АЛМАТЫ: Саякбай Каралаев… Чыңгыз Айтматов… Мухтар, Мурат Ауэзовдор… (ВИДЕО)

АЛМАТЫ: Саякбай Каралаев… Чыңгыз Айтматов… Мухтар, Мурат Ауэзовдор… (ВИДЕО)

Улуу манасчынын γч томдук китеби Алматыда…

«Манас» эпосубузду ааламга тааныткан улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган иш-чараларды “Манас” улуттук академиясы жогорку деңгээлде өткөрγп келатат. Бу жолку Алматыда болгон иш-чара — Эл аралык “Түрксой”  уюму, Казак Республикасынын илим жана жогорку билим берүү комитети, М.О.Ауэзов атындагы адабият жана өнөр институту менен биргеликте Алматы шаарында (14-декабрда) Саякбай Каралаевдин үч томдук чыгармалар жыйнагынын бет ачары жана «Саякбай, Мухтар жана Мурат Ауэзовдор эс тутуму» аттуу эскерүү кечеси кыргыз-казак баарыбызды “бали” дегиздирди. Андыктан алардын мыкты даярдыктагы эмгегин кыскача экскурс  жасап жазып койгонго болбоду…

Себеп дегенде анда тарыхы бир, дастаны бир кыргыз-казактын баскан жолу, ушул убакка чейин сакталып келаткан ынтымагы, бγгγн көздөрγ жок залкар адамдардын достугу: «Манас» менен кыргызды ааламга тааныткан залкар манасчы Саякбай Каралаев, калеми менен кыргызды аалам аралаткан Чыңгыз Айтматов, ушул эки тарыхый инсан менен достук мамиледе болгон, кыргыз-казак элинин орток сыймыгы, казак элинин жазуучусу, «Манасты» изилдеген илимпоз, тагдыры талаш болгон кыйын кезеңде “Манас” эпосубузду сактап калганга тарыхый чоң салым кошкон Мухтар Ауэзов, анын ата жолун улаган уулу, Мухтар Ауэзов атындагы фонддун жетекчиси, казак классиги Мурат Ауэзов, “Манас” эпосун жайылтуу демилгесин көтөргөн алгачкы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн бири Баялы Исакеев, «Манас» эпосунан улуу рухий энергияны, патриоттук күчтүү потенциалды көргөн манас изилдөөчү Камил Рахматуллиндин зор эмгектери тууралуу сөз болду.

Эки элдин эскиден келаткан ушундай кызматташуусун, ынтымагын, эки элди бирдей сүйгөн, эки элге бирдей күйгөн асылдарын эске салып, жасаган эмгектери тууралуу баяндама жасап баарлашкан кыргыз-казак тараптын катышуучулары менен тааныштыралы анда…

Биз тараптан ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Саякбай Каралаевдин небереси Каныбек Каралаев, “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу, вице-президенти Назира Аалы кызы, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз филологиясы факультетинин Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор, манас таануучу Курманбек Абакиров, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Мээрим Көлбаева, Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун азыркы жетекчиси Каныбек Иманалиев, мурунку жетекчиси

акын Нурлан Калыбеков, “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков, чыгармачылык топтон көзгө жаш айланта «Манастан» γзγндγ айтып азыркы аксакал манасчыбыз, Кыргыз эл артисти Назаркул Сейдракманов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самат Көчөрбаев, төкмө акын Амантай Кутманалиев, актриса Ырыс Орозова, жаш ырчы кызыбыз Үмүтай Абдышова катышты. Ал эми казак туугандар жактан М.О.Ауэзов атындагы адабият жана өнөр институтунун директору, академик Кенжехан Матыжанов, Адабият жана өнөр жаатындагы Казакстан Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, акын Улукбек Эсдаулет, Казак эл артисти Сакен Карим уулу, Ауэзов үй-музейинин директору, филология илимдеринин директору Диар Кунаев, профессор Пірәлі Гүлзия Жайлауқызы, доцент Светлана Ананьева катышып, журналисттер кылымдар оозеки жашап, жазуу иштери, китеп кылып чыгаруу колго алынган өткөн кылымда кыйла кыйынчылыкка тушуккан (адамдык жаман фактор менен аябай роль ойноп) “Манас” жана аны коргоого калган адабият, маданият, илим адамдары тууралуу баяндамачылардын баянынан уктук… биздин кызматыбыз тырмактын агынан да аз экенине дагы бир ирет ынандым…

