50 китепке бир жыл…
Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен проза, поэзия, повесть, эссе, балдар адабияты жана дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын котормолорунан турган 50 китеп Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын утурлай жарык көргөнγнө туптуура бир жыл болду. 50 китепке кирген 9 котормого Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романы да кошулган. Аны журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу (1970-2020) кыргызчалаганы баарыңыздарга маалым.
Ушул жылы жолдошумдун 13-июнь туулган кγнγндө “Мастер менен Маргарита” котормосунун бет ачарын өткөрγп, бир аманатын аткардык. Ошол иш-чарага келип, котормо боюнча пикирлерин айткан жакшылардын жазгандарын, айткандарын сайтыбызга (Алакан) жайгаштырып келатабыз жана жайгаштыра бермекчибиз. Анткени ар бириңиздердин пикириңиздер маанилγγ, баалуу…
Эми кезек айтылган иш-чарабызга келип, Эрнис жана котормо тууралуу сγйлөп берген мыкты акын, котормочулар Толук Бек Байзак менен Марат Токоевге келди.
Толук Бек Байзак: “Эрнис даңазалуу керемет чыгарманы которуп кетти”
“Эрнистин өтүп кеткенине ишене албай жүрдүм… Дагы эле, Бишкектин көчөлөрүндө кетип баратканда «Кандай, Токе?» деп алдыман чыга калчудай сезиле берет…” деп жыл башында (Эрнис каза болгон датада (29-январда) Толук Бек эскерγγ жазып берди эле…
**
Эрнистин Токеси да жөн турмуштун да, чыгармачылыктын да ой-кырын аралап, алардын жыргал-кууралын, ачуу-таттуусун жүрөктөн өткөрүп, «калем кармаган 35 жылдан ашык» чыгармачылыгынын 20 жылдан ашыгын котормочулук коштоп келаткан мыкты акын, мыкты котормочулардан. Эрнисти да жаш кезинен жакшы билгендиктен, иш-чарага келип, Эрнистин тээ жаш кезинен дүйнөлүк адабиятка сугарылганын, өзгөчө чыгыш адабиятынан кеп салгандарын, ошондо эле Басе, Кафка, Акутагава, Ясунари Кавабата, Исикава Такубоку жана Рабиндранат Тагор сындуу батыш-чыгыш адабиятынын «башкача жазган» өкүлдөрүнүн чыгармачылыгынан айтып берип, өзγ теңдγγлөрдөн акылы алда канча алдыда жγргөнγн баяндап берди эле…
— 80-жылдын аягында, 90-жылдын башында университетте чогуу окуп калдык. Бири-бирибизден китеп алып, окуп турчубуз. Ошондо Булгаковдун “Мастер и Маргарита” романын жакын достордон биринен алып калдым, кимден алганым азыр эсимде жок…. Китепти γч-төрт жолу окуганга аракет кылдым, тγпкγлγгγн тγшγнө албадым. Анда орус тилинен начар элем. А Эрнис болсо, шаарда окуп орус тилин жакшы билген, Ригадан билим алып, дγйнөлγк адабияттан кабары бар жигит эле. Ал бардыгына даяр болгондуктан, ушундай керемет чыгарманы которду да… Бул китеп көркөм адабияттагы чоң философиялык татаал чыгарма, ушуну Эрнис жатык тилде жакшы которуптур. Даңазалуу китепти которуп, артына эбегейсиз эмгек калтырып кетти. Интеллектуалдык даяр адамдар окуса, бул китептин тγпкγлγгγн тγшγнөт.
Марат ТОКОЕВ: “Эрнис Чыңгыз Айтматовдой чоң жазуучу болот беле…”
Адамдын тирγγ кезинде барктап-баалап, көңүлүңдө жүргөндү ишке ашырып кубаныч тартуулаган кандай жакшы. Эрниске ушундай кубаныч тартуулап, ыраазы кылган адамдардын бири — «КЫСКА-НУСКА» , Кыргыз маданият борборун негиздеп, акын-жазуучулардын чыгармаларын, котормолорун тынбай жарыялап, кыргыз адабиятын жайылтууга чоң салым кошуп келаткан, азыркынын тили менен айтканда, контент-менеджер, веб-разработчик, веб-дизайнер, айтор, замандын актуалдуу агымын кыйын билген акын, котормочу Марат Токоев.
