«Мастер менен Маргарита»…Шорена… Рыспай Абдыкадыров. Болдукан Мамбеталиева…

«Мастер менен Маргарита»…Шорена… Рыспай Абдыкадыров. Болдукан Мамбеталиева…

«Толкундар тынчыбайт»

«Ар бир иштин башталышы менен бүтүшү болот» дегендей эле, канча жылдар жүрөгүмө көтөрүп келген кубаныч менен кайгымды, санаамды жана убайымды, бир жыгылып, бир туруп, жеңилүү бул мен үчүн жеңишти көздөй бир кадам деген жаштыктын күчү менен өткөн бир өмүрдү камтыган тагдырымды чиймелеп бүттүм окшойт» деп акын Болдукан Мамбеталиева эжем буга чейин жазгандай, айткан китебинин бет ачарын июндун он биринде чакан чөйрөдө өткөрдγ. Аталышы да башкача: «Толкундар тынчыбайт»… Окуп бγттγм. Андагы алгачкы, акыркы махабаты атактуу адамга арналганы, арзуусу бир кишиге тγбөлγк байланганы, ак сγйγγсγ жγрөгγндө сакталганы, жалгыздыкты тандаган тагдыры, орусча айтканда, «однолюб» болгону менин тагдырыма окшош экен.

«Сγйγγнγн бир сааты эле бγтγндөй турмуш!» деп белгилүү француз жазуучусу Оноре де Бальзак жазгандай, бγтγндөй турмушу, арзуусу ачык жазылган. «Дейт, дейт…» дегенге чекит коюлган. Албетте, атактуу адамды катуу сγйгөнγн, жалынына кγйгөнγн жазуу азаптын азабы, өтө оор! Ал боюнча автор соңку сөзγндө мындай дейт: «Кайрадан эстеп, кайрадан жазуу ушунчалык азап, оор, жагымсыз болорун билбепмин. Абдан кыйналдым, азаптандым, оорудум, көз жашым төгүлдү, чарчадым. Көтөргөн жүгүм жеңилдебей эле оорлошту. Тынчтыгым бузулду…

Мен өмүрүмдү текке өткөрдүмбү же чындап жашай алдымбы? Жообум жок дагы, бар дагы. Бирөөлөр үчүн жашоом текке кеткен өмүр болсо, айрымдарга өмүрүм ыйык, чыныгы, өчпөс сүйүү менен калган баян-тагдыр болгон чыгар. А мен үчүн кандай болду? Билбеймин!

Мен бакытты көкүрөктө сактадым,

Жылдар алды менин асыл үмүтүм.

Комузумда кагып турду жүрөгүм,

Мен чегине жеттим улуу Сүйүүнүн.

 

Ырдап турду, ыйлап турду карегим,

Жаратканым берди аябай эсебим…

Сүйүүнү ырдап, Лира жазып калемим,

Жыккан жокмун тагдырдын Туу, желегин!»

Темиралы КУНАШЕВ: «Рыспайдын акыркы сγйγγсγ Болдукан»

Бул китепте азап-тозок сγйγγ, көкүрөгγндө чогулган таарыныч, ыза, куса, сагыныч, жалгыздык, күндөлүк-эссе, армандуу ырларды китепке айлантууга тγрткγ болгон адам — белгилүү күүлөрдү, ырларды гитарада ойногон, Куранды 28 жыл изилдеген теолог Темиралы Кунашев болгонун Болдукан эже Бишкек шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы N18 китепканадагы чакан иш-чарада (11-июнда) айтып, ага ыраазычылыгын билдирген.

Темиралы агабыз да ачык сγйлөгөн адам экен, андагы иш-чарада Рыспай агабыздын беш жубайы тууралуу сөз кылып, аттарына чейин атап, атактуу адам менен жашаган турмушун айтып, акыркы сүйүүсү Болдукан эжебиз болгонун, анын однолюб экенин белгилей кетти. «Болдукандын сүйүүсүнө багындым. Бирөөнү жазыш да, айтыш да кыйын. Атактуу адамдын арбагы ыраазы болгудай китеп жазыш чоң таланттын колунан келе турган иш. Ошентсе да ушундай залкар адамга болгон арзуусун жазып салды. Болдукандай адам турганда Рыспайдын ырлары, чыгармасы өлбөйт. Болбосо Болдукан турмушка чыгып, балалуу-чакалуу боло турган жерде эле да… ага болбой жалгыздыкты тандап алып, ак сγйγγсγ менен алпурушуп жашап келатат. Орусча айтканда, «однолюб» экен»…

Эже өзγ да аны моюндап, китебине мындай деп жазып жатат: «Мен акыр-аягына чейин бекем турдум, сүйүүмдү сактадым. Күчтүү болгонду, адамды сүйгөндү, жашаганды үйрөндүм. Өлгөндөн соң өлүм жоктой жашадым… Сен менде жашадың! Биз жашадык…

