Жетимчиликтин да, согуштун да азабын тарткан Турар Сейитбаев… Баласы эскерет!

Жетимчиликтин да, согуштун да азабын тарткан Турар Сейитбаев… Баласы эскерет!

Эсен болуп, эстей жүр!

Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерине 100 жыл 

СЕЙИТБАЕВ Турар 10-май 1924-жылы Ак-Талаа районунун Кара-Ой (Тоголок-Молдо) айылында кат сабаттуу үй-бүлөдө төрөлгөн, бабасы Султан Бухарада медреседе окуп билим алып келип айтылуу Шабдан баатырдын мечитинде имамдык кылып медресе ачкан адам болуптур, чон атасы Букарбай – Шабдан баатырдын сунуштоосу менен Верный шаарында гимназиядан орусча билим алып келген – тилмеч, болуштун катчысы, эл агартуучу болсо, ал эми өз атасы Букарбаев Сейитбай Ташкент шаарында окуп билим алып, революцияга катышып полководец М.В.Фрунзенин сунушу боюнча Нарын уездинде Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкан, большевик, кызыл комиссар болгон.

8 айлык ардагер ата-энеси менен

Турардын кичине кезинде —  4 жашар курагында,  атасы Сейитбай Саратов шаарында юридикалык окуу жайын аяктап жатып каза болот, кичинесинен атасынан жетим калгандыктан, адегенде чоң атасы Букарбайдын колунда, андан кийин атасынын бир тууган иниси Букарбаев Жусупбайдын колунда калат.  Ал кичинесинен Тоголок-Молдодогу 5-жылдык мектепти окуп, андан кийин Дөрбөлжүндөгү (азыркы Баетов айылындагы) Сталин атындагы райондук мектеп-интернатка кирип, 7-жылдык орто билим алат. Мектеп интернатта окуп жүргөн учурунда, мектептин директору (эл агартуучу Инаят Мусаев), Турардын жакшы окуган дилгирлигин, эсепке так жана эмгекчил экендигин байкап, ошол райондук мектеп-интернаттын чарба башчылык кызматына дайындайт. Ошол өспүрүм мезгилинен баштап  Турар атанын эмгек жолу башталат. Окуусун аяктагандан кийин эмгек жолун улантып 1939-42-жж. “Ала-Тоо” артелинде колхозчу, кассир, эсепчи болуп эмгектенет.

Турар атанын өспүрүм чагында Улуу Ата-Мекендик согуш башталып калат. 1942-жылдын күз мезгилинде Ак-Талаа райондук Аскер комиссариаты  17 жаштагы 12 баланы даярдыктан өткөрүп, комсомолдук жолдомо берип,  Ташкенттеги аскердик окуу жайына аттантат. Командирлик окууга баратыбыз деген үмүттөгү  жаштар узак жолду 11 күн жөө басып өтүп, Фрунзеге келишип, анан поезд менен Ташкентке жетишсе, окуу жайына кабыл алуу аяктап калган болот. Ушуга байланыштуу, аскердик окуу жайы аларды согушка барасыңар деп Термез шаарындагы фронттун резервдик аскер бөлүгүнө даярдыктан өтүүгө жиберишет. Бир айлык снайпердик окуудагы аскердик даярдыктан өтүп жаткан жаш балдарды, согушта аскер жетишпей жаткандыгына байланыштуу деп жарым айдан кийин 1943-жылдын январь айында башкалар менен чогуу фронтко жөнөтүшөт. Адегенде кыштын күнү Москвага чейин поезд менен жетишип, андан кийин айлап жөө жүрүп, Турар ата өз курдаштары менен чогуу жаз мезгилинен башынан тартып согуш майданын Курск дугасындаты фашисттерге каршы катуу салгылаштан аткыч катары баштайт. 1943-ж. (13.07.43ж.) жай мезгилинде колунан жарадар болуп, госпиталда узак мезгил дарыланып, андан кийин кичи мекенине кайтып келет. Ак-Талаа райсобесинде кызматкер катары бир аз мезгил иштеп, 1944-жылдын күз мезгилинде аскер комиссарияты аркылуу топтолгон Теңир тоолук 30 жигитке баш болуп, кайра согушка аттанат.  

