Журналисттер союзу… Нарын Айып… «Ардактуу журналист»… «Мыкты журналист»… (Тизме. Видео. Маек)

Журналисттер союзу… Нарын Айып… «Ардактуу журналист»… «Мыкты журналист»… (Тизме. Видео. Маек)

100 жылдык… Тарых… Сыйлык…

7-ноябрда Маалымат жана басма сөз күнү жана Тарых күнү белгиленди. “Слово Кыргызстана” гезитинин 100 жылдык мааракеси да ушул кγнгө туш келип, “Кыргызстандын медиамейкиндиги: учурдагы абалы жана өнүгүү багыттары” деген медиафорум болуп өттγ. Аталышы айтып тургандай, медиамейкиндиктин өсγп-өнγгγγ тарыхы, багыты, максаты, журналистиканын баскан жолу айтылды. Эми бул өзγнчө кеп, ал боюнча өзγнчө сайтыбызга жарыялайбыз…

Дал ушу медиафорумда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Журналисттер союзуна караштуу Этика боюнча кеңешке деп зарыл техникалык жабдууларды ала келишкен экен, министр орун басары Марат Тагаев бул кеңештин иши медиа чөйрөсүндө кесиптик жоопкерчиликти жана маданиятты бекемдөөгө чоң салым кошорун айтып, жабдууларды Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташевге тапшырды.

Жетинчи жетекчи кандай иш алып барууда?..

Эми Илязбек мырзага келсек, учурда ал Журналисттер союзунун түптөлгөн советтик мезгилден бери алганда жетинчи, эгемендик замандагы экинчи жетекчиси. Бизге берген маегинде жеке иш алып баруусу, союздун иш-максаты, багыты жана журналисттердин укугун коргоодо союздун позициясы, мγчө болуу, сыйлык, наам тапшыруудагы критерийлер сындуу  маселелер боюнча баарлаштык. Баштапкы сурообуз техникалык жабдууга ээ болгон Этика боюнча кеңештин курамы жана алар аткарчу иш тууралуу болду…

— Иш башы болуп алгач жаңы кеңселγγ болуп, бирок, техникалык жабдууларыбыз жок эле… (Кγлγп) “7-каналдагы” кызматтык абалымдан пайдаланып, техникаларды ошо жактан алып келип иштеп жатканбыз. Маданият министрлигине былтыр кат жазгам, терең ыраазычылык билдирем, кайрылуум четте калбай колдоо таап, акыры аба менен суудай керек жабдууларга ээ болуп отурабыз. Эми Этика боюнча кеңештин иши жанданып, журналисттердин этикалык кодекси, аны сактоо жол-жобосу сындуу кесиптик талкууларды, буйруса, жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Эми кеңеш курамына келсек, ал жети адамдан турат. Атай кетсем, алар: Нурдин Дүйшөмбиев, Гүлзада Станалиева, Майраш Базлакунова, Кубат Чекиров, Тургунбай Алдакунов, Амантур Төрөбаев жана кеңештин төрагасы Мырзакат Тыналиев. Алар медиа чөйрөсүндөгү этикалык маселелерди талдап, журналисттик стандарттарды жайылтуу жана кесиптик чындыкты өнүктүрүү боюнча иш алып барышат. Коомчулук менен байланышты чыңап, ишибизди коомчулукка жеткирγγ γчγн сайт, социалдык тармактарга баракчаларыбызды ачтык. Иш баштаганда эле кызматташуу γчγн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан РАЕВ менен меморандумга кол койгонбуз. Андан тышкары, ишмердγγлγгγбγздγ Кыргызстанда эле жγргγзбөй, стратегиялык өнөктөш өлкөлөрдө да журналисттер менен кызматташууну максат кылганбыз. Ошонун негизинде быйыл Түрк дүйнөсү журналисттер федерациясы менен кызматташуу меморандумуна кол койгонбуз.

