Эсен болуп, эстей жүр!
Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборундагы сөөк-муун хирургия бөлүмүндө бир топ жыл эмгектенип, жакында эле акка моюн сунган маркум Кубатбек уулу Мунарбектин бир тууган карындашы Айпери агасынын атын өчүргүсү келбегенин, элеси эсте калгыдай үй-бүлөсү, туугандары үчүн сүрөттөрү менен чакан бир китеп чыгаргысы келгенин, учкундай өмүрүн эл саламаттыгына арнап жашап өткөн агасы кандай адам болгонун азырынча элге кыскача баян менен жеткиргилери келгенин билдирип, редакциябызга кайрылды эле…
“Өлүмдүн кадырын өксүгөн жан билет” деген ыр сабындай, жоготуу зарын жакынынан ажыраган адам гана билет. Эң жакын, жакшы көргөн адамыңдан ажырап сыздап калган азаптын азабы… Асман аңтарылып, жер астын-үстүн болуп, жашоо кызыксыз сыяктанып, жүрөк сыздайт… Мунарбектин учурда ушундай абалдагы оор үшкүрүнгөн жакындары болгон күчүн жыйнап, төмөндөгүдөй эскерип беришти…
Тиллабү АСАНБАЕВА, апасы: “Уулума ыраазымын”
Жолдошум Кубатбек Смайылов экөөбүздүн тун уулубуз Мунарбек төрт баланын улуусу, 18 жашымда көргөн балам эле… Ал 7-8 жашына чейин чоң энесинин колунда чоңойгон. Биздин колго 2-класста келген. Чоң энесин сагынып, бизге көнбөй жүрүп көнгөн. Мектепте да, жогорку окуу жайда да жакшы окуп, ийгиликтүү аяктады. И.Ахунбаев атындагы Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) 7 жыл окуду.
Бир күнү: “Апа, токмоктук бир кыз менен тааныштым, чогуу окуйбуз, үйлөнөм” деп калды. Баламдын тандоосуна каршы чыккан жокпуз, болочоктогу келинибиздин колун сурап, ата-энеси менен таанышканы барып калдык. Куда-кудагый ак сөөк, абдан жакшы адамдар экен, бизди кубануу менен тосуп алышып, сыйын көрсөтүп, жакшы узатышты.
Үйлөндү, биз менен үч жыл чогуу жашашты. Анан балам бир күнү бөлүнөбүз деп калды. Уулумду квартиралатпай калайын деп үй издеп чыктым. Кудай жалгап, бир кичинекей жерден үй чыгып калды.
Ошо жерде уулум өзүнчө түтүн булатып, Айдана, Нурияна, Айдай, Эркайым аттуу кыздуу болду. Келиним экөө жакшы тарбия берип, окутту. Кыздары бактылуу балалыкта, ата-энесинин кучагында эч нерседен кем болбой, чоңоюшту. Элнура дагы дарыгер, уулум экөө чогуу окуп, чогуу иштешти. Ыймандуу, акылдуу келин. Бекеринен эл ичинде: “Келиниң жакшы чыкса – уулуңду кайра төрөйсүң, келиниң жаман чыкса – өз уулуңа өгөйсүң” деп айтылбайт экен. Келинибиз балабызды бизге өгөйлөткөн жок, өз кылды, өз болду, келин эмес, кыз болду. Баламдын маңдайына ырыс-кешиктүү жар жолукканына абдан кубандык. Үйүнөн ырыс-кешик, бакыт-таалай кеткен жок. Дайыма жайыл дасторкон. “Чай ичип кетиңиздер” деп уулум бизге телефон чалчу, ар бир жумада чакырчу. Алардын үйүнөн чай ичпеген урук тууган калган эмес.
Балам баягы кичинекей үйүн чоңойтуп, чоң үй алды. Төрт кызына тең жентек той берди. Өз турмушун өзү түртүп кетти. Иши илгерилеп, ийгиликтерге жетип, бир топ сыйлыктарды алды. Көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калып, алардын алкоосун укту. Элге соопчулук, кайрымдуулук кылып, ак батасын алды.
Өмүрү өткөнчө мени сыйлап, каалаган нерсемди жасап, алыс-жакын дебей, каалаган жериме жеткирип, мамалап, бөпөлөп, алаканына салып өттү. Үйүнө чакырып, “сизге рахмат” деп колума алтын шакек салды эле… Эмне иш баштабасын, дайыма мени менен акылдашчу, алгач мага айтчу.