Мухтар Ауэзовдун үй-музейиндеги тарых…

Мен башка элдердин босогосун эки улуттук ыйык нерсе менен аттайм, бул “Манас” жана Мухтар Ауэзов” деп улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, бул иш-чаранын да босогосу “Манас” жана Мухтар Ауэзов менен башталды. Дегеним, Кыргызстандан барган делегация Мухтар Ауэзовдун үй-музейине саякат жасап, тарыхый инсандын кол жазмалары, урунган буюм-тайымы, кийим-кечеси, бир нече тилге которулган китептери, чыгармаларын баскан машинкасы, отурган үстөл, стулу, дептер, калемсабы, казак элине калтырган, ар бир тамгасы асмандата илинген накыл сөздөрγ менен тааныштык…

Үй-музей ичин М.О.Әуезов атындағы Әдебиет және өнер институты «Әуезов үйі» ғылыми-мәдени орталығы директорының орынбасары Салтанат Мукатаева ийне-жибине чейин саймедирелеп, татаалы да, катаалы да арбын баскан жолун баяндап айтып берди. Муктар Омархановичтин Казакстандын Семипалатинск облусунун Абай районунда 1897-жылы 28-сентябрда жарык дγйнөгө келгенин, алгач орус мектебинен билим алып, кийин Ленинграддагы университеттин филология факультетин, Ташкент шаарындагы Орто Азия университетинин аспирантурасын аяктаганын, казак фольклорун алгачкылардан болуп изилдегенин, студент кезде эле дымагы кγчтγγ чыгып, айтылуу «Караш-караш» повестин жазганын, анын негизинде биздин мыкты кинорежиссерубуз Болот Шамшиев “Караш-караш окуясын”, “Көксерек” аңгемеси боюнча ошол аталыштагы тасманы дагы бир мыкты кинорежиссерубуз Төлөмγш Океев тартканын айтты.

Мухтар Ауэзов 1928-жылы Кыргызстанга барып, биринчилерден болуп “Манасты” изилдеп баштаганын, «Манас” — кыргыз элинин баатырдык эпосу» аталыштагы изилдөөсүн 1935-жылы баштап, кийинки жылы бүтүргөнγн, саясатка байланыштуу ал убагында басылмадан чыкпай калганы менен кол жазмасы музейде сакталып турганын, көпчүлүк изилдөөчүлөр азыркыга чейин ошол кол жазмасы таянып жазып келаткандарын баса белгиледи. Ошондой эле ал «Абай жолу» романы жарыкка чыккандан кийин саясий куугунтукка кабылганын, абакка алуу аракеттери күч алганда Россияга кетип кутулганын, Москва мамлекеттик университетинде иштеп, Сталин көз жумгандан кийин гана өз жерине кайтып келгенин, куугунтукталганы менен Ленин жана Сталин мамлекеттик сыйлыктарынын ээси болгонун, Кыргызстанга бат-бат барып, интеллигенция өкүлдөрү менен дос болуп, Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Төлөгөн Касымбеков, алп манасчы Саякбай Каралаев менен катышканын (далил тарыхый сγрөттөр музейде илинип турат — авт.), Ысык-Көл жээгиндеги музей катары иштеп жаткан үйдө аз гана (1959-жылдан 1961-жылга чейин) жашаганын, кичи китепкана, көргөзмө залында жеке буюмдары бар экендигин, γй-музейинин алдына бюсту коюлуп, ачылыш аземине президент Касым-Жомарт Токаев барганы да айтылды.