Сүйүү жана Музыка, анан Поэзия экөөбүздү бириктирген – ыйык көпүрө болду! Болуп кала берди жана кала берет

Эми калган баянды китептен окуңуз, замандаш! Кызыгууңуз артып, сатып алам десеңиз, 0703159963, 0507159963 номурларын бураңыз! Мындай китепти окубай коюуга мγмкγн эмес… Рыспай агабыздын турмушу тууралуу «андай дейт го, мындай дейт го…» деген күдүк суроолоруңуз болсо, дээрлик баарына жооп ала аласыз…

Болдукан Мамбеталиева жөн адам эмес…

Кыргызстан Жазуучулар союзунун, Түндүк Америка Жазуучулар союзунун мүчөсү Болдукан Жумабек кызы Кочкор районунун Кара-Кужур аймагына караштуу Ак-Кыя айылында 1967-жылы жарык дγйнөгө келген. Эженин айтымында, ыр жазуусуна алгач апасынын, кийин Алыкул Осмонов менен Омор Султановдун жана чыгыш поэзиясынын таасири тийген. Чыгармачылык жолу мектепте окуп жүргөндө башталган. 7-класста окуп жүргөндө «Мектебим» аттуу алгачкы ыры «Кыргызстан пионери» гезитине басылып чыккан. «Кыргызстан пионери», «Эмгек Туусу», «Нарын правдасы» гезиттерине бир канча макалалары жарыяланган. Мектепти аяктагандан кийин үч жыл Кочкор райондук «Эмгек Туусу» гезитинде штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштеген. Жогорку билимдγγ. Кыргыз мамлекеттик университеттин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинен (1988-1996-жылдары) билим алган. Чыгармачылык студенттик кезинде сүйгөн ааламына айланган. «Жаштык жарчысы«, «Асаба«, «Аалам» гезиттерине, «Тулпар» журналына лирикалык ырлары жарыяланган.

«Үркөр» (1993-1996-ж.ж.), «Жан дүйнө» (1996-2007-ж.ж.) менчик гезиттерине редакторлук кылып, мугалимдик кесипти да аркалаган.

«Бактылуу болгум келет» (2016-ж.), «Каректеги караан» (2019-ж.), «Сезимдеги сепил» (2019-ж.), «Мендеги чырак өчө элек» (2023-ж, кыргыз жана орус тилинде) аттуу китептери жарык көргөн. Эми минтип «Толкундар тынчыбайт!» аттуу күндөлүк-эссе китеби чыгып отурат.

«Мастер менен Маргарита»… Чыңгыз Айтматов… Эрнис Асек уулу…

Болдукан эженин китебинин бет ачарынан кийин (13-июнда) эле ыраматылык жолдошум Эрнистин (Асек улуу) Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романынын котормосунун бет ачарын өткөрдγк. Эжем иш-чарабызга келип, катышып, китеп сатып алып кеткен эле… Таңгалычтуусу, татаал, оор чыгарманы тар убакытта, бат эле окуп салганы болду. Кечээ (27-июнда) окуп бγтγп, «Фейсбуктагы» баракчасына мындай билдирүү калтырыптыр:

Бир учурдан баштап, Чыңгыз Айтматовдон башка эч кимди окугум келбей калган эле. Улуу жазуучунун китептерин кайталап окугандан таптакыр тажачу да, кызыгуум тарачу да эмес. Анткени анын чыгармалары мени ойготчу, ойлонтчу, үйрөтчү (жашоого, сүйүүгө…ж. б.), эргүү берип, шыктандырчу, өмүргө башкача карап калчумун. Анын пейзаждык сүрөттөөлөрү таң калтырат эле… Колума тийген Эрнис Асек уулу которгон «Мастер менен Маргарита» дагы ошондой эле кызыгуумду жаратып, андан ары окуялар кантип чечилет болду экен деген ой менен окуп жатып, аягына чыкканымды билбей да калдым. Адатта, айрым китептерди аягына чыкпай, кайра жапканга туура келет.

Эрнистин которуп жатып, колдонгон көркөм сөз каражаттарына таң бердим. Айрыкча пейзаждык сүрөттөөлөрдөгү «Чагылган асманды тытып кирди»; «Күн желеси Москва дарыясына түшүп суу ичип жатты» ж.б. деген сөздөр менен табияттын кубулушу ушунчалык элестүү, жандуу которулган экен. Кызыгып окуума да, Эрнистин китепти мыкты, жеткиликтүү, чеберчилик менен которгондугу себеп болсо керек деп ойлойм…

Булгаков да таң калтырды, мистиканы, библиялык өзөктү колдонуу менен адамдын ички рухий дүйнөсүнүн чыныгы абалын (жакшы жана жаман, кыйроо, тазалануу, жаза ж.б) укмуш ачып берген экен. Кыскасы, Эрнис Булгаковдун бул китебинин багын ачыптыр. Алып окуган адам өкүнбөйт… Мен алганыма аябай кубандым.

