Эсен болуп, эстей жүр!
“Жалгыз кеткен жол”
“Ленинчил жаш”, “Асаба”, “Кыргызстан маданияты”, “Агым”, “Де-факто”, “Бишкек таймс”, “Баягы Асаба” гезиттеринде эмгектенген белгилүү журналист, акын, публицист Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ (1959-2016) агабыз 58 жашында узакка созулган оорудан 2016-жылдын 10-майында көз жумган.
7-8-ноябрдагы Ата-бабаларды эскерүү күнүнө, 7-ноябрдагы басма сөздүн 100 жылдык мааракесине карата кичүү карындашы Алтынай Асанова менен маек куруп, агабызды эскердик. Алтынайдын эки сөзүнүн бири — “Жалгыз кеткен жол” аттуу ыр жыйнагын чыгаруу болду. Анан дагы жүрөктү оорутканы – агабыз көзү тирүүсүндө кредит деген балакеттин айынан алдырып койгон үйүн кайтарып алууну максаттап жатканы болду… Көрсө, Жолдошбек байке өзү да ошол үйү турган тарапты жакшы көрүп, бир айланып барып көрүп кетмей адаты болгон экен… Алтынай «ошол үй жана үй турган жакта агама байланыштуу көп жакшы элестер, эскерүүлөр бар, ошондон ал үйдү кайтарып сатып алсам деген үмүт-тилегим бар» дейт…
“Кол булгалап мени Бишкекке чакыргандай сезиле берет…”
— Алтынай, экөөбүздүн эскерүүбүз басма сөздүн 100 жылдык мааракесине, Ата-бабаларды эскерүү күнүнө туш болгонун карачы! Айтайын дегеним, басма сөзгө кызмат кылган мыкты журналисттердин бири Жолдошбек агабыз эле да…
— Журналисттердин 100 жылдык мааракесин уккандан бери агамды эстеп жүрөк сыздап турганда, “Ленинчил жаш”, “Асаба”, “Агым” гезиттеринде Жолдошбек байкем менен чогуу иштеген журналист Мамат Сабыров агабыз алар менен кошо мааракени тосо албай, бу жашоодон эрте кетип калган бир топ журналисттердин атын атап, “Фейбуктагы” баракчасына жайгаштырды… Алардын арасында агамдын, сенин кайын агаң — айтылуу Мелис Эшимкановдун, жолдошуң Эрнис Асек уулунун ысымдары да аталыптыр. Ушундай жакшы адамдар барда маркум журналисттердин ысымы эч качан унутулбайт! Учурдан пайдаланып, алгач журналисттерди 100 жылдык мааракеси менен куттуктап кетейин.
Бирок, жакшылык менен жамандык чогуу жүрөт экен, мааракеге тушташ кейиткен дагы бир жаман иш болуп кетти. Агамдын бир топ эскерүүсүнө катышып, байкемди эскерип берген журналист, жазуучу, публицист Дүйшөн Керимов агабыздын кечээ (7-ноябрда) акка моюн сунганын угуп жаман болдум. Байкемди тааныгандардын саны суюлуп бара жатканына кейидим. Аттиң, арман… Жакындарына сабыр тилейм. Дүйшөн байке агамдын китеби чыкпай турганына кейип өттү да…
Байкемдин ыр китеби жарыкка чыкса деп биз дагы Кудайдан тилеп келатабыз. Ырлары жеңемдин колунда турат, аны бизге берсе эле чыгарат элек. Кудайга шүгүр, агамдын китептерин чыгарууга каражат бар. Аталышы да даяр — “Жалгыз кеткен жол”. Мындай маселелер быйыл агамдын эскерүүсүндө да айтылбады беле. Тагырагы, 8 жылдан кийин, быйыл, 15-майда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада — апам, бир туугандарым, жеңем, акын-жазуучу, группалаш-курсташтары, классташтарынын катышуусунда чакан эскерүү өтүп, жеңеме ырларын бер, китеби чыксын дешпеди беле. Андан бери деле жарым жыл өтүп кетти…
Кимибиздин маңдайыбызга канча өмүр жазылганы бир Кудайга эле белгилүү да. Тирүү турганда, колдо каражат барда агамдын китебин чыгарсам деген тилегим бар. Тилекке каршы, ал ишке ашпай келатат…
— Кудай буйруган күнү ой-тилегиң ишке ашып калар… Балким, убакыт-сааты чыкпай жаткандыр… Жолдошбек байке акын, анан журналист болду, негизи экөөнүн кайсынысын тандады эле?