Сүрөттө: Идрис Таш менен Илязбек Балташов

Ошондой эле Түркия Республикасынын Анталья шаарынын Журналисттер биримдигинин төрагасы Идрис Таш менен жолугуп, кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койгонбуз. Анда журналисттер үчүн тажрыйба алмашуу, билим берүү программаларын ишке ашыруу, биргелешкен иш-чараларды, форумдарды, конференцияларды өткөрүү жана маалымат чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты тереңдетүү каралган. Муну менен эки өлкөнүн журналисттик уюмдарынын ортосунда өз ара түшүнүшүүгө, узак мөөнөттүү кызматташууга, журналистиканын ишинин сапатын жогорулатууга, сөз эркиндигин жана кесиптик этиканы илгерилетүүгө дагы бир жол салынды десек болот.

Жалпы кесиптештерди кесиптик майрамыбыз  менен куттуктап, калкка чындыкты жеткирип, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуп келаткан медиа өкүлдөрүн алган сыйлыктары менен куттуктап, ыраазычылык билдирем. Баарыбыз билгендей, коомго чындыкты жеткирүү жана медиа биримдикти чыңдоо бүгүнкү күндүн эң маанилүү миссиясы. Журналист коомдун көзү, кулагы, үнү, жγзγ дегенди кайталап айткандан тажабайм.

— Келгениңе бир жыл эле болду, айткандарыңдан мурда бар-жогу билинбей келген союздун иши кыйла илгерилеп жаткандай кабыл алдым… 

— Өзγңγздөр жакшы билесиздер, 2024-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарыбыздагы Улуттук тарых музейинде Журналисттер союзунун X курултайы өтүп, талапкерлигимди делегаттар бир добуштан колдоп берип шайланып келгем. Мактаныч эмес, бирок, бир жыл ичинде жакшы эле алгылыктуу иштерди жасап, ийгиликтерге жеттик. Жасап жаткан иштерибизди интернет желесинен, союздун сайтынан окуп жатсаңыздар керек!

— Айтмакчы, Журналисттер союзунун мүчөлөрүнγн саны канчага жетип калды? Мүчөлүк акы төлөнөбγ? Дегеле кабыл алуу шарттары кандай?

– Союз мγчөлөрγнγн саны миңден ашып калды. Алар кесиптик чөйрөдөгү мыкты адистер, тажрыйбалуу журналисттер жана медиа эксперттер. Мисалы сиз деле, Союзга мүчө болуп, кесиптик жактан колдоо алып, журналистиканын өнүгүүсүнө салым кошо аласыз. Шарттары оңой эле. Төрага атына арыз жазасыз; резюме таштайсыз; иштеген жериңизден сунуштама алып келесиз; 3х4 өлчөмүндөгγ сүрөт саласыз (электрондук форматта). Анан ушул топтогон документтерди  journalistter.kg@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүп коесуз. Бизде мүчөлүк акы төгγγ деген жок. Улуу муундан жаш журналисттерге чейин келип, колдоо көрсөтγп, ак кызмат кылып жаткан кесиптештер бар. (Кγлγп) Мен бир нерсени байкадым, жаш журналисттерге караганда улуу муундагы журналисттер жоопкерчиликтγγ, так келишет. Дегеним, жыйын  же кандайдыр бир иш-чара болот дедиңби, 10-15 мγнөт эрте келип, ушул жерде кγтγп отурушат.

— Былтыр кыргыз журналистикасынын 100 жылдык мааракеси делип “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн «Кыргыз журналистикасына 100 жыл» деген медиафорумда бир жакшы маселе көтөрγп, «50 журналисттин тизмесин тγзγп, чындап γйгө муктаж журналисттерге турак жай берсек» деген сунушту айттың эле… Ошол маселе чечилчγдөй болуп турабы?..