Турар ата экинчи жолу фронтко баргандан тартып 1944-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуш майданында оор артиллерияда аткыч, атактуу “Катюшада” чалгынчы — топограф катары фашисттерге каршы салгылашат.  Чалгындоо учурунда немецтик чалгынчылар менен кагылышууга туш келип, колунан женил жарадар болуп (16.01.1945ж.), бирок ошого карабастан, кийин фашисттик баскынчылар менен согушка катышуусун улантат.

Фашисттердин уюгу Берлинди курчап алуу операциясына 1-Украин фронтундагы “20-Гвардиялык Проскуровдук миномёттук-артиллериялык Кызыл Туу, Богдан Хмельницкий жана Александр Невский ордендүү дивизиясындагы “Катюшада” аткыч катары жигердүү катышып, Улуу Жеңишти Берлиндеги Рихстагды алуу менен аяктайт.

Согуш аяктагандан кийин 1947-ж. аягына чейин Австрия, Венгрия, Румынияда болуп, Батыш Украинаны фашисттердин өнөктөштөрүнөн тазалоого катышып, андан кийин Өзбекстандын Самарканд шаарында аскерге жаңы келген солдаттарды даярдоодо аскер кызматын өтөйт.

Согуштан кайтып келгенден кийин Турар Сейитбаев 1948-жылы Инакбекова Макиш экөө баш кошуп, 4 кыз , 3 уулду тарбиялап чоңойтушкан. Азыркы мезгилде алардан 21 небере,  50 чөбөрө калды.

Турар Сейитбаев 1947-1955-жылдары Ак-Талаа райондук пландоо бөлүмүндө бөлүм башчы, Куланак райаткомунун башчысы, партиянын Куланак райкомунда бөлүм башчысы, катчысы кызматын аткарат. 1955-жылы Партиялык жолдомо Фрунзедеги үч жылдык жогорку партиялык мектепке жөнөтүлөт. Партиялык окуу жайды ийгиликтүү аяктагандан кийин 1959-жылдан 1988-жылга чейин партиянын Ак-Талаа райкомунда инструктор, 1-Май колхозунда парткомдун секретары, райаткомдо кадрлар боюнча сектор башчысы, а.ч. бөлүмүндө инспектор, райсобесте пенсия боюнча ага инспектор, райОНОдо эсепчи, РЭСте текшерүүчү кызматтарда ардактуу эс алууга чыкканга чейин иштейт. Турар ара ардактуу эс алууга чыккандан кийин дагы, өмүрүнүн аягына чейин коомдук иштерге жигердүү катышып, Баетов айылында көчө комитеттеринин бирин жетектеп келген.

Улуу Ата Мекендик согушта фашизмдин үстүнөн болгон Улуу Жеңиштин 60 жылдыгын Берлинге барып белгилөөгө даярданып жаткан Турар ата 2004-жылы 12-октябрда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Турар Сейитбаев Улуу Ата-Мекендик согуштун учурунда адегенде 3-Белорус фронтунда, андан кийин 1-Украин фронтундагы салгылашууларга катышкан. Согуштагы чалгын учурунда эки жолу немецтик баскынчылардан туткун кармап алууга катышып, тайманбастык көрсөткөн. Ал Берлинди алуудагы операцияга күжүрмөндүк менен катышкандыгы үчүн Генералиссимус И. Сталиндин ыраазычылык катына ээ болгон, Экинчи даражадагы “Ата Мекендик согуш” ордени, “Эрдиги үчүн”, “1941-1945жж. Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн”, “Эмгектеги жетишкендиктери үчүн” ж.б.у.с. медалдар менен сыйланган. Анын эмгеги бааланып Ак-Талаа районунун администациялык борбору Баетов айылындагы бир көчөгө Сейитбаев Турардын ысымы берилген.

Бактыбек СЕЙИТБАЕВ, саясий илимдеринин кандидаты, доцент

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.