— Журналисттик кесипти көп каалаган эмес, тандаган да эмес. Жазуучу, акын болом дечү. Бирок жашоосуна жараша ал кыялы өзгөрдү окшойт, мыкты журналист болуп чыга келди. Бир топ сыйлыктарга ээ болду. «Алыкулдун Акбоз ат» фестивалынын лауреаты, кыргыз элинин таланттуу акыны, белгилүү журналист, чыгаан публицист, мыкты жазуучу, СССР жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү болду. Курч, мурч макаларды жазып, Жолдошбек Зарлыкбеков деген ысымды тааныта алды. Фамилиясын окуп агам менен сыймыктанчумун, чучукка жеткен сөздөрдү кайдан табат деп жазганына суктанчумун. Кийин ойлоп көрсөм, агам дүйнөлүк адабий китептерди, классиканы терең окуп, талантын таптап, баптап, өзүн өстүрүп барган экен. Талантына кубансам, тагдырына кейийм. Тагдыры оор болгону сыр деле эмес, агамды тааныгандардын баары анын баласыз өткөн арманын билет. Балалуу болууну кыялында жашатып өттү. Үйүндө чүкө, кичинекей бут кийимдердин бирден жубу толтура болчу. Байкем наристелердин троллейбус, автобустарда бир бутунан түшүп калган бут кийимдерин чогултуп келе берчү. Көрсө, ырымдачу экен… “Балам чүкө ойнойт” дей берчү… Балага зар болуп өттү да…
— “Балалуу болбой калдым” деп кейиген учурларын көрдүң беле?
— Жок, көргөн да, уккан да жокмун. “Төрөбөй койдуң” деп жеңемди жемелегенин деле көргөн жокмун. Жашы өтүп калганда гана бир жолу: “Бала жыттабай калдымбы?” деп арман кылганын уктум. Арманы ичинде кетти. Артында мураскер калган жок, ал эми басмаканага даярдаган көркөм мурасы калды да. Ошол дагы чыкпай турбайбы… Эмне кылабыз, тагдыр экен да…
— Ажырашпай жеңең менен өмүрүнүн акырына чейин жашады. Бул дагы болсо сүйүү болсо керек?..
— Ооба, жеңемди аяп турчу, “менсиз куурап калат” дечү… Боорукер, жароокер жан эле да. Агамдын тандоосун, чечимин сыйладык…
— Жеңеңе жеке таарыныч жокпу?
— Жок. Себеп дегенде, мен байкемдин колуна секелек кезде келип, жеңемдин колунан чай ичип, даам сызгам. “Бир ирет даам сызган жериңе миң ирет салам айт” деген макал бекер чыкпаса керек… Ушундай жакшы макалдар менен ата-энебиз тарбиялады да… “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”, “Кызга кырк үйдөн тыюу”, “Улууну урматта, кичүүнү ызатта” деп апам көп айтчу… Ошол адеп, тарбиядан чыкпай, балдарыбызга да ошондой тарбия бергенге умтулуп келебиз…
— Бактылуу балалык кандай, кайда өттү?