Болдукан МАМБЕТАЛИЕВА (27.06.2025-ж)

**

«Эрнистин котормосун мен чыгарган эмесмин…»

Сөз кезеги келип турганда, бир нерсени дагы бир ирет эскерте кетейинчи…

Мен китеп чыккандан бери эле: «Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен проза, поэзия, повесть, эссе, балдар адабияты жана дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынан, котормолорунан турган 50 китепти Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Улуттук жазуучулар союзу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына утурлай басып чыгарышкан. Анын бет ачар аземи 2024-жылы, июнда, А.Осмонов атындагы улуттук китепканада болуп өткөн. 50 китептин арасында Эрнистин «Мастер менен Маргарита» котормосу бар», — деп айтып да, жазып да келатам.

Кайталап эскертип жатканымдын себеби, жогорудагы котормонун бет ачарынан кийин айрым журналист замандаштарым жана чыгармачыл адамдардын: «Мастер менен Маргаританы» Эрнистин жубайы Назира чыгарып, бет ачарын өткөрдγ» деп жазып жиберишкендери болду. Демөөр болгон жылуу пикирлериңизге ыраазымын, анткен менен баарыбыз эле тактыкты жакшы көрөбүз да: «Мастер менен Маргарита» котормосу президенттин колдоосу менен жарык көрүп, өз окурмандарын таап жатат, буйруса…

50 китептин бет ачарында… (2024-жыл, июнь айы)

2025-жыл, 13-июндагы иш-чарада…

Котормо Эрнистин аманаты эле… аны аткардым… Котормо боюнча ойлорун угуу γчγн 13 кишини тизмелеп кетти эле… окумуштуу, акын-жазуучу, адабият сынчылардын баасын четинен берип келатам.

Маалымат үчүн, «Мастер менен Маргарита» миң нуска менен «Улуу Тоолор» басмаканасында жарык көрγп, республикадагы бардык китепканаларга таралган. Аталган басмакананын жетекчиси, акын Жумадин Кадыров китеп чыгып жатканда: «Мастер менен Маргаритада» барактар артып калды, Эрнистин майда котормолорунан берсең жакшы болот эле» дегенде, Эрнис өзγ негиздеп кеткен «Алакан» сайтыбызга жарыялап келген бул 7 котормону бергем:

  1. Михаил Булгаков, «Күрөөгө коюлган сүйүү»;
  2. Рюноскэ Акутагава, «Расёмон дарбазасы»;
  3. Реваз Мишвеладзе, «Күтүүдөн чарчагандар»;
  4. Владимир Высоцкий, «Шахмат оюну»;
  5. Григорий Горин, «Кирпичечен»;
  6. Антон Чехов, «Караңгылык»;
  7. Лев Толстой, «Балалыктын батылдыгы».

Кошумчалай кетсем, Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романында Маргаританын, Реваз Мишвеладзенин «Күтүүдөн чарчагандар» новелласындагы Шоренанын сγйγγсγ эми укмуш берилген…

**

Эрнис АСЕК уулу: «Шоркелдей Шорена…»

Реваз Мишвеладзенын «Уставшие от ожидания» аттуу новеллалар жыйнагын 17 жашында сатып алып, которгонун Эрнис баш сөзγндө жазган. Толугу бу ШИЛТЕМЕде.

Эрнистин бул котормосун окуган соң, «Байкуш Шорена мен сени катуу сγйгөндөй эле Гогини катуу сγйγптγр… Гоги: «Мен жөнүндө баарын билет экен: кантип жашадым, эмне кылдым, эмне жөнүндө кыялдандым, кандай күйөөмүн, кандай атамын, досторум ким, кимди жакшы көрөм, кимди душман санайм, качан эмне менен ооруганмын, эмне мени сүйүнтөт, эмне мени күйүнтөт – бардыгын билет экен» деп Шоренанын сокур сγйγγсγн айтып жатпайбы… Анын сыңарындай мен да Шоренадай болуп сен жөнγндө баарын билем. Шоренадан бир гана айырмам, ал сγйгөнγнө жетпей калыптыр, а мен жеттим, бактылуу экенмин» десем, Эрнис: «Шоркелдей Шорена…» деп чекемден өөп койгон эле…

**

Салтанат ОРОЗОБЕКОВА: «Болдукан Рыспай агага болгон сγйγγсγн жаштайынын эле жар салып келатат»

