Ыр эмес, чырга айланган беш ыр…
Мамлекеттик ГИМНди өзгөртүү демилгесине басымдуу эл, Жогорку Кеңеш спикери Нурланбек Шакиев ооз ачып жар салганда эле каршы чыккан. Бирок, саясий чечим дейбизби, башкасыбы, айтор, эл пикири эске алынбай февраль айында сынак жарыяланган. Андагы түзүлгөн комиссия апрель айында келип түшкөн 703 сунуштан талаптарга жооп берет деп каттоодон өткөн 285 тексттин жапырт баарын жаратпай, Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыяланган. Жаңы тексттер 7-июлга чейин кабыл алынып, комиссия 25-июлга чейин тыкыр карап чыгып, 5 мыкты эмгекти тандап алмак. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги ошол эң жогорку упай алган 5 мыкты текст тандалып алынганын мындай деп билдирди: «Бүгүн, 2025-жылдын 25-июлунда Кыргыз улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 4-отуруму болуп өттү. Сынакка 2025-жылдын 16-июнунан 17-июлуна чейин жазуу түрүндө жана электрондук почта аркылуу 79 жарандан 132 долбоор келип түшкөн. Долбоорлор сынактын акыйкат, таза өтүүсү үчүн авторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөй, атайын шифрлер менен белгиленип комиссиянын кароосуна коюлду. Комиссия жобого ылайык сынактын 1-этабынын критерийлеринин негизинде эң жогорку упай алган 5 тексттин долбоорун тандап алды«.
«Аты-жыты бары да, жогу да Гимндин автору болуп калсам деп далалаттанат»

Азыр интернет айдыңында «тандалып алынган 5 мыктысы ушул» деп талкууланып жаткан ТАНДАЛМА ТЕКСТТЕР чынында коомчулукка жаккан жок. Биз дагы: «Бул расмий маалыматпы? Тандалып алынган 5 мыктысы ушул бекен?!» — деп күмөнсүнүп күдүктөнгөндөрдүн ичинде элек, жаңы мамкатчынын Фейсбук баракчасында маалымат менен кошо минтип бажырайып тексттердин сүрөттөрү жүрөт…
Интернет желесиндеги эл кандай «жылуу» кабыл алганын бул маалыматтын алдындагы комментарийлерди окусаңыз эле түшүнүктүү. Композиторлор союзунун төрагасы, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Турдубек Чокиев агабыз Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгγдөй салмактуу билдирүү калтырган экен, берип коюуну чечтик…
Гимн – бул герб, туу сыяктанган эле улуттун ыр түрүндөгү символу. Бул символдор (эн белгилер) Европадан тараган. Кеңири белгилүүсү Британиянын “О Кудай, королду сакта!” аттуу гимни ушул күнгө чейин мамлекттик гимн болуп эсептелет. Ушуну туурап кийин Европа өлкөлөрүңдө гимндер пайда болгон.
Гимндин эң негизги милдети ырдоо жолу менен элди, жерди даңазалап, асманыбыз ачык болушун тилек кылуу. Демек, ырдоо (музыкасы) негизги ролду ойнойт.




«Биз Тууну өзгөрттүк, эми Гимнди да өзгөртүшүбүз керек»
Эми не дейбиз, гимн өзгөртүү икаясы, ой, идеясы качан, кайдан башталганын эске сала кетели… Былтыр, 2024-жылдын 29-октябрында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара өтүп, спикер Нурланбек Шакиев андагы сүйлөгөн сөзүндө мындай деп айта кеткен болчу:
— Биз Тууну өзгөрттүк, эми Гимнди да өзгөртүшүбүз керек. Себеп дегенде, Гимн кабыл алынганда Советтер Союзунун курамынан чыгып, алгачкы азаттык кадамдары болгон. Ырдаганга дагы оор. Ар бир кыргыз бул гимнди ырдай албайт. Бул марш. Ошон үчүн бул Жогорку Кеңештин укугу, милдети. Биз жакында гимнди өзгөртөбүз. Учурунда биздин бир президентибиз, анын атын айтпай эле коёюн, бир чет өлкөгө барды дейт. Ошондо биздин гимнди ырдаганда, «таа-та-та-таң» дегенде дарактагы куштар учуп кетти дейт. Анан ошол тосуп алган өлкөнүн гимни ырдалганда куштар сонун болуп кайра конуп калды дейт…
Анан эле, өтө көп узабай, так эле эртеси — 30-октябрда президент Садыр Жапаров гимнди алмаштырууну колдой турганын билдирген…
Көздөрγ тирγγ болгондо ГИМНди өзгөртγγгө каршы болушмак…
Тарыхка кайрылсак, тагдыры дале талаш МАМЛЕКЕТТИК ГИМНибиз 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Аны «легендарлуу парламент» даңазасы бар Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаттары кабыл алган эле…
ГИМНдин сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. Тилекке каршы, азыр бул төртөө тең арабызда жок… Көздөрγ тирγγ болгондо… өзгөртγγгө каршы болушмак деп ойлойм…
Негизи ГИМНди өзгөртγγ илгери 2010-жылы да парламентте көтөрγлгөн. 2011-жылдын мартында түзүлгөн депутаттык комиссия жыл этегинде — 27-декабрда мамлекеттик символикаларды өзгөртүү боюнча корутундусун жарыялаган. Жетимиштен ашуун депутаттын колдоосу менен Мамлекеттик гимндин:
“Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине” — деген экинчи куплети алынып салынган… Буга “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөр себеп болгон. Комиссия анда “кут” деген сөздүн алдына “бей” деген жалгама келгенде “кут” сөзү тескери маанини берип калат деген жыйынтыкка келген эле…
Эсенбай НУРУШЕВ: «Бейкут” сөзү тынчтыкты билдирет»
Бирок, Айтматов таануучу, мыкты публицист, учурдун орошон ойчулу, мейли адабият, мейли журналистика, мейли саясат, ошол эле философия болобу, айтор, акыл, билим, даярдыкты талап кылган бардык тармакта баарын жеткилең түшүнгөн жана түшүндүргөн, дүйнө таанымы, ой чабыты өзгөчө Эсенбай Нурушев ошол «уникалдуу» чечимден кийин эле “бейкут” сөзүнүн келип чыгыш таржымалын — ал сөз фарсы тилинен келгенин, түпкү маанисинде тынчтыкты, жымжыртыкты билдирип, “тынч”, “тынчтык”, “бейпил”, “мемиреген”, “сак-саламат” деген эле мааниде колдонулуп келатканын далилдүү чечмелеп берди эле…
«Сөздү уккан жерде айт» дейт… бу жолу адистердин, элдин пикири эске алынып, эски эле ГИМНибиз ордунда калабы, же «…тандалып алынган 5 мыкты долбоорго музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча кайрадан сынак жарыяланат» деп да салышты… ай, ким билет, ким билет?!..
Баса, жогорудагы 5 ыр тең «бир эле адамдын» калемине таандык деген да күдүк пикирлер жазылууда… Андан да биринчи сынакта «талаптарга жооп берет» деп каттоодон өткөн 285 тексттин жапырт баарын жаратпай салган комиссиянын бул тандоосу да, талдоосу да суроолорду жаратат. Белгилүү окумуштуу, филология илиминин доктору, лингвист Үмүт Култаева айткандай, «…гимнди өзгөртүү керек болсо, анда азыркы сунушталган варианттар андан жогору туруш керек. Эгерде анын деңгээлине жетпей калса, анда өзгөртүүнүн эмне кереги бар?» дейм да…
Назира СААЛИЕВА