Каныбек Иманалиев Баялы Исакеев менен кызын эске салды…

Экскурсиябыз аяктап калганда Саякбай, Тагай бий, Каганат”, Кыргыздар (бул китеби англис, немис, орус жана кытай тилдерине которулган — авт.) жана башка дагы көптөгөн китептердин автору Каныбек Иманалиев “Манасты” эң чоң, мазмундуу эпос деп баалап, аны жайылтууга зор салымын кошкон Баялы Исакеев менен кызы Лариса Исакеева тууралуу маалыматты үй-музейден кездештире албастыгын айтып, Салтанат айымга суроо узатты.

Баялы Исакеев

Баялы Исакеев тууралуу учкай айта турган болсок, ал 1897-жылы Нарындын Кочкор өрөөнүндөгү Үкөк айылында төрөлгөн. 10 жашынан айылдык мектепте окуп, 1916-жылы Нарындагы үч жылдык жалгыз орус-тузем мектебин бүткөн. Ошол жылдагы Улуу үркүндө качкан эл менен кошо Кытайга барып, ошол азаптуу, кайгылуу, кандуу окуяга арнап 1932-жылы бир топ макалаларды жазган. 1935-жылы Кыргыз АССРнин Борбордук комитети «Манас» эпосун басып чыгаруу тууралуу токтом кабыл алып, 80 миң рубль бөлүнүп берилет. Б.Исакеев Москвага барганында “Манас” тууралуу кеңири баяндама жасайт. Тилекке каршы, саясий куугунтукка кабылат. «Чоң Казатка« баш сөз жазган редакторлордун бири Е. Мозольковго телефон чалып, «Манас» эпосу элге керектигин түшүндүрүп, акыркы өтүнүчүн билдирип, көрүшпөй калуусу ыктымалдыгын айтып коштошкон экен. 1937-жылдын 10-сентябрында «улутчул-контрреволюциячыл» деген жалган жалаа менен камалып, 1938-жылы ноябрь айында атылып кетет. Кийин (1957-жылы) толук акталган.

Бишкектен 30 чакырым алыс Чоң-Таш айылындагы «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жашыруун атылып, көмүлгөнү 53 жыл белгисиз болуп келген, мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн Жусуп Абдрахманов, Мурат Салихов, Осмонкул Алиев, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, жалпысынан, 138 тарыхый инсандын сөөгү жашырылган. Алардын дайыны 1991-жылы гана Бүбайра Кыдыралиева кыш чыгаруучу эски заводдун сырын ачыктаганда гана белгилүү болгон. Ошол 138 адамдын сөөгү ак кепинделип, кайра көмүлүп, алардын арасында Баялы Исакеевдин да сөөгү бар. Б.Исакеевдин эстелиги борборго коюлуп, ысымы Бишкектин бир көчөсүнө жана Кочкор районундагы туулган айылына берилген…

Лариса Исакеева

Баялы Исакеев аялы менен ажырашып, аны Алматыга төркүнүнө жеткирип берип, 9 айлык кызы Ларисаны алып калат. Кызы үч жашка чыкканда кийинки жубайы Надежда Щеглова менен камалып кетет.

Бир жылдан кийин Баялы Исакеев ак жеринен атууга кеткенде кызы тайларында калып, бирок Алматыдагы балдар үйүндө тарбияланат. 22 жашында Кыргызстанга кайтып келип, 1970-1980-жылдары Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектептин директору болуп эмгектенген. 2017-жылдын 29-июнунда 85 жашында көз жумган.