Ал Эрнис негиздеп кеткен “Алакан” сайтыбызды бекер эле Эрнис каалагандай, айткандай жасалгалап жасап берген. “Шоу-моу” деп болжолдуу рубрика коюп койсом, аны да жайгаштырып коюптур рубрикалардын катарына… Туруктуусу табылганча деп жөн эле коюп койгом… «Бирок, кулакка жакшы угулат экен, ээ?..” деп кγлдγ эле Эрнис…
Марат сайт жасап берип, “квартирада турсаңар… туруктуу ишиңер жок болсо… жалаң котормо, заказ менен иштесеңер… алар да бирде болот, бирде жок дегендей… Кийин байып кеткениңерде алам” деп акысын да албай койгон…
Сайтты жасап бγтγп эле тим болбой, кантип иштетγγ керектигин γйгө келип көрсөтγп да берген… Ошондо: “Эрнис, сен кыйын жигитсиң да, 5 мγнөттө эле мээңе тγйγп бат эле илип кеттиң… Айрымдар менен айлап алышып жγрγп калам… Иштете албай эле кайра-кайра чакыра беришет” деп Марат кγлдγ эле…
Бир кγнγ Эрнис: “Маратты 12-декабрга γйгө чакырчы, сайтты жасап бергени γчγн сыйлап коелу” деп калды. Таңкалычтуусу, ал кγн Улуттук адабият күнү, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү, алп акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күн болчу. Ушул тууралуу сайтка материал даярдап жатканымды айтсам, Эрнис: “Анда Марат экөөбγз адабият, маданият, акын-жазуучулар тууралуу сγйлөшγп, чер жазат экенбиз” деп калды. Ал учур 2018-жыл эле. Марат келди… Экөө кыргыз адабиятынан дγйнөлγк адабиятка чейин чер жазыша сγйлөшγштγ. Бир өкγнгөнγм, экөөнγн маегин диктофонго жаздырып албаганым… Эсимде калганы булар:
— Эрнис, сен жалаң котормо менен алектенбей, китеп жазсаңчы… Жакшы жазасың, Чыңгыз Айтматовдой эле чоң жазуучу болмоксуң, — деп калды Марат.
— Чыңгыз Айтматов менен чет өлкөдөгγ иш сапардан жолугуп калып, баарлашкам. Анда Мелис байкемдин “Асабасында” иштечγмγн. Айтматов абдан жакшы киши экен, көп нерсени сγйлөшкөнбγз. Андагы маегибизди Мелис Эшимканов аттуу китепке киргизем. Байкем тууралуу жалган, ушак-айыңдар көп айтылып жγрөт… билгени деле, билбегени деле жазып жатат… туурасын өзγм жазбасам болбой калды. Кγндөн-кγнгө актан караны, караны актан ажыратуу оор болуп баратат. Кылымдарды карыткан көралбастык менен карасантайлыктын азуусунан чыгалбай койдук.
Чыңгыз Айтматов тууралуу чындыкты айта калам деп көбγнө жакпай келем.
— Эмне болгон чындык? – деп кызыгып сурап калды Марат

— Айтматовду Айтматов кылган Ашым Жакыпбеков деп… Айтматов орусча ой жγгγрткөн, орус тилинде жазган адам да. Анын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, кыргызга тааныткан Ашым Жакыпбеков… Анын айылдагы куттуу γйγндө Назира болгон экен, ошондо бир тууганы менен келини деле айтып нааразы болгон экен, “которгон Ашым Жакыпбеков деп жазып койсо болмок” деп…
— Ооба, айтышкан. Ал боюнча гезитке эки бетке материал жазгам. Ал эми өзγнчө чоң тема, — деп сөзгө аралаштым.
— Бир нерсе айтсаң эле саясатташтырып жиберет. Саясат – Чындык терисине жамынган Жалган, — деди Эрнис.
— Эрнис, сен баягы өрттөп салган романың эмне болду? – деди Марат.
— “Чоң жиндиби”?..
— Ооба.
