. Чакан чөйрөдөгү жыйынга мугалим, коомдук ишмер, акын, журналисттер, мектеп окуучулары катышты.
Иш-чараны жазуучу, акын Бүбүсара Аруужан Калыкова ачып берип, жаңы түзүлгөн борбордун максат, багытына учкай токтолду. Эжебиз 4-номер ак өргөдөн орун алып, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, эне тилин, улуттук кийимин калыбына келтирүүнү, акын-жазуучу, манасчы, дастанчы, дегеле чыгармачыл адамдардын иш-чарасын өткөрүү, жаш жеткинчек өспүрүмдөр менен эркин темада баарлашып, алардын шык-талант, өнөрүн ачып берүүгө командасы менен бел байлаганын, аны ишке ашыруу алдындагы алгач ишти манас айтуу менен баштагылары келгенин, каалоочуларды манас айтууга чакырганын айтты. Мындай долбоорду “Дасмия” этнокомплексинин жетекчиси Турусбек Мамашов да колдоп, ак өргөлөрдүн бирин биздин командага пайдаланууга бергенин, боз үйлөрдүн каалгасы бекилбей дайыма ачык болуп, ушундай жакшы иштер, күндө болбосо да, ай сайын болуп турушун максат кылып, ар бир айдын жетисинде өткөрүп турууну пландашкандарын, андыктан ак өргөнүн алтын эшиги өнөр адамдарына ар дайым ачык экендигин айтып келип, иш-чарага алтындай убактыларын бөлүп келген меймандарга ыраазычылыгын билдирди.
Жакшы маанайдагы бул иш-чараны Кеминден келген журналист, акын Кенже Абдылдаева алып барды. Иш-чара башын манас айтуу менен баштайлы деп журналист Шахзада Авсаматованын Бишкек шаарындагы №68 мектепте билим алып, 8-класска көчкөн окуучу кызы Периште Турусбекованы ортого чакырды. Атына заты жарашкан секелек кызыбыз «Манастан» үзүндү айтып берди:
Э…э…эй,
Ат семирип ык болду,
Ааламды бузган көйкашка
Чогулушуп кырк болду.
Тонсуз келген чорого
Жакасы алтын, жеңи жез,
Кош бадана, торгой көз,
Тон кийгизди зор Манас!
Атсыз келген чорого,
Кара байыр казанат,
Калбыр өпкө, жез канат.
Камыш кулак, сом туяк,
Ат мингизди зор Манас.
Малсыз келген чорого
Адырда жылкы ала баш,
Аргымак, буудан аралаш
Айдап берди зор Манас!
Бойдок келген чорого,
Оймок ооз, бото көз,
Жазык маңдай, калем каш,
Кумурска бел, тасма бой,
Суксур моюн, кундуз чач,
Сулуулугун айтпай кой,
Кылтылдаган сулуудан,
Алып берди зор Манас!
Үйсүз келген чорого,
Кырмызы менен чырматкан,
Уук менен кереге
Он сегиз түрлүү сырдаткан,
Он эки канат ак сарай,
Салтанаты бир далай,
Ордо берди зор Манас!
Айкөл Манас барында,
Оромпой тээп, ордо атып,
Чатыраш ойноп, даң салып.
Көк сүлөөсүн бөрктөрүн,
Ыргап жатып калышты.
Көңүлдөрү катуу өсүп,
Жыргап жатып калышты.
Э…э…эй!
Элмира МУРАТАЛИЕВА: “Дастан айтуу боюнча сынак уюштурсак деген тилек бар”
Андан соң сөз актер Акылбек Мураталиевдин жубайы, аталган борбордун командасындагы айым Элмира Мураталиевага берилип, ал сөзүн борбордун аталышы, ачылышы менен куттуктоо менен баштап, олуя, акылман, даанышман ата-бабаларыбыз тууралуу кеп козгоп, өз заманынын көйгөйүн ырдаган нускоочу акын, элдик таалимчи, дипломат, көрөгөч, олуя Калыгул Бай уулу “Акыр заман”, “Тар заман”, “Зар заман” деп ырдап отуруп, акыры “Улуу заман” келгенин, эми ушуну барктап-баалап алышыбыз керек деп баса белгиледи. Сөзүн улай акылман кыргыз элибиз сөз менен жеткире албаганды күү менен жеткиргенин, дүйнөнү кыргыз багындыра турган заман келгенин, 25 жылдан бери кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Бүайша Арстанбекова менен кыргыздын каада-салт, үрп-адатын көтөргөн коомдук иштерди жасап келатышканын, кыргыздын үзүлүп калган өнөрүн кийинки муундун улантышына ар бирибиз салым кошуу керектигибизди айтып келип, ушул ак өргөгө дастан айтуу боюнча сынак уюштуруу тилегин да ачыктап өттү.