— Ооба, сиз айткан медиафорумда ошондой маселе көтөрγп, сунуш айтканым ырас.  “Аскер адамдарына, прокурорлорго, улуттук коопсуздук кызматкерлерине, милицияларга деп γй курулуп жатат. Ал эми медиа тармагындагыларга жок. Журналисттер шаарчасын курсак кандай болот?” деген тилегимди төрагага (Кезектеги Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюп жаткандыгына байланыштуу аты-жөнүн атаган жокпуз – авт.) айтсам, “Журналисттер бир жерге жашаса болбойт го…” деп тамашалаган… Ал эми “50 журналисттин тизмесин тγзгγлө” деген тапшырма мамлекеттик бийлик тараптан келген. Биздин Союз менен Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы биргеликте май айында тизме тγзγп бергенбиз. Буйруса, биз айткан тилек, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) программасы менен ишке аша турган болду…

Жашыруун болбосо, тизме кандай критерийлер менен тγзγлдγ?..

— Көбγнγкγ учурда кызматта жγргөндөрдγн тизмеси кетти… Алардын ичинен да эки-γчөөнγн жер мγлкγ, турак жайы чыгып калыптыр… Катуу текшерилип жатат, ошондон улам чыныгы муктаждар алат деп ойлойм.

“Кызматта жγргөндөрдγн тизмеси кетти” дегенди тγшγндүрө кетсең. Ошондо жеке маалыматтык сайттарда иштеп жаткан журналисттер ала албайбы? Же мен туура эмес тγшγнγп атамбы?..

— (Кγлγп) Жок, эже, ала алышат. Кызматта дегеним, учурда журналисттик кызматта иштеп жаткандар тууралуу сөз болууда. Тизмеге ар кайсы мекемелерде кызматын аткарып жаткан журналисттер кирди. Жакынкы кγндөрдөн баштап бериле баштаса керек деп биз дагы кγтγп жатабыз. Турак жай эми, журналисттер эле эмес, карапайым адамдардын баары муктаж бир чоң көйгөй эмеспи. Мамлекет башчысы Садыр Нургожоевичтин “Кыргызстандагы ар бир жаран γйлγγ болсо” деген тилегиндей биздин дагы тилегибиз ошол. Маалыматка караганда, МИК программасы менен 13 миңдей жаран үй алыптыр. Журналисттер да жакында алып калат деген ишеничтемин.

Сенден мурунку төрага Журналисттер союзун тийиштүү иштетпей, 31 жыл жөн эле отуруп кеткени алигγнчө чоң сөз… Дегеле жободо эмнелер каралган да, эмнелер менен толукталды?

— Союзга 1959-жылдан бери алты жетекчи болуп, мен жетинчисимин да. Советтик мезгилдеги, эгемендиктеги төрагалардын иштерине өз учурундагылар баасын берер. Мен өзγм алып барып жаткан иштерим боюнча айта турган болсом, союздун жобосунун биринде “Мыкты журналист” деген сыйлыгы бар. Мындай сыйлыкты улуу муундагы журналисттерге берγγ туура эмес болуп калат экен. Ошондон улам, атайын аларга арнап “Ардактуу журналист” деген жобо иштеп чыктык. 15 кишиден турган редакциялык кеңешме (7 облуста төрагалары) бар. Алар менен жыйынга чогулуп, ар бир нерсени кеңешебиз. Алыстан келе албай калгандар  онлайн катышышат. Сыйлык бериле турган журналисттердин аты-жөнγ добушка коюлат, талаш-тартыш болот. (Кγлγп) Айрым учурда мен көрсөткөн журналист деле колдоо таппай калат. Мына, быйыл, 7-ноябрь – Басма сөз кызматкерлеринин күнүнө карата бир топ журналисттерге “Ардактуу жарналист”, “Мыкты журналист” деген төш белгилерин тагып, Ардак грамота менен сыйладык.

“Ардактуу журналист”…

Сүрөттө: Илязбек Балташев менен Эсенбай Нурушев

Талапкерлерди кандай критерийлер менен тандадыңар? “Атын атаса, куту сγйγнөт” дегендей, кимдер экенин атай кетсең…

— Кандай критерий дегенде, эң башкысы басма сөз тармагындагы көп жылдык эмгеги, жогорку кесиптик чеберчилиги эске алынат. Маалымат чөйрөсүнүн өсγп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйлык берилет. “Ардактуу журналист” төш белгисин тапшыруу аземин 5-ноябрда баштаганбыз. Алгач биз — Жазуучулар союзунун “Этика кеңешинин” төрагасы Мырзакат Тыналиев экөөбγз “Жаңы Ордо” гезитинин негиздөөчүсү, Кыргыз эл жазуучусу Бекен (Назаралиев) байкенин γйγнө барып, тапшырып келдик. Байке аябай кубанып, ыраазычылыгын билдирди. Көп жылдан бери кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Бекен агабызга узун өмγр каалайбыз. Кудайдын сыноосун жеңип, жакында катарыбызга кошулат деген ойдобуз.

