Султан РАЕВ: «Энеке, Сен жөнүндө боёктор да, Кунарсыз… Сүрөтүңү тартканга…»

Султан РАЕВ: «Энеке, Сен жөнүндө боёктор да, Кунарсыз… Сүрөтүңү тартканга…»

Марапат апа…

Бүгүн, 13-июль, Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург, акын, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы, Европадагы табигый илимдер академиясынын академиги Султан Раевдин туулган күнү. Ысымы ааламга тараган көп кырдуу таланттуу бул инсанды жарык дүйнөгө алып келген —  Марапат апа. Бүгүн агабыз асыл апасын эстеп, социалдык тармакка»…Энени, жашоону сүйө билели, жашоо да Энеден башталат…» деп ичине не бир сезимдерди каткан, жарыкчылыкта барда кээде баркын билбей, кадырын сезбей, жылуу сөз, жылуу мамиледен кечигип өксүп калбайлы деп окуган адамды бир ыйлаткан билдирүү калтырды…

Жазмыш экен, бизге Марапат апа менен көрүшүү буйрубады. Анткен менен Султан агабыздай уулду тарбиялаган Апа керемет бир жан болгонун билебиз… Бүгүн ырларын окуп, агабыздын Апа деген ааламдан башталган, «артта калган жашоо бүктөмдөрүнө» бир кайрылып барып келдик… Ооба, биз айткан, биз убада кылган «Антистандарт» ырлары менен…

Эрнистин китепканасындагы «Антистандарт»

«Антистандарт» ыр китебиндеги  апасына арнаган ырлары дагы кейитет, ыйлатат… Эсимде, 2016-жылы жарык көргөн бул китебин агабыз сыясы кургай электе жолдошума белек кылган эле…

Эрнис жаңы китепти эртеңкиге калтырчу эмес, үйгө келери менен дароо окучу. Бат да окучу… Окуп бүткөн соң китеп текчесиндеги китептердин катарына кошчу… 8 жылдан бери жолдошумдун китепканасында сакталуу келаткан, салттуу поэзияга окшошпогон «Антистандарт» ыр китебинен айрым ырларын туулган күнгө белек кылып берели деп чечтик.

Айтмакчы, Султан агабыздын көптөр билбеген сүрөтчүлүк өнөрү да бар, сүрөттү жакшы тартат. Ал эми өзүнчө чоң кеп. Анда эмесе, «Антистандартка» кеттик!

«Биздин Султан Раев акын дагы экен»

деп бул ыр жыйнактын баш сөзүн жазган Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова эжебиз агабызды анти жана дагы антистандарт ырлары менен куттуктап, фамилиясын да талдап келип: «Көрсө, биздин Султан Раев кашкөй кара сөзчү, чебер романист гана эмес, (фамилиясын талдасам Ы-рай (бейиш) же Ыр-Ай-ев ыр менен ай чыгат экен) ырайлуу, чырайлуу, ойлуу, сезимдүү турмуштун өзүндөй одур-будур, ойку-кайкы, (кыскасы, жадатма эмес) ырларды жазган акын  дагы экен» деп баасын берген экен…

«Акын болоюн деген ныпым ой жок…»

Агабыз акын болоюн деген ою болбогонун, жогорку ыр жыйнактагы ыр саптар кандайча жазылып калганын акын, журналист Афина Бакировага берген маегинде  чечмелеп айтып бергенин буга чейин жазганбыз. Кайрадан кайталап окуп коюңуз: «Кыргызда “жыргагандан жылкычы болуптурмунбу?” деген кеп бар го. Анын сыңарындай, менин турмушумда ушундай бир “гольфстрим агымы” кетти. Биринчиден, өзүм бир сап ыр жазып көргөн адам эмес элем, экинчиден, поэзияны сүйөм, бирок поэтикалык сап жазган эмесмин. Эки жылдай баягы “уктасам, турсам санаамда поэзия” деп айткан мисал ырлар эле мээме келип, “ыр дербиши” болуп кеттим. Акын болоюн деген ныпым ой жок. Эмнегедир поэзиянын “цунамисинде”  калдым. Айтат турбайбы, “После пятидесяти человек пишет стихи в двух случаях; первое — когда он влюбился, второе — когда сошел с ума” деп. Ырды — сүйүүгө кеч, алжыганга — эрте убакытта жазып калдым. Ошонун жыйынтыгы – “Антистандарт”.

