“ЖОЛБҮГҮН”: Айылчы Сарыбаев. Тγгөлбай Казаков. Үмүт Култаева. Чоюн Өмүралиев. (ВИДЕО)

“ЖОЛБҮГҮН”: Айылчы Сарыбаев. Тγгөлбай Казаков. Үмүт Култаева. Чоюн Өмүралиев. (ВИДЕО)

«Жолбүгүндө» карааны көрүнбөй…»

деп жолдошум Эрнис (Асек уулу) жазгандай, Алым Токтомушевдин кечээги иш-чарада калдайып карааны турганда эмне… шакирти Аскер Сакыбаева чыгарган китепти көрсө эмне, жакшы сөздөрдγ өзγ укса кана, аттиң!

Жазмыш экен, өмүр сапары бүтүп, экинчи өмγрγндө жашап жаткан мыкты акын, котормочу, публицист Алым агабыздын «Жолбүгүн» китебинин бет ачары Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданият борборунда болуп өттγ.

Китепти тγзүп, бет ачарын өткөрүп түйшүгүн көтөргөн — кесиптешибиз Аскер Сакыбаева.  Иш-чара акын, жазуучу, мугалим, журналист замандаштардын, досторунун, туугандарынын катышуусунда, мыкты акын Алтынбек Исмаиловдун алып баруусунда жакшы өттү.

Алтынбек алгачкы сөздγ Алым агабыздын жакын досу жазуучу, публицист Чоюн Өмүралиевге берди эле, агабыз кийинчерээк сγйлөрγн айтып сөз кезегин жылдырып койду.

“Алым Токтомушевдин философиялык ой толгоолору азыр да актуалдуу”

Ошентип иш-чара башын филология илимдеринин доктору, профессор Венера Сайпидин ачып берди. Ал Алым Токтомушев китептеги макалаларын жүйө, факт, цифралар менен документалдуу түрдө далилдегенин, мындан 30 жыл мурун жазгандары азыркыга чейин маанисин жоготпогондугун, макалаларындагы саясий-экономикалык, социалдык, философиялык ой толгоолору азыр да актуалдуу экендигине токтолду.

Абдил ШЕРМАТОВ: “Тирүүбүз бүгүн, тирүүлүк үчүн!

Андан кийин адабиятчы, акын Абдил Шерматовго сөз берилип, Алым Токтомушевдин өмүрүнүн акыркы жылдарында экөө абдан ынак болушканын айтып келип, бир топ гезит-журналдарга жазган макалаларында ашыкча сөздү жолотпой, ток этер маселелерди жазып, ошондой эле тексттерди кынабына келтире оңдогон мыкты редактор болгонун баса белгиледи. Сөзүн жыйынтыктап жатып, 2022-жылы Алым агабызга арнап жазган  “Тост” деген ырын окуп берди.

ТОСТ
(Алым Токтомушевге)

Жаз келди мына өлбөгөн жанга,
Жадырап жаша өмүрүң барда.
Көңүлдөр бүгүн бир көктөп алсын,
Толтура куюп, кесеңди карма.

Алалы муну калтырбай бүтүн,
Күн чубак күткөн бомждор үчүн.
Таштанды жактан көздөрү өткөн,
Каректер муңдуу, көөдөндөр түтүн.

Бийлик да алсыз, эл дагы бейбаш,
Каякта Манас, каякта Бейбарс?
Ичели бүгүн, унутта калсын,
Жүдөгөн маанай, кунарсыз пейзаж.

Чуулдайт мындан бейкапар балдар,
Демдерде от күч, көздөрдө шам бар.
Жаз күнү сымал жылытат жанды,
Эртеңки үмүт, эртеңки таңдар.

Оңдонуп эми кесеңди карма,
Ушулар үчүн алалы анда.
Тирүүбүз бүгүн, тирүүлүк үчүн!
Жаз келет акыр өлбөгөн жанга.

Үмүт КУЛТАЕВА: “Жолбγгγндγ” журналистика факультеттерине окуу куралы катары киргизүү керек!”

Абдил агайдан кийин сөз алган филология илимдеринин доктору, адабият таануучу, Москвадагы Горький атындагы адабий институтунун үлгүсүндө Бишкекке эки жылдык жогорку адабий курс ачкан Үмүт Култаева Алым Токтомушевдин руханий дγйнөсγн ачуудан мурда Мелис Эшимкановду унутпай эскере жγрγγ парз экенин, тагырагы, кыргыз поэзиясында Алыкул Осмонов, кара сөздө Чыңгыз Айтматов, журналистикада Мелис Эшимканов өз мектебин түптөп кетишкенин белгилеп өттγ.