 “Мухтар Ауэзов Кыргызстанга барып, айдап-жылдап манасты изилдеген”

Үй-музейге М.О.Ауэзов атындагы адабият жана өнөр институтунун директору, академик Кенжехан Матыжанов да келип калып, кыргыз-казак журналисттери катар туруп сγйлөтγп алдык. Ал “Манас” эпосу руханий мурас экендигин, Муктар Ауэзов Кыргызстанга атайын барып, айдап-жылдап “Манасты” изилдегенин, улуу манасчыны уулу Мурат Ауэзов да тааный турганына кубанганын айтып, “мына бγгγн биз ушундай тарыхый инсандар Саякбай Каралаев, ата-бала Мухтар, Мурат Ауэзовдорду эскергени турабыз. Ошондуктан “Манас” улуттук академиясы уюштурган иш-чаранын маңызы өтө терең, кенен маалымат ошондо айтылат”, — деп сөзγн кыска кайрып узартпады.

Гүлсүн САЯКБАЕВА: “Атадан алтоо элек, жалгыз калдым”

Иш-чаранын Саякбай атабыздын манасы менен башталган расмий бөлүгүнүн башында кызы Гүлсүн Саякбаева онлайн саламын жолдоп, ден соолугуна байланыштуу иш-чарага келе албай калганын айтып:

Атамдын жасап кеткен эмгегин урпактары көкүрөктөрүндө аздектеп туу тутуп келатканына Кудайга шγгγр! Атадан алтоо элек: Рабиха, Калийкан, Сайракан, Сыргак, Чубак, анан мен. Азыр баары жок, мен жалгыз калган кызымын”, — деп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.  

“Чыңгыз Айтматовдон кийинки эле жазуучу Султан Раев”

Анан боордош эки мамлекеттин ГИМНи жаңырды. “Меники, сеники” дебей баарыбыз кошулуп ырдап, залды бир жаңыртып көтөрдγк…

Кубантканы, «Ауэзов үйү» илимий-маданий борборунун чакан жыйындар залына эл батпай калды. Аны байкаган модератор Кенжехан мырза: “Зал кичинекей десем Султан Акимович болбой койгон, дал ошол жерге өткөрөбγз деп… Саякбай Каралаев менен Муктар Ауэзовдун, Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун γлкөн достугу, адабиятка, маданиятка болгон мамилеси бизге γлгγ да, көпγрө да болду. Кыргыз-казактын тарыхы, санжырасы, дини, дили бир. Мына, бул иш-чарага Чыңгыз Айтматовдон кийинки эле жазуучу Султан Раев келип отуру. Казак тилинде “Жанжаза”, “Топон”, “Көкжал” китептери чыккан. Жакында эле Алматыда жазуучулардын 90 жылдык форуму болуп өттγ. Анда Казакстандын абройлуу, эл аралык “Алаш “ адабий сыйлыгы менен сыйланды” деп Султан агабызды куттуктап, ага сөз кезегин берди…

“Иш-чараны ушул жерге өткөрбөсөк тарых бизди кечирбейт эле”

деп сөзγн баштаган Султан Акимович анын себебин мындай деп тγшγндγрдγ: “Манас” улуттук академиясы чыгарган Саякбай Каралаевдин чыгармалар жыйнагынын үч томдук китебинин бет ачарын так ушул жерге өткөрбөсөк, анда тарых бизди кечирмек эмес. Себеп дегенде улуу инсандар — ата-бала Мухтар, Мурат Ауэзовдор, “Манас” эпосуна берилген, изилдеген илимпоздор, чоң мурас калтырып кетти.