Ал эми төмөндө:

Анти дүйнөм, анти оюм, анти чөйрө,
Өзүмдү өзүм чакырып эрөөл талаа,
Стандартын көкүрөктүн жырткым келет,
Чыркыраган чындыкты чаңда калган,
Чыйкан сымал денемден сыккым келет

деп башталган ошол “Антистандарттагы” ырлар… Апаларга арналган аялуу, армандуу, сагыныч ыр саптарынан баштадык…

***

Эски там. Эски элес, жыртылат боз чүпүрөк,

Эсимде калган ойлор, көөдөндө бүшүркүрөп,

 

Эзилген Күн куруттай эзгилеп сайып турат…

Эсеңгир элестерим. Жоголгон эски тамда.

Эсимде ойлор бозгун. Бозала, чачкын дүйнө,

Барагы бүктөп салган,

Жоготтум балалыкты,

Күндөрдү. Күнгө күйгөн элес чырак,

Бүлбүлдөп өчүп барат, каректин үзүгөндөй,

Ысык жаш,

Коюу түтүн. Тезек жыт балалыгым,

Көкүрөк уюп калган. Жүрөктүн толтосунда,

Камчынын учу тийген,

балалык кызыл шыйрак,

Эски там. Эски элестей…

Күнөс Күн изи жатат.

Күн Аалам кучагына,

Кертейген тиштеримде, кертилген алмалардай,

Алоо Күн жарыгын тиштеп алып,

Кайрылып баргым келет…

Возможно, это художественное изображение

Эски там. Эски элеске…

Үңүрөйөт апамдын көздөрүндөй,

Тандыры Күн очогу.

Нанында жыты калды,

Алпейим балалыктын чогуна бутум күйгөн,

Ысыгы куйкалады. Эсейип жара чыккан.

Жыртылган барактардай элестер окулбады,

Апамдын көздөрүндө балалык чөгүп кетти,

А көздөн издеп келем жоголгон жаштыгымды,

Каректин кычыгында. Кирпиктин найзасында…

Балалык. Өрөөн жатат… Кармалбас арман какым,

өксүткөн закымына…

мезгилди басып алган,

Көк бөрү. Жашоо мыйзам. Кертилбес такымына…

2011

***

Султан Раев

Энеке,

Сен жөнүндө сөздөрүм да,

Какшып бүттү айтканга,

Энеке,

Сен жөнүндө боёктор да,

Кунарсыз…

Сүрөтүңү тартканга…

Энеке,

Табият да сен жөнүндө,

Сөз табалбай алсыздай,

Сен жөнүндө кисти турат,

Дүйнө-боёк өңү өчүп,

Түстөр жыдып калгандай…

Сен жөнүндө,

«Сен» дегенден артык сөздү, табалбай…

Дүйнө турат,

Сөз чучугу,

Жылас болуп,

Шимирилип калгандай…

Энеке,

Жер тамыры,

желе болуп жүзүңө,

Тагдыр изин салгандай…

Ошо изде айтыла элек,

Сөздөр калды…

Түп көтөргөн,

Дүйнө сөзүн айта элек…

Айткым келет

Табаламбы?..

Сен жөнүндө…

***
Кеттииииииииииииииииииииииииииииии…
Өмүр.
Жеттиииииииииииииииииииииииииииии…
Өлүм.

Кимиси күлүк бу экөөнүн?..

Өмүрүбү?.. Өлүмүбү?..

Өлүмдүн өнүмү бар,

ал — өмүр деген…
Өмүрдүн көнүмү бар,

ал — өлүм деген,
«Өөөөөөөөөөөөөөөөөөөөөөөөөөөөөө…»

тамга ортосунан бөлгөн сызык,

Өкчөгөн бу жарыкты алчы, таага
Өлчөөсүз табышмактуу дүйнө кызык…

2011

***

АПОФЕОЗ (Чыңгыз Айтматовго)

Көзүңдүн ортосу чок түшүп.

Көз карек эриген магмадай,

Дүйнөнүн чындыгы акыркы окулду

Ыйык сөз сабындай.

Түйшөлтүп чачкын ой койбоду.

Чыңалтып мээлердин тамырын,

Канткенде пенде адам,

чыдады какшанткан забынга…

Помпейи калган жүрөктүн,

бир канат ишеним учалбай каркыра,

Калдайып караан күн, көзүмө ак түшүп,

бүдөмүк тартылган жалгандын актыгы,

Кылымга созулган күн келди чуу куйрук.

Күн уя батпаган…

Мээлери аласы бар,

ай шаардын шамшары эн тамга из салган,

Сыгылып ириңдей акыл-эс куу баштан, куйтугуп кулжурап,

Дүйнөнүн этеги.