Элмира айымдын сөзүнөн кийин манас айткан Периштенин 10-класска көчкөн бир тууган эжеси Умай Турусбекова Кыргыз ССРинин эл артисти, айтылуу комузчу Карамолдо (азан чакырылып коюлган өз аты Токтомамбет) Орозовдун (1883-1960) «Насыйкат», ырчы, комузчу, күүчү Атай Огомбаевдин (1900-1949) “Кыз кербез” күүсүн чертип берди.
«Караңгыга наалыганча, бир бурчуна шам жак”
Кыргыз ыр жандуу калк экендигин, балдарыбыз бери дегенде беш жашынан баштап эле ыр, макал, манас, дастан айтарын сөз кылган лейлектик мугалим Жамийла Акматова маркум журналист, акын, котормочу Аалы Молдокановдун калемине таандык ыр саптары менен жүрөктөрдү бир тепчип алды:
“Тарыхын ташка каттаган,
Тартышкан жоодон качпаган.
Тарыхын, тилин, «Манасын»,
Жазбастан башка сактаган.
Кыргызды, Кудай колдой көр,
Кыянат жолго баспаган”
Жамийла айымдын нускалуу кебинде КРнын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов агайдын: «Караңгыга наалыганча, бир бурчуна шам жак” деген сөзүн айтканда, отургандар “Баракелде!” деп кол чаап… ал эле эмес ал сөздү кайталатып кайра-кайра айттырышты. Жагымдуу, жугумдуу жакшы сөздөрдү айткан Жамийла айым: “Чайдын даамы чайда эмес, чайлашкан адамдарда”, бүгүнкү чогулган адамдарда аруулук, сулуулук, жылуулук бар деп жалпыбызга жакшы маанай тартуулап өттү…
Апасын кучактап ыйлаган Периште…
Андан соң секелек кызыбыз Периште дастанчы, демократ акын Токтогул Сатылгановдун (1864-1933) «Чоң кербез» күүсүн чертип, сөзүн айтылуу акын Турар Кожомбердиев жазган, обонун Жолдубай Кайыпов чыгарган “Атам менен энеме” обондуу ырды ырдап берди.
Атам менен энеме
Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.
Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.
Силер анда, мен күнчүлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем,
Экөөңөргө өмүр бою карызмын.
Шыңгыр булак үнү бар Периште сөз баккан, жароокер, боорукер, ата-эне кадырын билген, тарбиясы жакшы кыз болуп чоңоюп жаткан экен, ушул ырдын “Алпештеген энем менен атакем/, Экөөңөргө өмүр бою карызмын” деген соңку саптарына жетер менен диванда отурган апасын колунан тартып чыгып, башын бооруна жөлөп ыйлап жиберди… Баарыбыз ичибизден тызылдап барып, карманып отуруп калгандай болдук…
Королевская любовь… Алтайдан келген конок…
Андан кийин дагы бир таланттуу кызыбыз Айтурган Сүйүнбек кызы көөдөнүбүздү бир булкунтуп, баарыбызды ыйлатты… Анын үнү дагы опера ырчыларындай укмуш экен… Эч бир музыканын коштоосу жок эле жандуу үн менен орусча, грекче ырдап берди…
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенти Нукер Могулчин Айтургандын келечек кыялына, алдыдагы пландарына кызыгып суроо узатты эле, Айтурган аскердик кинолорго, алардагы арзуу темасына кызыгарын, Осмон империясынын акыркы жылдарын жана Түркиянын боштондук согушун баяндаган “Ты моя Родина” деген драмалык түрк сериалына таасирленип, “Королевская любовь” деген китепти азырынча мээсине жазып койгонун, келечекте ушундай аталышта китеп чыгаргысы келерин айтып берди. Айтурган чет жакта, Америкада жашап келгендиктен көп тилди билери байкалды. Орус, грек тилинде ырдап берип, түрк тилинде да ырдап берсем деп ниет кылган экен, бирок даяр болбой калганын айтып, кийинки жолугушууда — августтун жетисинде ырдап берерин убада кылды…
Айтмакчы, аты-жөнү бир башкача Нукер Могулчиндин да өздүгүнө кызыгып сураштыра кетсек, ал алыскы Алтай Республикасынын Тоолуу Алтай шаарынан Кыргызстанга билим алганы келген боордошубуз экен. Кыргыздын каада-салты, үрп-адаты, адабияты, маданияты менен жакындан таанышып, атайын бир тасма тартсам деген тилеги бар экен. «Дасмиядагы» жолугушууга келген жаш таланттардын өнөрүнө жогору баа берип, алар тууралуу да келечекте тасма тартып калармын деген аруу тилегин билдирди.