Ушул Шоренадай биздин Болдукан эжебиз да сγйгөнγн өмγр бою кγткөндөн тажабай, жалгыздык жолун тандап алганы көп адамды таңгалдырып келет. Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Салтанат Орозобекова эжебиз 11-июндагы иш-чарада айткандай эле: «Негизи жеке турмуш чыгармачылык менен байланыштуу болот. Болдукан жаштайынан эле Рыспай агага болгон сүйүүсүн жар салып келатат, Ак сγйγγгө болгон мамилесине таңгалдым. Эми ошондогу арзуусу минтип китепке айланып отурат. Муну мен чоң окуя деп эсептейм. Албетте, жашоодо ар кандай ой жγгγрткөн адамдар бар. «Анын эмнесин жар салат?» дегендер да болушу ыктымал. Бирок, мындай нерселерге Болдукан даяр экендигиңдигиңен деле шегим жок. Себеби, буга чейин деле ар кандай сөздөрдγ угуп келди, бышты… Мындай жүктү көтөрүү оор, жазуу андан бетер татаал… ошонун баарына чыдап, ак сγйγγңдγ ачык эле жар салган баатыр кыз экенсиң. Китеп чыкканда улуу композиторубуз да ордунан бир козголуп алгандыр… Анткени бул китепте Болдукан ал залкар кишинин элеси, чыгармасы менен жашаганы, өмγрγн арнаганы жазылган. Махабатына ак ниет болду, арзуусуна калп айта алган жок. Ар ким эле мындай кадамга бара албайт. «Рыспай кетти, токтот! Жашоо уланат, башкача жаша!» дегендер деле болсо керек. Бирок, Болдукан эч кимди укпады, залкар адамдын биз билбеген жактарын ачып берген арзуу китебин чыгарды. Ийгилик! Бар бол, Болдукан!»

**

Болдукан МАМБЕТАЛИЕВА: «Токтобой төгүлгөн көз жашымдын себепкерлери десем болот«

Жогоруда Салтанат эже айткандай, «арзуусун жар салып эмне кылат?» дегендер четтен чыгары бышык. Буга чейин деле далай кеп кылышкан. Эл арасында болуп жаткан ушак-айынды акын кызыбыз Афина Бакирова маегинде сураган экен.

Рыспай Абдыкадыров далай сулууну сүйгөн. Болдукан дагы ошол кыздардын бирөөсү” деген жандарга кандай пикирде болдуңуз эле?

Кандай кабыл алмак элем, эгерде айкөл болдум десем жалганчы болормун. Кадимки аялзатына таандык болгон ызалык, таарыныч, кызганыч болгон. “Карап тур, Рыспай агай тигил дүйнөдөн жолугалы, ошондо жүзүңө карап туруп “чын эле, ушундайбы?” деп сурайм” дечүмүн. Агайдын бейитине барганда ага таарынып, долуланып ыйлаганым дагы ошондон эмеспи. Бирок азыр чыны менен жакшы эле кабыл алам. Канча жылдар бою мен өзүмдү болгон чындыкты болгондой эле жөн эле кабыл алганга тарбияладым: “Анын эмнеси бар экен, агай сүйгөн кыздардын бирөөсүмүн, бул чындык. Муну ким жокко чыгара алат, эч ким!” деп.

Билесиңби, бул деле жүрөккө тийген сөз эмес. Көкүрөктү көк таштай муз кылган нерсе, “карап жүр” деп аманат кылган жандардын кайра мен тууралуу жазган, айткан терс пикирлери жана айрым кыйбас деген достордун каска айланып душман болуп чыга келгени… Ув, ушундай пенделердин ишенимсиздиги, саткындыгы мени асмандан жерге кулатты! Мени агай менен бирге мүрзөгө тирүүлөй эле көмүштү! Токтобой төгүлгөн көз жашымдын себепкерлери десем болот… Алар мага адамдарга ишенбестикти үйрөтүштү…

(Афина Бакирова, «Эркин-Тоо» гезити, № 16, 2023-жыл, 3-март. https://erkin-too.kg/akyn-boldukan-mambetalieva-ryspajdyn-bejitine-barganda-aga-taarynyp-dolulanyp-yjlady/)
**

Артыңда эскерип аларың бар болгону кандай жакшы!

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.

Күтпө. Күткүн. Толгонгун.

“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,

мен боломун жана бармын, болгонмун» деп ыраматылык жолдошум Эрнис «Башат» ырында жазгандай, залкарлар болгон жана боло берет. Анткени алар экинчи өмγрγндө, талантты баалаган адамдардын эскерүүлөрүндө, китептеринде жашайт. Ысымдары эч качан өчпөйт!

Эң башкысы, артыңда эскерип каларың болсун!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.