Сезимди аралайт аңгырап ач бороон,

Күйүттөн куйкалайт

Күнүңдөн ачуу тап, канткенде бу Адам,

Андамак бир өзүн, акыл мээр куу дарак,

тамырсыз күн көрөт,

Чыгыштан батышка, батыштан чыгышка

Күн ойнойт дөңгөлөк,

Сызгырып дүйнөнү көкүрөк казаны,

акылын жуткандай жукарган, жумур мээ,

шимирип кутудай мобилдүү дүйнөнүн ширисин кийгендей,

 

Селфиге сексейип сүрөткө түшкөндөй,

көздөрдө көмүлгөн, көөдөндүн суроосу.

Жай казган казанак, акыл-эс жасатсыз

Жатабы төшөнүп,

Жараткан жан берген жан чырак көзүндөй,

Иңири ааламдын карекке кадалган,

Ыйыктар ыйлашат…

Ыйыгын жоготуп,

жон тери шылынган, жоо чыгып өзүнө…

Адамдын айласы боз түтөп түгөндү.

Бозомук дүйнөдө безгени, Кай тарап?..

Чыңгыздын чындыгы кылычтай чыркырап как мээге сайылат,

Акыры бу кесир дүйнөдө;

пенденин баласы Пендедей калабы?..

Сатана сан арип, акылдын тамырын эсептеп фиксилге,

Адамдын ак жанын, ак уруп чак түштө чыгармак утилге,

Кассандра эн тамга ыйманды коңултак тушаган чынжырга,

Акыл уюл!.. Акыл уюк айтып бүтпөс

Киши дүйнө чыпчырга….

Жан тамырды ээлеп алды опол недей түгөнбөгөн санжыра!..

Кабагында бүт дүйнөнүн соболдору кабат-кабат бырышкан…

Бүт Ааламга жарыя айт, кашкайган эң оболу Чындык өзү,

«Сен Адамсың, туткасысың дүйнөнүн!» колдоочуң да акыр сөз!

Кылымдарга кызыл сызык, кетсин эми кыйыр сызып алыска,

Ушу сөздө, улуу сөздө жанып турат

Чыңгыз Куяш Чындык көз…

2009

***

Сен жөнүндө…

Эмне деп жазсам?

Баарын жазып коюшуптур…

Жүрөктөр калбыр болгон,

Миң-миллион

Мөндүрдөй жаа огуна,

Кертилген бу дүйнөдөй,

Кемтилип турам азыр.

Жүрөгүм капустадай,

Миң кабат тон кийгенсип,

Тоң болуп турат сезим…

Шор болуп турган кезим,

Аттиң ай, канттим ай!..

Тешилип бүткөн экен…

Сен жөнүндө эмне деп жазам?..

Сезимди билдиремин кантип эми,

Сен деген сезим

Сенейип калсын,

Сен тууралуу сөздүн

Сересин тапсам,

Сен жөнүндө эмне деп жазсам,

Сен жөнүндө эмне деп жазам?..

Сүйүү!..

2007

***

Арман
Арман, күчтүүбү,

Арыман?..

Арман,

Ар муң;

Сүйүү…

Жоготуу…

Ажырашуу…

Ностальжи…

Өлүм…

Коштошуу…

Бу муңдун апофеозу,

кыңырылып,

Шниткенин музасындай,

Жүрөктүн түгүн тытат…

Ар бир жанда…

ар бир башта

Арман пенде,

Армансыз неме,

мен десе,

Ишенбе,

ага таптакыр,

Күрүчтөй арман түнөгөн,

Ар бир жүрөк жаралуу,

Ар бир жүрөк каналуу…

Не демек элең, не дейсиң?..

Көкүрөк сызган арман бар.

Жалган дүйнө жазыгы.

Армансыз кайсы пенде бар?..

Ар-муңум, менин арманым,

Аккан Өмүр дайрамын,

Акыркы бутак кармарым…

Актык сезим Арманым…

2004
***

Көздөрүңдө турат тагдырың,

Окулуп Чар китеп баянындай.

Бырышы жүз кылымдын

Тартылат жөргөмүш желесиндей,

Жүзүңдө изи турат Азиреттин,

Жашоо суз. Өмүр татым илесиндей,

Мунайым, муңдун баарын ичке жутуп,

Муңайба, муунуң бошоп карайлаба,

Каректе карк айланып, кайгың турат…

Качандыр кан тамырга сиңип кеткен…

Сагындым. Тукулжурайм. Жүлүндө өрт.