Мындан тышкары, “Ардактуу журналист” медалы менен белгилγγ журналист, публицист, адабиятчы Эсенбай Нурушев, “Слово Кыргызстана” гезитинин башкы редакторунун орун басары Александр Шепеленко, “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары Шекербек Калыков, “Кут Билим” гезитинин баяндамачысы ⁠Кемел Белеков, “Чүй баяны” гезитинин баяндамычысы Асан Акматов жана Нышанбек Кочкоров, Турганбек Шайыков, Өскөн Бабаев сыйланды.

“Мыкты журналист”…

Сүрөттө: Илязбек Балташев менен Дүйшөнбай уулу Азамат.

Мыкты журналист” төш белгисине ээ болгондорду атай кетсем, “Слово Кыргызстана” гезитинин директору – башкы редактору Елена Жолобаева, “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин Саясат, экономика бөлүмүнүн кабарчысы Калыгул Бейшекеев, “Мугалимдер дүйнөсү”, “Классташ” гезитинин атайын кабарчысы Нурлан Исаматов, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын шеф-редактору Гүлнара Алыбаева, ушул эле журналдын башкы редактору Рахат Сулайманова, “Кут Билим” медиаборборуна караштуу “Эл агартуу” журналынын редактору Чолпон Кийизбаева, “Чүй баяны” гезитинин башкы редактору Дүйшөнбай уулу Азамат.

Ал эми Ардак грамота менен он журналист сыйланды. Алардын арасында аймактык журналисттер дагы бар. Алсак, Ала-Бука районунан Бакыт Акпаралиев менен Нургүл Мусабаева, Өзгөн районунан Надира Сулайманова, Ысык-Көл районунан Анара Абыканова, Жети-Өгүз районунан Айнура Мамбетакунова сыйланды. Мындан тышкары, Кенжегүл Осмоналиева (“Эркин-Тоо” гезитинин Жарнама жана аймактар менен иштөө бөлүмүнүн кабарчысы), Аркадий Гладилов (“Слово Кыргызстана” гезитинин баяндамачысы), Любовь Борисенко (“Слово Кыргызстана” гезитинин баяндамачысы), Ысак Карачов (“Мугалимдер дүйнөсү”, “Классташ” гезиттеринин жасалгалоочу дизайнери), Дастан Чыныбек уулу (УТРК “Маданият Тарых тил” каналынын редактору) сыйлыкка ээ болушту. Сыйлык ээлерин куттуктайбыз! Алдыда дагы 8-декабрь — радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү бар дегендей…

— “Сыйлык, наам алуунун баркы, “мыкты” деген сөздγн наркы кетти, ар ким ар кандай уюм тγзγп, тааныш-билиштер, татыксыздар мыкты болуп, наам, сыйлык алып жатышат…” деген сөздөрдγ социалдык тармактардан окуп, угуп эле жатсаң керек?..

— Ушундай сөздөр президент Садыр Жапаровго да жетсе керек, мамлекет башчы 2026-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууга, наамдарды жана мамлекеттик сый акыларды берүүгө мораторий киргизбедиби. Эми биздин союз айрым учурда чоң иштерди жасап, көмγскөдө калган кесиптештердин эмгегин, мээнетин баалап, сыйлык берип турууну чечтик. Бул туура чечим деп ойлойм.