“Жолбγгγн” китебин окуп чыктым. Мага жакшы таасир калтырды… анан мындай ойго келдим,  Мелис Эшимканов журналистиканын тарыхында жанар тоодой атылып чыгып, мыкты журналисттердин чыгышына аккумулятор болуп берген экен. Эгерде Мелис “Асабаны” ачпаса, Алым Токтомушев, Чоюн Өмγралиев ушундай эмгектерди жазат беле?.. Аскер Сакыбаева ушундай журналист болот беле?.. Султан Раев роман жазат беле, жок беле?.. Бул бир.

Экинчиден, Аскер Алым Токтомушевдин гезит-журналдарга жазган материалдарын китеп кылбаса, деңиздин тγбγндө жаткан бермет асыл таш сыяктуу ойлорду коомчулукка алып чыкпаса, мезгилдин бир бγктөмγндөгγ караңгы жерде калып калат беле, ким билет?! Бул китеп болбосо, Алым Токтомушевди кийинки муун билбей, материалдарын окубай калмак. Ошондуктан Аскерге терең ыраазычылык билдиришибиз керек!

Алым Токтомушевдин маектери дагы мыкты. Анын берген суроолору ушунчалык терең, бийик. Ал Кубатбек Жусубалиев менен болгон маегинде «Михаил Достоевский айтып жатпайбы: «Азап чегүү адамзатты күнөөсүнөн арылтып, жандүйнөсүн тазартат» деп. Бүгүн биз баштан кечирип жаткан көртурмуш жазуучу айткан аксиоманы айныксыз айкындап турган жокпу?» деген суроону берсе, Кубатбек Жусубалиев Мухаммед пайгамбардын (САВ) сөзү менен жооп берип жатат, «Жакырчылык менин байлыгым» деп… Карагылачы, эмне деген бийик суроо-жооп… эмне деген ой жатат?..  

Бул китепти журналистика факультеттерине окуу куралы катары киргизүү керек! Биздин жогорку адабий курсубузда да бул китеп талкууланат!

“Эгемендик доордо мекенге күйгөн, ага өмүрүн сайган инсандардын сап башында Алым Токтомушев турат”

Бул иш-чарада баяндама жасай турган акын, филология илимдеринин кандидаты, доцент, адабиятчы Гүлзада Станалиева буларды айтты:

— Алым Токтомушевдин “ЖОЛБҮГҮНҮ” – жакынкы тарыхыбызды, трагедиябызды, шорубузду көзгө сайып көрсөткөн эмгек. Ал кымындай фактыны да көз жаздымда калтырбаган курч аналитик. Анын салыштыруулары, келтирген аналогиялары ташка тамга баскандай таасын. Ал келтирген төмөндөгү фактыларды азыр окусаң да төбө чачың тик турат…

“КП маалыматына таянсак, 1990-1995-жылдары өнөр жайдын 70%, курулуштун 99%, соода түйүндөрүнүн 95% приватташтырылган. Алардан казынага 136 млн сом түшкөн. Салыштырып бак, Соцфонд төрагасы Р. Үчкемпированын билдирүүсүнө караганда, 1 айлык пенсия төлөш үчүн 135 млн сом керек. Демек, республиканын 70 жыл жыйган-тергенинин теңинен алда канча көбү 1 айлык пенсияга айланыптыр”.

“Мисалы, республика казынасына килейген киреше түшүрөрү анык 1724 турмуш-тиричилик ишканаларынын ар бири орто эсеп менен 216 сомго сатылган. Анын 162син аукционго коюп, ар бири 16 сомдон айланган. 1342 соода түйүндөрү менен тамак-аш ишканаларынын ар бири орто эсеп менен 714 сомдон кеткен, аукционго болсо – 11 сомго коюлган. КП эсептөөсү көрсөткөндөй, 1984-жылы 5,6 млн долларга курулган “Нарын” тамак-аш комбинаты 1993-жылы 50 млн рублге (ошол жылдагы рублди элестетип көрүңүз, акча эмей эле саман болуп калган), айтылуу “Айчүрөк” ЦУМу 219 000 сомго, андан берки килейген “Ысык-Көл” дүкөнү 27 000 сомго бааланган. (“А проверка доложила точно”. — Б., 1996)”.

