Укпадым, көрбөдүм дебеңиздер!

К.Карасаев атындагы БМУнун журналистика жана маалыматтык тутумдары факультети сиздерди көрүнүктүү окумуштуу, профессор жана академик Кусейин Карасаевдин 125 жылдыгына арналган «Мелис Эшимкановдун Кыргыз Республикасындагы медианын өнүгүшүндөгү ролу жана
орду» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырат.
Жыйындын жүрүшүндө Мелис Эшимканов атындагы фонд тарабынан студенттер арасында уюштурулган чыгармачылык сынактын жыйынтыгы чыгарылат.
Сынактын жол-жобосу…

Сынакка тапшырылган чыгармалар журналистикадагы актуалдуу маселелерди чагылдырышы керек.
Эссе жана видеоматериалдардын темалары: Журналисттердин кесиптик этикасы, ЖМКлардагы журналисттердин коопсуздугу, Көрүнүктүү окумуштуу, профессор, академик Кусейин Карасаевдин
125 жылдыгы.
Поэзия (Мелис Эшимкановдун же К. Карасаевдин чыгармачылыгын чагылдырат)
Материалдар 2026-жылдын 1-февралынан 2026-жылдын 20-февралына чейин jadyrajasha@gmail.com дарегине «Сынак» деген тема менен кабыл алынат. Ошондой эле биздин Instagram аккаунтубузду @jourfac.bsu деп белгилеңиз.
1. Видео материалдар желедеги аянтчаларга (социалдык медиа, YouTube ж.б.) жайгаштырылып,
шилтемелери жөнөтүлүшү зарыл.
2. Эссе 700-1000 сөздөн турушу керек. Баалоодо теманын терең ачып берилишине басым жасалат.
3. Ырдын көлөмү, стилине чек жок, көркөм окууга артыкчылык берилет.
Баскан жолу…

«Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон, кыргыз, орус тилдеринде жаза билген белгилүү, мыкты журналист, публицист, коомдук жана саясый ишмер Мелис Эшимканов (1962-2011) — кыргыз тилдүү эркин басма сөздү түптөөчүлөрдүн бири. Ал кыска өмүрүн журналистикага арнап, массалык маалымат каражаттарынын жана эне тилибиздин, адабият, маданияттын, эгемендүүлүктүн өсүп-өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, эбегейсиз из калтырып кеткен тарыхый инсан. Бекеринен кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» деп атыккан эмес да.

Жеңебиз Асел Эшимканова агабыздан ажырагандан бери бир топ сынактарды, илимий конференцияларды өткөрүп, атын өчүрбөй келатат. 2022-жылы жолдошунун 60 жылдыгына карата, туулган күнүндө — 9-декабрда Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында эскерүү өткөргөн. Дал ошол күнү Мелис Эшимканов атындагы фонд (журналисттер жана студенттер арасында) жарыялаган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылган. Андан тышкары, «МЕЛИС менен ЭРНИС» аттуу китептин (түзгөн белгилүү журналист Данияр Исанов) бет ачаары болгон.
Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!
Даярдаган Назира СААЛИЕВА