Акындар ыр окуп…
Акын Айгүл Тоголокова алгач Аруужан эженин калемине таандык “Кыргыз журтума” аттуу ырын, анан өзүнүн “Бал доорум” деген ырын көркөм окуп берди:
КЫРГЫЗ ЖУРТУМА!
КЫРГЫЗ ЖУРТУМ! Түркүгүң урабасын,
Багыңдагы дарагың куурабасын.
Келгин жандар керкейип колун кезеп,
«Сен кимсиң» деп кекете сурабасын.
КЫРГЫЗ ЖУРТУМ! Бек коргоп мекениңди,
Далилде Манас урпак экениңди.
Коштоп тур ааламдагы мелдештерде,
Акының, дастанчыңды, чечениңди…
КЫРГЫЗ ЖУРТУМ! Тууруң бузулбасын,
Бөксөрбөсүн чыныңда уузуң да асыл.
Ала- Тооңдун күзгүдөй мөңгүсү көк,
Сууларыңдын каймактай музу Жашыл.
КЫРГЫЗ ЖУРТУМ! Кыйраба! Алтын Ордо!
Кабылбасын кайгыга, калкым шорго.
Ээликтеп алам деген кыйырыңды,
Чыгалбай баары четтен калсын тордо.
БАЛ ДООРУМ
Балалык керемет кезимде,
Аралап оюнга тойбопмун.
Батыраак бой жетсем дечүмүн,
Оюмда жыргал деп ойлопмун.
Түйшүгүн турмуштун
билгенде,
Таптакыр шашылбай
коймокмун.
Гүл терип кубалап
көпөлөк,
Кыз элем тармал чач
секелек,
Булактын суусуна
чайынып,
Тоо-ташка чыкчумун
энтелеп.
Кыялкеч кыз элем
жылдыздай,
Күн, айды жүргөндой
жетелеп.
Азыр мен энемин
балдарга
Мээримим төгөмүн
бөпөлөп,
Алардан көрөмүн
өзүмдү,
Көңүлүм өзгөчө
көкөлөп.
Эңсеткен бал доорум
кайрылгыс,
Эстейбиз өткөндү
экөөлөп.
Жүргөн шок күндөргө
от жаккан,
Аттиң ай, кыска экен билигиң.
Антсе да нукура
дүйнөнүн,
Ойдо миң кечемин иримин.
Сен менин түбөлүк биргемин,
Балалык — бал доорум, шириним!
Жолдо жазылган ыр…
Кенже Абдылдаева эжебиз «жолугушууга келаткан жолдо эргүү келе калып жазып койдум эле» деп бул ырын окуп берди:
Толукшуган жайдын ортосу,
Тоонун койну көрккө бөлөнгөн.
Томуктай да булут көрүнбөйт,
Тогошкон тоо, асман көгөргөн.
Токой ичин бассаң аралап,
Толот көөдөн, талант көрөңгөң.
Торгой сайрап, улар ышкырса,
Толуктайт үн чыккан чөңөрдөн.
Топ булактар куйган тоо суусу,
Тоскоол билбей агат төмөндөн.
Тоолук эне аттын үстүндө,
Тогуз-он жаш уулун өңөргөн.
Топучан кыз тору байталчан,
Толгон сынга кезде бир көргөн.
Токсон тогуз өнөр ээсидир,
Тоолук жигит ташка жөлөнгөн.
Тойгузат көз сулуу табият,
Торко токуп койгон өңдөнгөн.
Толкунданат менин жүрөгүм,
Толтосунда жердин төрөлгөм.
Ошентип, ар бир айдын жетисинде…
«Жакшы иштин башталышы, аягы да бар» дегендей, алдыда толгон-токой уландысы бар иш-чаранын соңу жакшы тилектерди каткан сүрөткө түшүү менен аяктады. Буйруса, ар бир айдын жетисинде жолугабыз деп коштошуп, ар бирибиз ар тарапка узадык. Кудай кааласа, башаты ачылган бул иш-чара августтун жетисинде атактуу манасчылар, дастанчылар менен уланмакчы… Ал күн деле бат эле келет, көрүшкөнчө дей туралы…
Назира СААЛИЕВА