Тарыхка кылчайсак, 1950-жылы азербайжандардын «Деде Коркут», өзбектердин «Алпамыш» эпосторуна тыюу салынып, кезек «Манас» эпосуна келип, коомчулукта катуу талкууланган. Айрым адамдар аны жокко чыгарууга аракет кылганда, ага чекит коюу үчүн 1952-жылы Александр Боровков, Василий Радлов, Александр Бернштам, Мухтар Ауэзов, Болот Юунусалиев өңдүү бир топ беделдүү илимпоздор Фрунзе шаарына чогулат. Ошондо Мухтар Ауэзов «Манас» эпосу кыргыз элине гана таандык экендигин, саясатка ылайыктап өзгөртүү туура эместигин ачык айтып, талашка чекит койгон. “Эгерде “Манас” эпосу жоголуп кетсе, анда кыргыз улуту жоголуп кетет” деген таамай айткан сөзγ азыркыга чейин айтылып жγрөт. Ошондуктан биз таазим кылып, Ысык-Көлдөгγ жашаган γйγнγн алдына бюст койгонбуз. Эми ошонун жанына уулу Мурат Ауэзовдун да эстелигин коелу деп жатабыз. Атасы жалгыз болбой баласынын айкели турсун жанында деген тилек кылып жатабыз” дегенде залдагылар кол чаап жиберишти.

Ошондой эле Султан Акимович улуу манасчынын 130 жылдыгы Мажарстанда (Венгрияда) жогорку деңгээлде өткөнγн, анда залкар манасчылар Шаабай Азизов, Уркаш Мамбеталиев, Сапарбек Касмамбетов, улуу манасчылардын оозунан миңдеген саптарды жазып алган манасчы жана фольклорчу Ыбрайым Абдырахманов эскерилгенин, Саякбай Каралаевдин чет өлкөдө биринчи жолу орнотулган эстелиги эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун демилгеси, мажар туугандарыбыздын колдоосу менен 2023-жылы ачылганын айтты.

Андан соң Саякбай Каралаевдин γч илтик китебинин кызыл лентасын кесишти…

“Каныкейдин жомогу” ыйлатты… “Жылкычынын ыры” жыргатты…

Кийинки кезектеги үркөрдөй чыгармачыл тобубуздун “мини-концерти” да эң сонун болду. Кыргыз эл артисти, төкмө акын Амантай Кутманалиев салттуу саламдашып, “Поездин эки жолундай/, Абайдын эки томундай/, кыргыз-казак мухит дайрасындай эзелтен бир тууган” деп төгγп келип, “алп манасчынын китебинин бет ачарында манас айтылбаса болбойт” деп кезекти манасчыларыбызга берди. Аксакал манасчыбыз Назаркул Сейдракманов менен орто муундагы манасчыларыбыздын бири Самат Көчөрбаев бири-бирин улап “Каныкейдин жомогунан” γзγндγ айтышып, актриса Ырыс Орозова Каныкейдин монологун образга кирип көзγнө жаш ала айтканда, көрүп отурган көпчүлүгүбүз да көзγбγзгө жаш алдык…

Айтмакчы, “Манасты” жаздырып жаткан учурда Саякбай Каралаев “Каныкейдин жомогун” ушундай жүрөк титирете айтат. Аны уккан казактын улуу жазуучусу Мухтар Ауэзов ыйлап, “Асылды асыл гана баалайт” дегендей, «Сен бул дүйнөдөн көчсөң, адамзат теңдешсиз реликвиясын жоготот» деген” деп айтылып жүрөт.

Каныкейдин монологун угуп муңкана түшкөн көңγлдγ жаш ырчы кызыбыз Үмүтай Абдышова чайыттай ачып жиберди. Ал айтылуу төкмө акын, обончу, ырчы, кыргыз-казак Ашыке деп сыйлаган Ашыралы Айталиевдин “Жылкычынын ырын” комуздун коштоосунда созгондо, “ай, бали!” деп зал жандана тγштγ.

Самат Көчөрбаев менен Баянгали Алимжанов

Кенжехан мырза “бул ырды казактар дагы ырдайт” деп кγлγп, “ Саякбай Каралаевдин манасын сагынганда биздин жалгыз манасчыбыз Баянгали Алимжановду чакырып, манас айттырып турабыз”, — деди.