Нарын Айып

— Сыйлыкка татыктуу чыныгы мыкты журналисттердин көзγ өтγп кетти… Мисалы, кесипкөй адис, көптөгөн журналисттердин устаты, интеллигент, эки тилде — кыргыз, орус тилдеринде жаза да, сγйлөй да билген, артына өчпөс из калтырып кеткен Нарын Айып агабыздан ушул жылдын февралында ажырап калдык. Маркумдар эми сыйлык, наам ала алышпайт да… Алардын элесин жана эмгектерин жаш муундагы журналисттерге жеткирγγ γчγн Союздун гезитин да ачсаңыздар деген сунушту айткым келип турат да…

Бир туугандар Мелис Эшимканов менен Эрнис Асек уулу

— Туура айтасыз, мыкты журналисттердин көзγ өтγп кетти. Сиз айтып жаткан Нарын Айып агабыз, журналистикага, сөз эркиндигине чыйыр салып, артына чоң эмгек, из калтырып кеткен, эл эсинде калган “Асаба”, “Агым” гезиттеринин ээси айтылуу Мелис Эшимканов, бир тууган иниси Эрнис (Асек уулу) байке… Албетте, алардын эмгегин жаш муунга жеткирγγ биздин милдет.

Нарын Айып агабыз, көзγ тирγγ болгондо, 6-ноябрда 73 жашка чыгып, арабызда жаркылдап отурмак экен. Өмүрүнүн акырында биздин “7-каналда” эмгектенди. Иш столунда отурган жеринен 13-февралда өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап көз жумду… 15-февралда акыркы сапарга узаттык… Туулган кγнγнө карата биздин балдар “Журналист Нарын Айып өлбөстγккө сапар алды” деген даректγγ тасма даярдашыптыр. Жеке баамымда, тасмада агабыздын бейнеси жакшы ачылган.

Албетте, өтγп кеткен инсандарды эскерип, эмгек жолун, даңк-даңазасын жаш муунга жеткирип туруу парз! Алардын ысымын тγбөлγк сактап калуу γчγн Бишкек шаардык мэриясы Маалымат жана басма сөз күнүнө карата уюштурган салтанатта шаар жетекчилигине бир нече демилгелерди сунуштадым…

— Мисалы, кандай демилгелер?..

— Бишкекте Журналисттер аллеясы бар, бирок анда журналисттер тууралуу эч бир маалымат жок. Ошол аллеяга маалымат тактайчаларын орнотуп, элибизге ак кызмат кылган калем ээлеринин ысымдарын түбөлүк калтыруу; Журналисттер үчүн коомдук жай куруу үчүн жер бөлүп, медиа өкүлдөрү менен шаар жетекчилиги жолугушуп, талкуу өткөрө турган жаңы мейкиндикти жаратуу; Журналисттер үчүн муниципалдык унаа токтотуучу жайларды акысыз кылуу…

Сүйүн КУРМАНОВА: «Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу сунушу жүрөккө бальзамдай таасир этти»
Журналисттер Журналисттер аллеясында. 2022-жыл.

Бул сунуштар шаарыбыздын маданий жана маалыматтык турмушун байытып, журналисттерге дем-кγч берип, кесиптештердин эмгегине сый-урмат мамиле болмок. Сунуштарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге айтсам, туура көрγп, колдоду. Эми расмий кат менен кайрылам. Албетте, ал дагы жалгыз чечпейт, шаардык депутаттарга сунуштайт, алар жыйында карайт дегендей… Сунуш колдоо табат деп ойлойм. Себеби, журналисттерге болгон көңүл жылытарлык мамиле чет жактарда бар. Мисалы, Антальяда  журналисттер союзунун кафеси (коомдук тамактануучу жайы) бар экен. Журналисттер жергиликтγγ жетекчилер менен ал жерге барып жолугуп, чечилбеген маселелерди чечип коет экен. Бул эми, журналисттердин эмгегине жараша жеңилдиктер каралса деген гана тилегим. Анткени журналист мамлекет менен коомчулук ортосундагы маанилүү көпγрө.

— Абдан жакшы сунуштар айтылыптыр, ылайым колдоо тапсын! Союзда журналисттердин китебин чыгарып берγγ жагы да каралганбы?