— Бактылуу балалыгыбыз Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кара-Суу айылында өттү. (Күлүп) Эсимде катуу сакталып калганы, Соң-Көлдөгү балыктарды чака менен сузуп алчубуз… Чабандын үй-бүлөсүндө чоңойдук. “Чабандын кызымын” деп сыймыктануу менен айтам… Байкем бирде ат минип, бирде жөө кетип… кыштыр-жайдыр, эртеден кечке тоо башында, жаратылыш койнунда эле жүрчү… Көрсө, ошондо эле жымжырттыкта отуруп алып ыр жазчу экен… “Сүрөттөгү өскөн жер” аттуу ырында жерибизди, жаратылыш кооздугун укмуш сүрөттөгөн да… Ошол баёо балалык кезибизди, байкем менен баскан, жарыша чуркап ойноп өскөн жерибизди сагынам. Арген, Арлен балдарымды алып барып, таланттуу таякеси тууралуу айтып бергим келет… Буйруса, айтып берем…
Сүрөттөгү өскөн жер
Жол кетет. Жолду жээктеп талаа кетет,
Талаанын арты, билем, дагы талаа.
Кеткен жол илкип-салкып араң жетет
Суу кечип, Боом өрдөп Тянь-Шанга.
Алкагы өрүк жыгач, буудай түс сыр —
Эргүүдөн бүткөн сүрөт. Ойго тунам,
Жанымдын дабаасына жазылган ыр
Жаралган өңдүү жайсыз чындыгымдан.
О, айтпа, түшүндүрбө! Өскөн жердин
Көгүндө күмүш канат булут шашып,
Төрүндө дүйүм чөбү тамыр жайып,
Жээгинде шамал дуулап, толкун ташып
Жол келет. Жолду жээктеп талаа келет,
Берилеп, улам жылган сайын дагы,
Берилеп… илкип-салкып араң жетет
Апамдын сөөгү жаткан айылга бу.
— Апам деп чоң энесин айтып жатат да ээ?..
— Ооба. Окууну бүткөнчө чоң апабыздын колунда болду. Анын үстүнө баласы Зарлыкбек атабыз да атадан жалгыз болгондуктан, атасына жолдош болсун деп байкемдин да атын Жолдошбек коюп, багыптыр. Ошондон байкем Жолдошбек Зарлыкбеков болуп, а биз Асановбуз… (Күлүп) Бирок байкем ачуу, катуу, сын макалаларына ушу фамилияны койчу…
Байкем армияга Германияга жөнөп кеткенде, чоң апам узатып, бирок келгенде тоспой калат. Ал учурда, билесиңер да, армияга 3 жылга кетишчү эмес беле… Чоң апамдын өтүп кеткенин агама айтпай коюшуп, келгенде угузушса, байкем аябай боздоп, жоктоп ыйлаган экен… Кийин агамдын ыйлаганын бир гана жолу көрдүм. Жогоруда айттым эле го, окууга тапшырганы келгенде колуна келдим деп. Ошондо агам туура жашоону, китеп окууну көп айтчу. “Алтынга кызыгуунун кереги жок. Жан дүйнөңдү алтынга толтурбай, дүйнөлүк классикага толтур. Китеп көп оку!” деп какшачу. “Кана, кайсыны окудуң?” деп сурап калчу. Ошол Бишкектеги Москва көчөсүндөгү үйүн кредит айынан алдырып коюшканда, “Алтынай, тез кел, бизди үйдөн чыгарып жатышат” деп жеңем чалды. Мен жетип келсем, тартып алгандар тимеле күпүлдөп агам менен жеңемди үйдөн сүйрөп чыгарып жатышыптыр… Ошондо байкемдин көзүнөн жаш акканын көрүп жүрөгүм канаган… Анткени агам оңой менен ыйлачу эмес! Байкем ушул үйүн аябай жакшы көрчү… ошондон улам ушул жакта эле айланчыктап жүрдү… Соттошуп да ала албай калдык, көрсө, өтө эле кеч болуп калыптыр…
— Кечирип койчу, Алтынай, ошол кредитке алынган акча тууралуу ар кандай кептер айтылып жүрөт: кайын жагына алып берген… китеп чыгарам деп алган деген сыяктуу.. Чындыкты өз оозуңдан уксак…
— “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт го, биздин деле угушубуз боюнча, кайниси кредит алдырып, аны төлөй албай калыптыр. Калп-чынын ким билсин, бизге жеткен маалымат ушундай. Бирок, агамдын жеңемди “сенин иниң” деп колун кезеп урушканын, жаман көрүп үн көтөргөнүн көргөн жокмун. Демек, чындыкка коошпой да калышы ыктымал.
