ВИДЕО — Маркум Айзиректин кайын журту үн катты…

ВИДЕО — Маркум Айзиректин кайын журту үн катты…

Заматта жетим калган балдардын өксγгγ

1-июнь – эл аралык балдарды коргоо күнү. Бγгγн канчалаган балдар ата-эне кучагында кубанып майрамдашат… Ал эми Белек менен Айзиректин балдары… бири кем дүйнө, майрам ордуна апасын жоктоп ыйлап отурушат…

Сөз удулу келип турганда айтып койчу бир нерсе, эки тарапта эки үй-бүлөнү арман… өксγк… кайгы басып турганда, балдардын абалы унутта калып, ар кыл кептер жазылып, тарап да жатат… «Жамандык жерде жатпайт» экен, анан да ушундай заманда жашап жатабыз, ар бир экинчи адам кабарчы, жарчы, жазмакерге айланып, сөз чындыгы, жамандыктан контент жасап, жалганды да кошуп жиберип жаңылык тараткан жагынан алдыга ат салдырбай баратабыз…

Социалдык тармактарда туура эмес маалыматтар кетип жатканын маркум келин тарап да, күйөөсү тарап дагы айтышыптыр…

Журналисттик этиканы карманып, кесиптешибиз Ыдырыс Исаков эки тараптан тең интервью алган экен… Алгач ал  жолдошунун колунан ажал тапкан Айзирек Эралиеванын туулуп-өскөн (Өзгөн району, Алга айылы) γйγнө барып, ата-энеси, туугандары менен маектешиптир…  Ал төмөндө:

Андан соң Кара-Кулжа районунун Айзирек келин болуп барган, беш балалуу болуп, 18 жыл жолдошу менен бирге жашаган Ылай-Талаа айыл аймагындагы Сай айылына барып, кайын агасынан, жээн, кошуналарынын оюн угуптур…

Акыркы сүрөт… акыркы мүнөт

Айзирек 38 жашта гана болчу…

Эске сала кетсек, ушул жылдын 26-майында Өзгөн районунун Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин Айзирек мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кандуу окуя социалдык тармактарга ушул сүрөт менен тараган. Алгач кызганыч себеп болгону жазылган. Ошондон бери γрөйдγ учурган окуяга эмне себептер болгону боюнча так маалымат жок… Ал бир гана Кудайга жана маркумдун жолдошуна маалым…

Азыр Айзиректин 40 жаштагы күйөөсү камакта. Аны кандуу окуя болгон күнү (26-майда) Кара-Кулжа райондук милициясы кармап, эки айга камакка алган. Ош облустук милициясы «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери жүрүп жатат…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.