Канжыга байлап алып, дүйнө кезем…

Сүйүүдөн алжып бүттүм, алжып бүттүм…

Теримде күн эшилип, куурап түштү,

Сөңгөгүм Сүйүүдөн бүткөн беле?

Бүткөн беле?! Бүткөн дене…

Демиме дене болуп жармашкандай.

Сезимдер турса да тырп жанчылып,

Түк Өлбөйт, тамыр-өзөк,

Сүйүүнүн… Жаны чыгып!..
***

Жүрөккө жууркан салып,

Уктатып койгом сени,

Денемин тамырындай,

Таркадың өнөбойдо.

Мээлердин клеткасы,

Мээлжеген сен жөнүндө,

Ойлордун кыл учунда,

Жашайсың меңгиликте.

Дүйнөмдү түп көтөрүп,

Жандүмүр бастиону,

Кыл учу сезимдердин

Туу сайган Сен жөнүндө!..
***

Жалган, жалган, жалган,

Жалган, жалган, жалган,

Жалган, жалган, жалган,

Жалган, жалган, жалган,

Жашоосу жыргап калган,

Адамдан ыр чыкпасы,

Көкүрөк муңу бардын,

Муңунда муң үнү бар…

Арманы муңга айланып, муз сезим тоңуп калган. Муңдуу ыр муңун жазып, муундары бошогонсуйт. Чындыкты жазса дагы, Чыркырап казса дагы,

Бу дүйнө арман, арман,

Анткени бу жашоо жалган, жалган.

Жалган дүйнө,

Күйүт арман. Азезил көзү жанган,

Сүйүүнү не жаратты жүрөгү тоң?

Өмүрдүн акыр-соңу арман, арман,

Бу дүйнө акыреттик жалган, жалган…
***

Кечирчи,

кыйла кеч,

экөөбүз жолукканбыз,

Бу эмине?..

Жашоонун муң азабы,

Муун заарыбы?..

Муунтуп, моюнтурук илип алды,

Илкийген, иреңи суз

Сезимди илгичине.

Карачы,

асман жылдыз арасында,

Кош сызык кыйгач өттү,

Арман кайык,

Сезимди салып кеткен канбайрамга,

Жуп келбей жылдызыбыз,

өчтү жарык…

Сыныгы ошо жылдыз,

өчкөн алоо,

Жана албады,

Көкүрөк,

Тайгалак муз.

Токойдой күйөт,

Ызаа…

Өтө албаган,

жупташа эки бирдей,

түбөлүккө, ыкташа түбү бирдей

Не келдик,

не жаралдык,

бу дүйнөгө?..

Кечикти,

Тагдыр неге,

кечикти

кээр дүйнө,

кегин алып…

Жүзүңдө каның тоңуп,

маанайың пас

Мени эрте,

А сени кеч жаратканы,

Жашоонун

бизге кылган кысапаты.

Коош дебе,

коштошууга

жок бир арга,

Мени эрте,

а сени кеч жаратканы,

дүйнөнүн

бизге кылган кыянаты…

Сезимдин Кыяматы!..

2013

***

РАМИС

Антистандарт ойлору да, ырлары,

Антисанитария… жүргөнү да, күлгөнү, Антидүйнө Антейине айланып,

Чыгып кетпей Жер огунан калжаңдап, Акын келет Фараону ырлардын,

Бүт ааламдын сезимдерин букеттеп,

Кыялында «кыты-кыты» тийишет,

Афинанын кыздарына кылактап.

Кызык дүйнө, кызык адам, кызык бир,

Балч-балч чайнап булочканы балжаңдап,

Куунак жашоо ычкырларын бошотуп,

Ыр заманы, ыр акеси, олда «Бис!»

Көчө толо, көчө менен бир болуп,

Жайдандаган акын келет О, Рамис!

Шилекейи ыр чачыла, энөө кыял, ыр аалам,

Чачы тармал.

Дүйнө шамал. Эмоция бийлеген. Чечотканы чертип турат бут менен.

Чулу салам, Чукоткадан келгендей, Абрамович, Адам-ович,

Алмазынан бергендей.

«Биги-биги» жер чиет буттун учу,

Сүлкүлдөп дене бою. Бийленет сезим бийи,

Рамис экспрессия, а дүйнө депрессия,

Ырлары ооздукталбай, тепкилейт көкүрөктү,

Регги. Блюз. Кантри. Хип-Хоп. Рок. Поп.