— Ар бир журналисттин калеминен жаралган чыгармаларды көмөктөшγп чыгарууга, коомчулукка жайылтууга куштарбыз. Тилекке каршы, союзда акча жок. Бардык нерсени ишке ашыруу каражатка барып эле такалат да. Чыгарып бере турган өнөктөштөргө айтып чыгарсак болот. Мыкты чыгармаларды Союздун ичиндеги китеп текчеге жайгаштырсак деген тилегибиз бар.

Мына, байкаган чыгарсыз, биз жазылган гезиттер текчебизде тизилип турат. Кыргызстанда болгон гезиттердин баарына жазылсак деген тилегибиз болгон. Тилекке каршы, көпчγлγк гезиттер Кыргыз почтасы менен кызматташпайт экен. Жеткирγγ жагы көйгөйдγ жаратат да. Гезиттердин көбγ чыкпай, интернет айдыңына өтγп кетишти. Бирок, мен гезиттердин чыгып турушун каалайм, себеби, айыл жериндегилерде интернет колдонбой, гезит окугандар бар да.

Эсте калган гезиттер… телеберγγлөр…

— Гезиттер дегениңдей, эсиңде калгандары болдубу? Артыкчылык берип кумир туткан журналисттер болдубу? Дегеле журналистикага кандайча аралашып калдың эле?

— Ачыгы, эч кимди кумир тутпайм. Учурунда Асаба”, “Агым” гезиттери жасалгасы, жазгандары менен өзгөчөлөнγп эл эсинде калгандай, дал ушу гезиттерди окуп чоңойдук. Андан кийин заман талабына жараша көңγл ачуучу гезиттер чыгып кетти. Негизи мен аналитикалык материалдарга басым жасаган гезиттерди окугум келет. Кичине кезимде сыналгыдан, Нышанбек Кочкоровдун “Адилет” укук программасын, маркум Болот Макетаевдин «Тагдыр», «Кесип», «Биздин айыл» автордук программалары бар эмес беле, ушуларды көрчγмγн.

(Кγлγп) Адилет деген иним бар, ал кийин “Адилет” программасынын командасы менен иштешип калды. Мен болсо, 2005-жылдан бери журналистика чөйрөсγндө келатам, бирок, элге таанымал журналист болгон жокмун. Жалал-Абаддагы облустук телевидениеде, анан 7-каналда эмгектенип калдым. Эми мен журналистика боюнча айтып жатам. Негизи менин эмгек жолум мугалимдиктен башталган. Кошуна айылдагы мектепте иштеп, башталгыч класстарга англис тилинен сабак бергем. Кийинки алган билимим кыргыз филологиясы болду.

— “Заман талабына жараша көңγл ачуучу гезиттер чыкты…” деп айтканыңдай, заманга жараша адамдардын мγнөзγ, табити өзгөрγп, жеңил-желпини окуп, көрγп, жаман жакка көбүрөөк ыктаган көрүнүштөр болуп жатат. Сенин баамыңда заман бузулдубу же адамбы деген адаттагы риторикалык суроону узаткым келип турат…

— Бул аябай орчундуу, ойлоно турган суроо. Менин баамым, заман өз агымы менен кетип жатат. Заман эмес, адам бузулуп жатат. Медиатармагы социалдык тармактарда кγч алды. Журналисттердин куралы – сөз. Коомчулуктун пикирин тескери жакка бурбаш γчγн даярдаган өз маалыматын факт, далил менен берγγсγ, чындыкты гана жарыялашы зарыл! Журналисттерде оппозиция, оппонент деген болбойт! Алар бийлик менен коомго көпγрө болушу керек. Тилекке каршы, айрым кесиптештер айрым бир топтун жетегине кирип, каражатына азгырылып жоопкерчилик тартып калууда. Эл дагы маалыматтын чын-төгγнγн ылгап алышы керек! Маалыматты окуп, жыйынтык чыгаруусу азбел!

Биздин союздун максаты журналистиканын кадыр-баркын көтөрүү жана сөз эркиндигин коргоо.