— Аны бγткөндөн кийин өрттөп салгам… бирөө жиниме тийип койду да… ага эрегишип эмнеге өрттөдγм деп азыр өкγнγп калам. Эми ал жаш кезде жазылган эле… Кийин жазууга отурдум, жаш кездегидей болбойт экен. Башталышын Назирага окутсам, ал токтоно албай калса болобу, «Манастын» ыргагына салып окуп көзγнө жаш алган…
— “Манастын өзγнγн касиети болот” деген чын экен, ошондой болгон… көзγмө жаш тегеренгени чын… Эрниске эртерээк бγтγр деп атам, – деп мен дагы сөзгө аралаштым.
Ал аңгыча Мараттын телефонун коңгуроосу чырылдап калды. Келинчеги чалып, Марат γйγнө кетγγгө камданып калды. Узатып чыктык. Коштошуп баратып:
— Эрнис, коомго аралашып, ушинтип сγйлөшγп тур! – деди.
— Боштукту, көңдөйлγктγ, коңултакты толтура турган СӨЗ жок. Кишилер менен сγйлөшкγм деле келбей калды. Эмнени сγйлөшмөк элем? – деди Эрнис.
**
Муну мен эмнеге эстеп жаздым?.. Марат Чыңгыз Айтматов менен Эрнистин “Чоң жинди” романы тууралуу “Мастер менен Маргарита” котормосунун бет ачарында учкай айтып өттү…
— Бул китепти союз ураганга чейин окуганбыз…. аны окуганга даярдык керек деп мага чейин сγйлөгөндөр айтышты го… Мен айтар элем, терең билим куржуну дагы керек деп. Себеби мен совет адабиятынан башка адабиятты, дин эмне экенин билбесем, Библияны жакшы тγшγнбөсөм, кандай тγшγнөт элем?
Китепти окугандагы мага ачылыш болгону: совет адабиятынан баштап башка адабият бар экендиги… андагы мистика менен экзотериканын аралашканы… шайтандардын жомокко окшош нерселердин чыга калганы… Понтий Пилаттын Иешуаны (2-главада Иисусту Рим прокуратору суракка алат… ошондо ысымын сураса, Иешуа дейт. Ошол тууралуу сөз болууда – авт.) суракка алып жатканы… Иешуа ким десем, ал Иисус (Иса пайгамбар) экен да… Аны автор кадимкидей, жөнөкөй адам катары берип жатпайбы… Келимишжутар аны урганда, “мени урба!” деп жатпайбы… Иса пайгамбарды ушундай да сγрөттөйбγ деп таңгалдым. Бул китепти толук тγшγнγγ γчγн менин анча даярдыгым жок болсо керек деп ойлойм. Библия боюнча анча тγшγнγгγм жок болсо керек. Бирок, бул чыгарманы мен кыргыз тилинде жазылгандай эле окудум. Негизи котормо чоң иш, адабият, маданиятка чоң салым.
Менин ичимди ачыштырганы Эрнистин котормо менен чектелеп калганы (журналистика жеп салды деп Жыргалбек сөзгө аралашты – авт.). Жакшы ырлары бар. Кара сөз менен да жакшы иштечγ. Анын чоң чыгарма жарата тургандай дарамети бар болчу, билими да кγчтγγ болчу. Чыгарма жазганга отурса жакшы болмок. Жаштайынан жаза берсе, балким Чыңгыз Айтматов менен катар турган чоң жазуучу болот беле дейм да.
Эрнис роман (“Чоң жинди” тууралуу сөз болууда – авт.) жазып, аны өрттөп салганын айтты эле… “кайра жазганым мурдагыдай болбой калды” деди эле…
Алдыда…
Акын, журналист Бурулкан Сарыгулова эжебиздин, кесиптеш журналисттер Санжи Туйтунова менен Шайыр Эркин уулунун жана Бишкек мамлекеттик университетинин Журналистика жана маалыматтык системалары факультетинин кафедра башчысы, жеңем Асел Эшимканованын пикирлери… Андыктан бизден алыстабаңыздар!
Таланттарды баалаган сиздердей жакшы адамдар турганда, жолдошум Эрнистин кызылдай эмгеги текке кетпейт, аты өчпөйт, унутулбайт! Бар болуңуздар!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Урматтуу окурман, ар бириңиздердин тамчы пикириңиздер да маанилγγ, баалуу, анткени ал таш жарат. Сиздердин котормо боюнча жазгандарыңыздар алгач “Алакан” сайтыбызга жарыяланат, анан Эрнис Асек уулу аттуу китепке кирет.