Бийлейт Рамис. Ааламды бийлеп алган.

Ырлары дүлөй дүйнө. Ритмика сезбей калган.

Тогузунчу валындай океандын. Көөдөн бороон.

Верлибир ойлоруна Берлиндин туусун сайган,

Түшүнүп бу ааламды. Түшүнбөй бу Адамды,

Түркөйлөр дивизиясы түрүлүп турат ана.

Түркүн ой баккан адам, оозунда Пайгамбар түкүрүгү,

Ырлары жан сезимдин урабас хан түркүгү,

Жашоосу нота кыял: до, ре, ми, фа, соль, ля, си,

Жашасын Ырдын Асы. Кылымдын Ра-ми-си!
***

Акындар… дүйнөнүн «террористи»,

Ойлорду бир сапка

Жыйып алып,

Барымта кылып алган,

Сөздөрдүн ширесинен, ойлордун чүлгүнүнөн,

Дүйнөнү түк көтөрүп,

«хунтаны» түзүп алган,

Ыр эмес, чыр дүйнөнү башкарса да,

Ааламды башкарам дейт,

Дүйнөнү тутка кылып,

Ышкырган ыры менен дүйнөнүн,

Толгоосу келип калса,

Никелүү Лираларды төрөтөм дейт,

Сөздөрдүн аргынынан,

Ойлордун айгырынан!..

***

Дон Кихот (Окулбай калган ыр )

(А.Тга)

Интеллекти ит эле кылды,

Итатайы кармаган кыргызбайлар,

Кыргыздын пастыгы да,

Кыргыздын Пастернагын көрбөй калган,

Акылдан азап чегип жүдөп алган,

Айдалган ээн талаага жолбун иттей,

Акылы чырак чыркыраган,

Чык салып,

Туз жашоого,

Жер тузу болом деген,

Адамды,

Карк дүйнө,

карк кекирип,

Билбей калган…

Арабызда.

Көз бүтүп бешенеге

Жүрсө дагы,

Жүздү буруп кетебиз,

Тумшук менен жер челип,

Дон Кихоту безер кылым,

Эранын,

Акылгөйү

Интеллекти Лиранын.

Бу акындын,

Өзү эмес ыры да,

Ай-Күнүнө жетпей калып төрөлүп,

Келечекке Гимн сапты жазганбы?

Жарма, бозо, максым шоро Жыттанып,

«Шанель» жыттуу,

Ырларына бет чүйрүп,

Менменсийбиз шакый кармап,

«кырт» танып,

Узатабыз

«Зым мүйүздүү» жолу менен,

Бирок анын Жолу кеткен,

Космика…

жасаты эле жүрөт…

бизде, арада…

А ойлору кеткен эле,

саябандуу

Планеттик арага…
***

Жалгыз кайык.

Жалгыз караан.

Жөө тумандын арасы,

Күңүрт сезим, күйбөгөн чок,

Карек топон,

Көлдөй көз жаш,

Арманымбы, азаппы?..

Азанган бу жашоодо,

Жалгыздыктан жалкып калган,

Ийне көз көкүрөктө,

Тамызгыдай сезим жок.

Коколой дүйнө, жалгыз арман,

Тунжуратат, ыңсыздык,

Жүрөгүмө бүткөн сымал

Түпкүрү жок тынчсыздык…

Жалгыз, жалгыз,

Дүйнө жалгыз, биз жалгыз…

Жан сыздаткан, эчен курдай

Бу азап…

Жалгыздыктын жаны беле,

Жан Кудай…

Жалгыздыгым,

жашып өткөн күн беле,

Кыян алган,

Чексиздиги түн беле?

Жалгыздыгым өз башым.

Жалгыз кайык. Жалгыз караан…

Турмуш туман…

Эрте түшүп алганбы?..
***

Үшүк урду.

Үшүдү алма,

Тып этип түштү

үшүгөн алма,

Алмадай кемпир,

Үшүктүн күнү,

үңкүйгөн көргө,

Сабагынан бу жалгандын

Үзүлүп түштү…

… Үңкүрдөй дүйнө,

Үшкүртүп кетти,

Үшүк түшкөн,

Үшүгөн Күнү…
***

ҮЧ САПТАР

«Күнүм!» деди апа,

«Күнүңмүнбү? деди бала…

Күн көтөрүп баратты апа…

***

Аял. Ага ишенбейт.

Эркек. Аны билет…

А манжадагы шакек али да сыры кетелек…

***

Өмүр. Көңүл.