“Приватташтырылбай бирин-экиндери жана олчойгон оор өнөр жайлары калды. Алар да тонолгон, буталган (айталы, Кайыңды “Кыргызкабель” мурдагы Ленин, Фрунзе заводдорунан бир эле жылда (1993) баалуу 980 техника башка республикаларга ташылып кеткен)…”

Алым Токтомушев күчтүү интеллектуал катары, философтордун, экономист-социологдордун эмгектерин макалаларында арбын колдонот. Бирок аларды куру цитаталабайт, аларга кээде каршы чыгат, керек болсо талашып-тартышат, алтургай, илимдин андай дөө-шааларына эмгектерине жараша аныктама берет. Мисалы, “Рынок экономикасынын ырааттуу “ырчыларынын” бири, социализмдин анык душманы, АКШда арбын жыл иштеген поляк профессору Рафал Кравчук; ашкан “капиталистчил” М.Вебер; жеткен “эскичил” В.Зомбарт” дейт да, алардын концепцияларын сындан өткөрүп, Кыргызстандагы маселелерди талдап берет.

Ошондой эле фактылар менен далилденген ачуу чындыкка алымсынбай, айтайын деген оюнун таасирин күчөтүү үчүн гений акын-жазуучулардын сөздөрүн мисалга тартат.

Гетенин “Пусть экономией мы бредим/ Мы прямо к разоренью едем” дегени менен,  Л.Толстойдун “… не может земля быть предметом купли и продажи, как вода, как воздух, как лучи солнца” дегени менен 90-жылдардагы Кыргызстандагы экономика көйгөйүн, жер маселесин жүрөккө жеткире түшүндүрөт.

Алым Токтомушев мамлекетибиздин ак-карасына жүрөгү менен күйгөн, анын оош-кыйышын элге талдап түшүндүрүп берүүгө өмүрүн сайган киши. Ошондуктан аны мекенчилдиктин бийик үлгүсү катары азыркы муунга да, кийинки муунга да таанытуу иштерин улантышыбыз керек. Алым Токтомушевдей инсандардын өрнөгү жаштардын мекенчилдик сезимин калыптандырат. Ар бир доордун каармандары болот. Эгемендик доордо мекенге күйгөн, ага өмүрүн сайган инсандардын сап башында Алым Токтомушев турат.

Мелистин мектеби Алымдай журналисттерди чыгарды”

Белгилγγ экономист Айылчы Сарыбаев агабыз жашоодо канча деген кооптуу окуялар болгонун, “өлтүрүп коеюбуз” дегенге чейин баргандар болгонун айтып келип, буларга токтолду:

— Алыкем “Сен минтип айтпагын, андан көрө мен айтайын” деп кээде мен жазган макаланын кээ бир жерлерин чийип койчу. Өмүрүн тобокелге салып, оюн ачык айтуу ар бир кишинин колунан келе бербейт.

Негизи Алыкенин журналист болуу оюнда жок эле, аны журналист кылган мамлекеттин, элдин тагдыры болду. Мелис Эшимкановду дагы айта кетиш керек, анын орду коомдо өтө чоң болчу. “Баланча жерден минтип акча таап келди, түкүнчө жерден муну алып келди, анан бизди чогултту” деп Алым көп айтар эле. Мелистин мектеби Алымдай журналисттерди чыгарды…

“Алым Токтомушевдин орду бош турат”

Сөз кезегин алган жазуучу, публицист Чоюн Өмγралиев агабыз сөзγн “Жолбγгγн” китебиндеги Аскер Сакыбаеванын “Устатка таазим” баш сөзγнγн аягында жазылган сөзγ менен баштады. “Убагында терең ойчул, билимдүү, даанышман уркунан чыккан адам менен замандаш болгонубузду элес албаппыз. Анткени Алым Токтомушев эчен жылдар мурда жазган көптөгөн маселелер азыр дагы актуалдуу, азыр дагы курч бойдон кала берүүдө. Бүгүн дагы ал кишинин орду бош турат” деп Аскер жазып атат. Эмне деген ойлор?…

Тγгөлбай КАЗАКОВ: «Мелис акынды экономист, сγрөтчγнγ юморист кылды”

— Бγгγнкγ иш-чарага Алыкенин арбагын сыйлаган, биз жакшы көргөн журналисттер келиптир. Мына, Эсекең (Эсенбай Нурушев -авт.), Мамат Сабыров отурат.