Бул жерден казак элинин ошол жалгыз манасчысы, акын, драматург, жазуучу, котормочу жана кинорежиссёр Баянгали Алимжанов тууралуу айта кетпесек болбойт. Ал 2021-жылы Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында Кыргызстанга келген. Ошондо окурмандарга жеткиликтүү болушу үчүн «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун бир версияга бириктирип которгон китебинин бет ачары өткөн. Биздин президент Садыр Жапаров Баянгали Алимжанов менен ушул жылы Нур-Султанда жолугуп, «Достук» орденин тапшырган. Кесиптешибиз Максат Жангазиев 2021-жылы «Азаттыкка» маек курган экен, Баянгали мырза кандайча кыргыз тилинде манас айтып калганын айтып бериптир…

Азиз БИЙМЫРЗА уулу: “Жакында Тγркияга барабыз”

Кыска концерттен кийин сөз алган “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу казакча сγйлөп казак туыскандарды кубантты. “Кыргыз-казактын тарыхый инсандарын улуу агаларыбыз айтты жана дагы алдыда айтылат. Ата-бабаларыбыз “Манас” эпосунун кантип сактап, барктап калганын биздей жаштарга жеткирип келаткан сиздерге таазим! Эми биз кийинки муунга татыктуу жеткирип беришибиз керек. Манасты жайылтуу максатта ушундай иш-чараларды ар кайсы мамлекетке өткөрсөк деген тилегибиз бар. Мына, γч илтиктин бет ачары Алматыда өтγп жатат. Эми 23-декабрда Тγркияга жол тарталы деп турабыз”, — деп келип, жаплы казак элин 16-декабрь эгемендγγлγк майрамы менен куттуктады…

“Саякбай атабыз тиги дγйнөгө кетип баратканда да манас айткан”

Андан соң Каныбек Иманалиев сөз сүйлөп, Саякбай Каралаев 3 миллиондой сапты мээсине батырганын, ал эми адамдын мээсине, эң көп дегенде, 7 миң маалымат батарын, ошондон улам улуу манасчынын керемет сыйкырын ачып берүүгө бүгүнкү илимдин күчү жетпестигин, манас айтуу искусстводон да бийик турарын айтып келип, “Манас” ааламы 12 кесиптин ээси экенин санап берди. Алар: тарыхчы, санжырачы, ылаңчы, дарыгер, актер, ырчы, комментатор, баяндоочу, обончу, режиссер, мугалим, сγрөтчγ. Ушул кесиптегилер “Манасты” тγшγндγрөт, жеткирет, ошого жараша адам баласы тандап, кабыл аларын чечмеледи.

Чынында бул баарыбыз эле байкоос ала бербеген факт…

Андан нары Каныбек Капашович 1971-жылы Фрунзе шаарындагы ооруканада болгон, залкар манасчыбыздын өмүрүнүн акыркы сааттары менен байланыштуу табышмактуу окуяны айтып берди. Эсиңиздерде болсо, залкар манасчы 1971-жылы май айында оорусу катуулап ооруканага жаткырылат. Ошондо да күңгүрөнүп манас айтканын токтотпойт. Коңшу палатада Саякбай ата менен ара-чолодо тайган агытып, бүркүт салышып, мергенчиликке чыгып, кийин адабий портрет жазып көп жыл достук мамиледе болгон жазуучу Николай Удалов буту ооруп жаткан болот. Ошол киши да Саякбай атанын түнү бою тынбай манас айтканын айткан экен. Ошол учурду эске салган Каныбек Иманалиев “Саякбай атабыз тиги дγйнөгө кетип баратканда да манас айткан” деп сөзγн аяктады…

Калим Рахматуллиндин эмгеги…

Андан соң сөз алган Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Мээрим Көлбаева аталган институттун жетекчиси, академик Акматжан Акматалиев иш-чарага башка мамлекетте иш сапары менен жγргөндγктөн келе албай калгандыгын айтып, ысык саламын жолдоду.