Көңүл өмүр.

Үтүрү жок көп чекит…

***

Арман. Кычкыл от.

Түтүнү жок…

Уюп калган…

***

Маска. Баары кийип алган.

Бет калдыбы?..

Нур төгүлбөй… Жүзүнөн…

***

Мажүрүм тал,
Көз жашы миң талаа,

Термелет арманга… бутак…

***
Кошок. Кош от

Жоготуу. Арман.

Күйүткө калган…

***

Көзүңдө нуруң өчкөн,

Күлкү чөккөн.

Мухиттин тереңинде… кечөгүнкү…

***

Саякбай. Гигант ооз,

Мээсинде дүйнө коду…

Ааламдын бүкүл баарын жутуп алган…

***

Кайгы камады,

Караңгы үйгө,

Нурга зар караңгы түндө…

***

Чындык

Табы жок жылуулук.

Күйгүзөт бир чымчым күлү жок…

***

Миң жашаар өмүрдө,

Миң жолу адашып,

Бир сабак болбоду… миңинчи адашуу…
***

Коңгуроо кагылды,

Акыркы эскертүүдөй,

Ал кимге кагылды?.. Акыркы эскерүүдөй…

***

Сүйүү. Жазыла берип тытылдың,

Тытылган сайын тытындым…

Татым сөз таппай сөгүлдүм…

Сөөгүмө дейре сен жоктой…

***

Ушак…

Адамга коюлган

Түбөлүк тузак…
***

Көрө албады,

Көрө албас,

Көрүп туруп…

***

Адамзат… Адам зат,

Адам саат колго түшкөн,

Түбөлүк убакыттын туткунундай…

***

Турмуш…

Эскерүүдө… Эфирге сиңип кеткен

Өмүр менен өлүмдүн акыркы сеансындай…

***

Досунун баласынын да туулган күнү…

Агабыздын ыр китебинде жакын досу, кайын агам Мелис Эшимкановго (1962-2011) да арнаган ыры бар. Бүгүн байкебиздин кичүү баласы Адамчик да жарык дүйнөгө келген күн. «Менин туулган күнүм 13-июнь, Адамчиктики, Мелис байкемдин досу, жездем (агабыз Ат-Башынын күйөө баласы) Султан аканыкы да 13-июль, Миэлланыкы 13-август» деп калчу эле ыраматылык жолдошум Эрнис.

ЭПИТАФИЯ (Досум Мелис Эшимкановго)

«Сөз…
Кайда калды?
Калды кайда?..
Ааламдын кычыгында,
Жер октун учундабы,
жүрөктүн толтосунда,

каныңдын буусундабы,

көзүңдүн жарыгында,

лазердин ылдамдыгы,

жылдыздын кемтигиндей,

зың этип мүйүздөрү,

зар какшайт Сынган бугу…

сөзүңдө буулугат күч,

айтылбай ойдо калган,

жайдактап буудан чуркайт,

шамалды минип алган,

ыйыгы тыбыштарга,

жазылбай тамга болуп,

окулбай кирип алган…

желигип келет мына,

жер кезип жүргөн дербиш,

жети устун Аалам Үйдөн,

жети сөз издеп келет,

жетеби ыйыгына,

желип ой батпай калган,

көкүрөк ый муң-зарын…

издеди сенейип катып калган,

баш сөөгү чирип жалган

безери бу дүйнөдөн,

кашайып кээр жашоосу,

какшатып жок болсо да,

чындыгы болуп алган…

чыркырап өнөбойго,

тамырлап кирип кеткен…

Издедиң…таппаганды…

издери эбак өчкөн,

курулжуп көңүл чөккөн…

Ал эмне?

тамга беле жазыла элек,

ал эмне,

тыбыш беле айтыла элек,

балыр беле түпкүрдө уюп жаткан,

ал эмне,

учуп кеткен…

эмнелигин, не кыласың?

Метеорит жалынына күйүп кеткен…

Өзүнөн өзүн издеп,

табалбай бу дүйнөдөн,

жылдыздын сыныгындай

учуп кеткен…

Адам — Чындык…»

Султан байке,  Мелис байкеге арнаган ырыңыздын аягын «Адам — Чындык» деп бүтүргөндөй Мелис байкебиз Чындыкты издеп өттү да. Уулу Адамчик да атасындай, сиздей Кыргызстанга кызмат кылган инсан болот деп ишенебиз. Туулган күнүңүздөр кут, каалаганыңыздар бүт болсун!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.