Келинимдин айтуусу боюнча, акыркы күндөрү жайлоого, тоого чыгып, таза аба жутуп, тынч эс алууну каалап калган экен. Акылдуу келиним ал жакка да кой сойдуруп, куурдак кууруп, дасторконун жайып салчу… Анан уулум бизге чалып, “келип, тамак ичип кетиңиздер” деп чакырчу… Биз барчубуз… Ушундай жакшы күндөрдүн биринде, капысынан уулумдан ажырап калдым. Кантейин, кагылайыным, жаш кетти… Аз жашады, бирок, саз жашады. Жакшы жашап өттү.
Алла Таалам мени кейибесин деп атайын баламдан алыстатып салдыбы, билбейм, акыркы күндөрү мен өзүм менен өзүм болуп калгам. Уулума чалбай да калгам, ал өзү чалып, ал-акыбалыбызды сурап калчу. Өзүн сурасак, «баары жакшы» деп жаркылдап гана турчу…
Бир күнү туулган күнүнө чакырып калды. Ошондо көпкө сүйлөшүп отурдук. “Мен бир туугандарымды ынтымакка чакырат элем, шерине ойнойлу” деген сунушун айтты, баарыбыз колдодук. Көрсө, ошол акыркы сөзү экен. Алла Таалам: “Акыры уулуңдан ажырайсың, алыс жүр, балаңдын жоктугуна көн!” дегендей бир белги бергенби, билбейм, айтор, акыркы күндөрү баламдан алыс болдум, негедир. Эмне кылайын эми, балама ыраазымын!
Келиним үйүнө күлүп түшкөн сүрөтүн илип койгон экен, ошол сүрөтү кайда бассам да мени ээрчип, “Мама, кейибе, мен сизге ыраазымын” деп маңдайымда күлүмсүрөп тургандай сезилет. Бул дагы болсо Кудайдын бир чоң сыноосудур…
Тагдырдын жазмышы экен, баламды эми кайрып ала албайм, бардыгы Жараткандын колунда экен. Алла Тааладан улук боло албайм! Уулумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун! Кудай бейишинен орун берсин! Тынч уктай гой, тун уулум! Артыңда боздоп калган жубайыңа, кыздарыңа калган өмүр жашыңды берсин!
Жазгүл, Айпери, Алмаз калды. Тогуз неберем бар. Кудай алардын жакшылыгын көрсөтсүн. Баламды эл-журтуна, жоро-жолдошторуна кошуп, ата-энесинен алыстатпай, жакындаткан, бир туугандарына жеңе эмес, эжедей болуп мамиле жасаган, жаркылдаган келиниме бекем ден соолук, узун өмүр каалайм. “Балпайган байбиче болуп, кыздарыңдын төрүнөн түшпөй, сый-урматын сен көр эми, Элнура!” деп ак батамды берип отурам. Балам менен 25 жыл бирге өмүр сүрдү, бир жаман-жакшы айтышканын, жамандыгын көргөн жокмун. Ушундай жакшы жар тапкан балама ыраазымын, бардык сый-урматына ыраазымын!
АЙПЕРИ, карындашы: “Агам жок дегенди билчү эмес…”
-Агам Жалал-Абад облусундагы Аксыда 1976-жылы жарык дүйнөгө келген. Үйдүн улуусу болгондуктан, биз агама өйдө караган жокпуз, айтканын баарын туура көрүп, сыйлачубуз. Анткени байкем кемчилигиңди бетке айтчу. Анын үстүнө биз “улууну урматта, кичүүнү ызатта!” деген жакшы тарбияда чоңойдук.
Эмгек жолун 2002-жылы Улуттук фтизиатрия борборунда сөөк-муун хирургия бөлүмүндө медкызматкер катары баштаган. Кийин бул бөлүмдү көп жыл жетектеди. Кесиптештеринин айтымында, мыкты жетекчи, мыкты адис-хирург, үлгүлүү, жакшы жар, үй-бүлөсүнө карамдуу камкор ата болгон. Бул чындык. Агам жүздөн ашуун операцияларды жасап, көп адамдардын өмүрүн сактап калган өмүр сакчысы, мыкты адис, медицинанын баатыры болчу!