Бирок, ишенсең, агам менен жеңемди чырылдатып, сүйрөп чыккандары азыркыга чейин көз алдымда тартылып турат… Ошондон ошол үйдүн ээсин билгим келет. Ким алса да, кайра сатып алгым келет. Көп жолу, кыштыр-жайдыр кире албай жүрдүм… акыры кирип, ал квартиранын эшигин такылдатып көрдүм. Квартиранттар жашайт экен… кийин келгенимде дагы башкалар жашап калып, айтор, ээсин таппай, ушул жерди айланчыктап, каалгасын каккылап жүрөм… Алгач ал жакка баруу мага да өтө оор болду. Анткени, бул жактагы жолдордо агамдын издери, үйүндө жаркылдаган элеси калды да… (үнү каргылданып, көзү жашылданып кетти). Дал ушул үйдө агам жерге боортоктоп жатып алып бир топ чыгармаларын жазган… ар бирин ырын баласындай бөпөлөп баккан эле да…
Апам курак курап, шырдак шырыган, колунан көөрү төгүлгөн уз эне. Апам жасап берген төшөктүн, көлдөлөңдүн үстүндө жатып алып далай ыр жазды. Жыдып, жыртылып калганча колдонду го ошо көлдөлөңдү… (Күлүп) Анын үстүндө далай ырды “толготуп атып төрөдү го”… Улам-улам чийип, ыргытып… кайра-кайра оңдоп, сыртка чыгып, кайра кирип, нерв болуп атып жазчу. Бир да жолу ырына ыраазы болгонун уккан жокмун. “Ойдогудай болбой, көңүл тойбой жатат. Дагы жакшылап жазыш керек!” деп изденип жүрүп өттү. “Мен жакшы жазам, мен мыкты акынмын, журналистмин” деп көкүрөк каккан жок. Көрсө, генийлер ушундай жөнөкөй болот экен да… Эми ошол миң түйшөлүп, миң толгонуп жараткан эмгеги жарыкка чыкпай турганы өкүндүрөт. Кийинки муун тааныш үчүн, унутпаш үчүн китептерин чыгаруу керек да… Буйруган күнү жогорудагы жаштыгы өткөн үйүн алып калсам, агамдын буюм-тайымдарын, китептерин коюп койсом деген тилегим бар. Алдыда мен аткара турган милдет толтура. Биринчиси ушул, агамдын көзү өткөнүнө 9 жыл болуп баратат, дале китеби чыкпай турат, чыгып калса деген аракет жана тилек…
— Табиятынан мүнөзү кандай эле?
— Байкем жумшак болчу. Кошоматчылыкты өлгүдөй жек көрчү. “Өзүңөр эмгек кылгыла, китеп окуп өскүлө! Мен силер үчүн бирөөгө барбайм, өз киндигиңерди өзүңөр кескиле!» дечү… Китепти укмуш чогултту. Китебин уурдап кетет деп менден сактана берчү. (Күлүп) “Китебимди уурдаган жоксуңбу?” деп сумкамды аңтарган күндөрү да болгон. Ар бир китебин барктачу, сактачу…
Эсимде, бир жолу кулагыма кичинекей алтын сөйкө тагынып, үстүмө булгаары куртка кийип барсам, “Алтын, кожа сатып алганча, китеп сатып алып акылыңды толтурсаң боло” деп жактырбай таарынгансыган… «Окуп атам, окудум» десем, чечекейи чеч болуп, маанайы көтөрүлүп, “Кана, кайсыны окудуң, айтып берчи?!” деп калчу… Журналистикага да байкемдин таасири менен келдим да. Болбосо мугалим болом деп кыялданчумун. Алгач тапшырганда каалаган окуума өтпөй калдым. Кийинки жылы байкем журналистика факультетине тапшыр деп калды. Азыр ойлосом, байкем менин ушинтип артында калган чыгармасын чыгарууга бел байларымды билсе керек деп калам. Артында туяк калган жок, ишин улап кетчү артында эч ким жок. Ошондон улам алдыда мен кыла турган иштерди Кудайдан берилген миссия катары кабылдайм.