““Манас” “Манас” эпосун изилдеген окумуштуулар бар γчγн бизге жетти деп айтаар элем. Мухтар Ауэзов тууралуу мен айтайын деген нерселер айтылып калды, андыктан кайталабай эле коеюн. Бир гана нерсени айтайын, “Манас” эпосун изилдөөчү, сынчы, драматург Калим Рахматуллин 40-жылдары адабият таануу илиминин көч башында турган. Анын ысымы кыргыздын адабият чөйрөсүнө кеңири белгилүү. Татар болгону менен кыргыз элинин патриоту болгон. Манасты даңазалаган. Ушундай тарыхый инсандарыбызды унутпасак» деди…

Саякбай атанын небереси… Сыйлыктар…

Иш-чара Саякбай атабыздын небереси Каныбек Саякбаевдин сөзү менен жыйынтыкталды. Ал улуу манасчынын урпагы экендигине сыймыктанарын айтып, чоң атасынын эмгектерин жайылтып жаткан манасчыларга, окумуштууларга, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирди.

Иш-чара катышуучуларга казак баурлар сыйлык тапшыруусу менен аягына чыкты. Султан Раев, Каныбек Иманалиев жана Азиз Биймырза уулу Ардак грамота, окумуштуулар, журналисттер Алғыс хат менен кошо «Абай өлөңдөрүнүн текстологиясы», «М.О.Ауэзовдун Абай жана текстология маселелери тууралуу кол жазмалары» аттуу китептерди белекке алдык.

“Башталат иш майдадан, байкабайт аны майда адам”

деп сатирик акын, драматург, котормочу Райкан Шүкүрбеков айткандай, коңшу мамлекет Казакстандагы (Астанадагы) иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу, менимче, оңой болгон жок. Дегеним, көзгө көп уруна бербеген майда иштери көп убакытты талап кылат экен. “Манас” улуттук академиянын Эл аралык байланыштар жана коммуникация бөлγмγндө эмгектенип жаткан «Айкөл» студиясынын жетекчиси, мени менен бир бөлмөдө жаткан Гγлзат Маичинова, байкасам, аз уктап, көп иштеди. Бир кγн эрте барганыбыз да ошондон болуптур. Мындайча айтканда, биз жасанып-түзөнүп алып эле даярдык командасы (Гγлзат, Элдар, Майрамбек, Бектур) даярдаган ашка, ишке гана барып жаттык…

Баарынан да кубанганым, Бишкек шаарында окуп, чоңойгон, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Башкаруу жана социология факультетин кызыл диплом менен аяктаган Гγлзат Маичинова чет мамлекетке билимин тереңдеткени кеткен. Индияда көп жыл жашап, Хайдарабаддагы Османия университетинин Бизнес жана коммерция колледжинде менеджмент боюнча доктордук диссертациясын жактап, окумуштуу болду. Өз тили кыргыз тилинен тышкары орус, англис, поляк, корей, хинди тилдеринде эркин сүйлөгөн кыз каалаган чет мамлекетте иштеп кала берсе болмок… антпей өз мекенине кайтып келип, болгондо да “Манаска” кызмат кылып чуркап жγргөнγнө, жөнөкөйлγгγнө, адамгерчилигине таң бердим, баа бердим. “Манас” улуттук академиясы “оорун колдон, жеңилин жерден” алган кадрларды тандоодон жаңылбаптыр. Гγлзат, Элдардай “Манас” баштаган кыргыз ааламын билген, түшүнгөн билимдγγлөр академияга аба менен суудай керек! Куш уйку салып, иш-чара убактысы келгенде умачтай көздөрү ачылып, тыпылдап чуркаган уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз! Жараткан Эгебиз колдосун силерди!

Назира СААЛИЕВА,

Бишкек-Алматы-Бишкек

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.