Чокем (Чоюн Өмγралиев -авт.) жакшы сөз айтты, “Алымдын сабагы” деп. Биз Алыке менен чогуу иштеп калдык, чогуу бир бөлмөдө отурдук. Лев Толстой жазганын γч жолу көчγрγп чыкчу экен. Биринчисинде оюна келгенин жазып… экинчисинде окуяларды ордуна коюп… γчγнчγсγндө көркөм деңгээлин карачу экен. Алыке да так ошондой болчу, жазганын улам-улам көчγрө берчγ… Кол жазмасы да сулуу болчу. Ар бир макаласын зер буюм жасагандай жасап чыкчу.

“Асаба” бир доордун, тарыхта калган гезит болуп калды. Мелис көрөгөч болуптур. Мына, бу жерде Төкөм (Төлөгөн Карыкеев) отурат, сγрөттγ укмуш тартат. Ушу сγрөтчγнγ юморист, Алыкемди экономист… калганыбызды саясатчы кылып чыгарды. Негизи Алыке экономиканы билбейм, жазбайм деген. Анын γстγнө биздин редакцияда экономиканы жаза турган да, атγгγл ага кызыккан да киши жок экен. Анан Мелис болбой эле экономиканы Алыкенин мойнуна илди. Мына, “Жолбγгγн” китебинин 90 пайызы экономика, 10 пайызы саясат. Негизи Мелис кимге кайсы теманы бергенди жакшы билет эле.

Алыкенин көөнөрбөй турган ыры бул “Көл түнү” да. Эмне деген керемет! Ага ар ким обон чыгарды.  “Карарган деңиз, агарган толкун” да мыкты да. Алыке бир ыры менен эле кыргыз поэзиясынын тарыхында калмак. Ыр жазбай койду да. Аман Токтогулов экөө аябай көп сүйлөшчү, агам акырет кеткенде мындай ыр жазган:

«Тиленип, тийбей калган бата сыңар,

Тирелип ар кай жерде жатасыңар.

Ар бириң кеткен сайын ойлоп келем:
Кудайдын тизмесинин катасы бар» 

Жараткан ар бир нерсени топ-тобу менен берет экен. Арстанбек, Жеңижоктордон тартып Ысмайылга чейин бир топту берди, манасчыларды, куудул Шаршенди берди, комузчу Атайларды берди. Ошол топ кыргыз деп кыйкырган боюнча өтγп кетти турналардай болуп… Кийинки топ башка, алар боюнча сөз башка. Мезгил өткөн сайын улам жаӊылары келет экен. Журналистиканын талаптары өзгөрөт экен…

«Жездем которгон «Гамлет» трагедиясы басууга даярдалып жатат»

Алым агабыздын жубайы Шербет Келдибекова эжебиз да мыкты акын болгон. Эжебиздин иниси Замир Келдибековго (негизи бир тууган деген Замир байкедей болуш керек! Дайыма жезде-эжесинин чыгармаларын социалдык тармактарга жайылтып келе жатат) сөз берилип, ал эки талант боюнча кыскача мындай деди: «Биз дайыма эжем менен жездемди чогуу айта жγрөбγз. Алым жездем котормочу да болгон, билесиздер. Шекспирдин «Гамлет» трагедиясын мыкты которгон, ошону китеп кылып чыгаралы деп турабыз. Капар Токтошов басууга даярдап жатат. Буга чейин Алым жезденин «Ачылбаган дүйнө», «Балдарга базарлык», «Дүйнө классиктеринин ой берметтери» китептерин чыгарганбыз. Минтип «Жолбγгγн» китебин Аскер чыгарып, бет ачарын кылып отурат, Аскерге терең ыраазычылык билдиребиз!
**

Устат-шакирт!

Артыңда Аскердей издеп алар, сурап алар, эскерип турар шакирттердин бар болгону кандай жакшы! Иш-чараны жыйынтыктаган Аскер көзγнө жаш ала буларды айтты:

Эсен болуп, эстей жүрөлү!

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун«
деп жолдошум Эрнис жазгандай, Алым Токтомушев, Мелис Эшимканов, Жолдошбек Зарлыкбеков,  Эрнис Асек уулу… «кыргыз деп кыйкырган боюнча өтγп кеткен турналардай» инсандар болгон жана бар.
Жогоруда Аскер айткандай, алар биз үчүн тирүү. Эми алар  эскерүүлөрүбүздө, китептерибизде жашайт. Экинчи өмүрлөрү узун болсун!
Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.