Эми үй-бүлөсүнө келсем, 1998-жылы бизге жакшы жеңе алып келди. Апам кызындай, биз эжедей кабыл алганбыз, азыр деле ошондой мамиледибиз. Жеңебиз ата-энеге, атага кандай мамиле жасашты үйрөткөн мыкты жар болду. Улуу кызы Айдана юрист, окуусун кызыл диплом менен аяктап, ата-энесин кубанткан. Андан кийинки кызы Нурияна ата-энесинин жолун жолдоп, дарыгерлик кесипти тандап, окуп жатат. Айдай болсо 10-класста окуйт, спортко кызыгат. Баскетбол боюнча курама команда менен көп мамлекетти аралап келди. “Кызым бул мамлекетте, эми бул жакта ойноп жатат” деп агам кызынын ийгилигине кубанып жүрдү.
Эң кенжеси Эркайым, 2-класста окуйт. Ата-энесине дары кыз. Зээндүү, зирек, сезимтал кызы ата-энесине дем-күч берип келди жана келатат.
Жеңем байкемди тирүүдөй алып жүрүүдө… Дегеним, бир жолу үйүнө барып калсак, эртең менен ойгонгон эрке кызы Эркайымга: “Атаң менен саламдаштыңбы?” десе, апасынын сөзүн илгерлетпей түшүнүп, дубалда илинип турган атасынын сүрөтүнүн алдына барып, “Ата, саламатсызбы! Мен ойгондум” деп ийилип учурашса, тимеле жүрөк жылыды….
Баарынан да апама оор болуп турат. Кудай баланы энеден ажыратпасын, сыздатпасын… Ата-энемдин оң колу болчу.
Агам сезимтал, көрөгөч, акылдуу, намыскөй, оор басырыктуу, калыс адам болчу.
Жакшы жашоодо жашады, бирок, зыкым болгон жок, берешен, жароокер, боорукер болчу, жок дегенди билген жок. Көчөдөн бир нерсеге муктаж адамдарды көрсө, кыя өтчү эмес, “эмне жардам керек?” деп, алардын ал-акыбалын сурачу. Колдон келген жардамын берчү. Негизи эле, агам ар бир адам менен тил табышып, жакшы мамиледе жүрдү. Качан жардам сураба, “келегой, берем” деп колунан келген жардамын аяган жок.
Конок күткөндү аябай жакшы көрчү. “Үйүңө канча бут кирсе, ошончо кут кирет” дегендей, үйүнөн бут да, кут да үзүлгөн жок.
Кайын журту да мыкты адамдар, агамды сыйлап турушчу. Кайын жагын да, ата-энесин, бизди да коноктоп жүрүп өттү. Ушунчалык пейили кенен адам эле. Эч кимге оорчулдугун келтирген жок. Жардам гана берип турчу.
Агам тамашакөй болчу. Жаратылышка чыкканда жакшы көрчү. Жеңем айтат: “Мунарбек бизди дайыма эркелетчү, биз эркелеп, эч нерседен кем болбой жашадык. Биздин суранычтарды аткарчу, жок дегенди билчү эмес” деп.
Байкем барга көппөгөн, жокко чөкпөгөн адам эле. Бардыгына шүгүрчүлүк, каниет кылып жашап өттү. Ошондон уламбы, Алла Таалам ырыскысын чачып, төгүп берди. Эми дагы артында калган үй-бүлөсүнө ырыскысын төгө берсин, берекесин бере берсин! Чындыгында, жеңеме, кыздарына, ата-энеме мындай асыл адамды жоготуу өтө оор болууда. Бирок, алар балдарынын алдында ичтеги күйүтүн көрсөтпөй, “жоктоону билгизбейли, сынбайлы, кайгыга алдырбайлы, чөкпөйлү!” деп өздөрүн кармап жатышат, алтындарым.
Сөзүмдүн аягында эмне дейм, агамдын жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Кудай бейиштен орун берсин! Жаткан жери жайлуу болсун!
АЙДАНА, кызы: “Атам эч нерседен кем кылган жок”
-Атам эң жакшы, мээримдүү, сабырдуу, кайрымдуу жана кең пейил, айкөл адам эле. Ишине сөзү төп келген, өз ишинин мыкты адиси болчу.
Кайсы ишинин десеңер, менин атам дарыгер болчу. Ал көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап, оорулардан айыктырып, ага түзмө-түз жардам сурап кайрылбаган адамдарга да жардам берчү. Ага тааныш да, бейтааныш да көп адамдар кайрылып, менин атам колунан келген аракеттин баарын жасап бардыгына бирдей жардам бергенге аракет кылчу.