— Канча бир туугансыңар? Жолдошбек байкеден башка кимиңер ыр жазасыңар?
— (Күлүп) Мен. Учурунда мен да ырларды жазып калдым. Аны агама көрсөтсөм, айрым жерлерине күлүп: “Сен такшалышың керек. Ыр жазуу өтө оор, аны багыш керек! Чыгармачылыкты тандасаң, анда майын чыгара тургандай мыкты бол!” деп калчу. (Күлүп) Эми мен ыр жазган жагынан агамдын жанында “чиркей” эле болдум да… ызылдап, канат кагып эле кала бердим да…
Анын үстүнө жашоо дагы суудай толкуп, силкип, сени ар кайсы жээкке алып барып таштайт экен. Толкун сүрүп барып таштаган тагдыр да жашоого чоң таасирин тийгизет экен… Мен ортодо инфаркт болуп, саламаттыкты чыңдаш үчүн Түркиядан дарыланууга туура келди. Сүйүктүү жарым, Арлен, Арген аттуу ширин балдарым менен азыр ошол жакта жашап жатам.
Бирок байкем кол булгалап, Бишкекке чакырып тургандай сезиле берет. Кыргызстанга келген сайын ким менен жолуккум келсе, ушу байкем жашап кеткен үйүнө жакын жерге чакырам. Алгач келгенден коркчумун… Жаралуу жүрөгүмдү канаткым келчү эмес… акырындап келе берип акыры көндүм, азыр кубануу менен келем… Көптөгөн пландарды түзөм. Алардын ичинде, университетте же Кара-Суу мектебинде жакшы окуган эки-үч окуучуга байкемдин атындагы стипендия бергим келет, эстелигин тургузгум келет…
Ар бир юбилейин өткөрсөм деп тилек кылам. “Тилектериң ишке ашсын!” деп апам кубанып, батасын берип келатат... Эне деген эне да, “Тун уулум, көзүмдү ачып өпкөн балам” деп апам агамды аябай жакшы көрчү… Бизге бербеген сары майын, этин берчү. Ага деле боор бербеген байкем апамды жеңе, атамды байке дечү. Апам таарынса, мамаша деп койчу. Апам мешке алоолонто от жагып, үлбүрөгөн чырактын алдында гезит, журнал, китеп окуп берчү, биз муюп укчубуз. “Ала-Тоо” журналындагы чыгармалардан үзүндүлөрдү окучу…
Негизи байкеме чыгармачылык чоң атабыз менен таятабыздан ооду го дейм. Себеби чоң атабыз жамакчы, таятабыз комузчу болуптур. Комузду кыңылдатып ырдап калчу. Жакшы ырдачу. Көп кырдуу таланттуу агам бар эле… күтүүсүз жерден айрылып калып, арманда жүрөм… урушканын да, унчукпаганын да сагынам… Артта калган элестерди кубалап телегейибиз тегиз, башыбыз түгөл балалык кезге кайткым келет… Аттиң, бирок, ал да мүмкүн эмес… Агама байланыштуу көңүлүмдө көксөгөн көп нерселерди ишке ашырып алсам, ошондо сагынычым азаяр дейм…
Маектешкен Назира СААЛИЕВА