— “Сөз эркиндигин коргоо” деп калдың… Сенин оюңча, сөз эркиндиги корголуп жатабы? Союз камалып жаткан журналисттердин укугун коргой алабы?

— Жакында эле, 27-октябрда, Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту «Клооп», «Темиров Лайв», «Айт Айт Десе» медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп таап, бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланбадыбы… Ушу боюнча УТРК пикиримди сураган эле, анда мындай деп жооп бергем: “Экстремист” десе эле эл “диний радикал” деп кабыл алат. Андай эмес, алар мамлекеттин бγтγндγгγнө бγлγк салган маалыматты чыгарганына карата сот ушундай чечим чыгарды” дегем. (Кγлγп) Айрым кесиптештер “Илязбек Балташев “саясий экстремизм” деген жаңы терминди киргизди” деп жазып да, айтып да чыгышпадыбы…

Мыйзам боюнча кайсы бир журналистке иш козголуп, камакка алынып, каттоого алына берип кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат да. Алар кайсы бир кγчтөрдγн курмандыгы болуп атат. Камалып, акталып чыгып жаткандары да бар. Албетте, алар камалганда, “бир уйдун мγйγзγ сынса, миң уйдун мγйγзγ зыркырайт” дегендей, биздин деле ичибиз ачышат. Маалыматтарда көз карашыбыз башка болгону менен, тилектештик бар да. Кыргызстанда журналисттик коомдук бирикмелерден γчөө, “чогуу иш алып баралы, көз карашыбыз башка болгону менен, тилектештик бир” деп алардын жетекчилерине да айтып жатам.

Укугун коргоо боюнча биздин союздагы Этика боюнча кеңешке 3-4 даттануу келиптир, кеңеш карап жатат.

— Соңку суроо, “7-каналдын” ээси ким? Дагы деле Камчыбек Ташиевдики деп айтылып келатат…

— “7-каналды” негиздеген Камчыбек Ташиев экени жашыруун деле эмес, ошондон улам ээси деп айтылып жатат окшойт. Андан кийин ар кайсы жакка өттγ, учурда каналды өнөктөштөр менен иштетип атабыз.

***

Журналисттер союзунун жаралыш тарыхы…

Кыргызстан журналисттер союзу мындан 66 жыл мурун — 1959-жылы Басма сөз, телекөрсөтүү, радиоуктурууга, журналист кадрларды даярдоо жана маалыматты жайылтуу максатта негизделген. 1967-жылы союздун ОшЫсык-КөлНарын облустарында, республиканынын борборунда бөлүмдөрү иштеп, кийин алар Жалал-АбадБаткен облустарында түзүлгөн. Союз башкармалыгынын алдында чыгармачыл фотостудия уюштурулган. ММКларда γзγрлγγ эмгектенип жаткан журналисттердин чыгармачылыгын, коомдо ойногон ролун күчөтүү максатта Кыргызстан журналисттер союзу республикалык газета-журналдардын редакциялары, Телекөрсөтүү, радиоуктуруу мамлекеттик комитети менен биргеликте ар кандай багыттагы сынактарды өткөрүп келген.

Учурда Кыргызстан журналисттер союзунан башка Кыргызстан журналисттеринин профсоюзу, «Медиа өкүлчүлүк институту» сыяктуу өз алдынча түзүлгөн уюмдар бар.

Союздун жетекчилери:

  1. Т. Суванбердиев (1958-1966)
  2. А. Токомбаев (1966-1971)
  3. А. Абакиров (1971-1976)
  4. Ж. Турсунов (1976-1986)
  5. Т. Ишемкулов (1986-1993)
  6. А. Султанбаев (1993-2024-ж.ж.)
  7. И.Балташев (2024-жылдын 4-октябрынан бери)

Жети жетекчинин арасынан өтө узакка жетекчиликте отурган ушул сүрөттөгү Абдыкадыр Султанбаев болду. Ортодо жетекчини алмаштыруу унутулуп калгандай, ал Журналисттер союзун 1993-жылдан бери — 31 жыл башкарып отурду… Эмне иш кылды, эмне жылыштар болду — ага тарых тараза…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.