Ата катары да менин атам биздин үй-бүлө үчүн көп нерсени жасады. Эч нерседен өксүк болбой, бейпил турмушта жашашыбыз үчүн атам 4 кызы бизге жана апам үчүн керектүүнүн баарын жасады. Атамдан бир да жолу “жок” деген сөздү уккан жокпуз.
Албетте, бул айткандарымдын баары биздин апабыз менен биргеликте ишке ашып келгенин да айтып коюшум шарт. Анткени атакебиздин бардык жетишкендиктеринин эң башкы кыймылдаткычы апабыз болду. Баарыбыз билгендей, ар бир үйдүн коломто ээси, бейпил турмуш сакчысы — апалар, ал эми аталар – табышкерлер. Ар бир үй-бүлөнүн, өзгөчө апалардын милдети — аталар тапканды дайыма үй-бүлө жыргалчылыгы үчүн туура керектеп жумшоодо турат да…
Аяна СМАЙЫЛОВА, жээни: “Таякем ар дайым жардамга даяр, чыныгы дос болчу”
— Мунар тайкем жолдору кесилишип калган ар бир адамдын жүрөгүндө жарык из калтырган боорукер адам болчу. Анын кең пейил жандүйнөсү, чынчылдыгы жана ар дайым жардамга даярдыгы унутулгус сапаттардан эле. Ал өз-өзгө дебей бардыгын колдоп, кыйын учурларда кубат болчу сөздөрдү таап, иш-аракети менен көп адамга өрнөк болду.
Эмгекчилдиги жана бекемдиги менен өз принциптеринен тайбай кыйынчылыктарга туруштук берүү кандай экенин көрсөтө алды. Анын турмуштук жолу – чынчылдык, даанышмандык жана айланаңдагылардын баарына урмат менен мамиле кылуунун баяны десем болот.
Мунар тайке мээримдүү адам эле эмес, ар дайым жардамга даяр чыныгы дос болчу. Ал керек учурда уга билчү, түшүнүп, колдоо сөздөрдү таба билчү. Кеңеш же жардам сурап кайрылган ким болбосун, өзүн маанилүүдөй, керектүүдөй сезчү. Адамдардан жакшыны гана көрө билгендиги, кечиримдүүлүгү, болгонун болгондой кабыл ала билгендиги – анда ашыгы менен бар сейрек жана баалуу сапаттар эле.
Ал кирип келгенде үйгө жылуулук жана бейпилдик кошо келчү. Жакындардын жана достордун арасында баарынын көңүл борборунда болуп, жакшы сезимдерди жаратып, бардыгын бириктирген данакер болчу.
Мунар тайке үй-бүлөнү кайтарымсыз кантип сүйүп жашаш керектин далили катары көбүбүзгө насаатчы жана нускоочу болду. Анын жагымдуу жарык сөздөрү жана акылкөй кеңештери бири-бирибизди баалап, чын пейилден жакшы мамиле кылып жашоо кандай экенин өмүр бою эскертип эсибизде болот.
Анын бул өмүрдөн өтүп кеткени – орду толгус оор жоготуу болду. Бирок анын жаркын элеси адамдарга жарык чачкан мээримдүүлүктүн символу катары аны билген жүрөктөрдө жашай берет. Анын иш-аракеттери, жакшы амалдары жана жаркын жандүйнөсү – анын бизге калтырган, жашообуздун бир бөлүгү бойдон түбөлүккө калтырган мурасы.
Мунар тайкеме биз ар дайым ыраазы болуп, жылуу сөздөр менен эстеп жүрөбүз. Жаны түбөлүккө тынчтанып, элеси жүрөктөрдү жылытып жашай берсин!
“Артыңда эстеп калаарың болсун”
“Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун” деп маркум жолдошум Эрнис жазгандай, Кубатбек уулу Мунарбек үй-бүлөсү үчүн болгон, бар. Дегеним, минтип ата-энесинин, үй-бүлөсүнүн, бир туугандарынын, аны таанып билгендердин эскерүүлөрүндө, китептеринде жашайт. Эң башкысы, артыңда издеп калаарың, эскерип алаарың болсун!
Назира СААЛИЕВА
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун ата-энесине, жубайына, кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.