Эрнистин эмгегин эскерип жаткандарга терең ыраазычылык!

Акын, котормочу, журналист жолдошум Эрнис (Асек уулу) алты жылдан бери эскерилип келет. Быйылкы эскерγγнγ Мелис (Эшимканов) байкебиздин Эрнис тууралуу жазган архивдеги (“Асаба” 1999-жыл) макаласынан баштаганбыз. Андан кийин белгилγγ комузчу Кенжебек Алдаярдын эскерγγсγн (“Ыйлоо. Кара өзгөй” жоктоо кγγсγн), мыкты ырчы Нуржигит Молдоярдын «Мастер менен Маргарита» котормосу тууралуу пикирин, «Манас» театрынын, «Манас» улуттук академиясынын мурдагы жетекчиси, манасчы Азиз Биймырза уулунун, «Улуу Тоолор» басмаканасынын жетекчиси, акын, жазуучу Жумадин Кадыровдун Эрнистин «Каалга» ыр китеби жана «Мастер менен Маргарита» котормосу тууралуу жазгандарын бергенбиз. Кезек журналист Алишер Токсонбаев агабызга келди. Ар бириңиздердин жазганыңыздарды, ал эле эмес, комментарийге чейин окуйм, анткени, Эрнистин эмгеги тууралуу жылуу сөздөрγңγздөр өтө маанилγγ. Таланттарды баалаган сиздердей жакшы адамдар турганда, жолдошумдун кызылдай эмгеги текке кетпейт, аты өчпөйт, унутулбайт! Бар болуңуздар!
Назира СААЛИЕВА
«ӨЛГӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫН, ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ!»
Колдо бар алтындын баркы жок!
(Кыргыз эл макалы)

“Өмүр бизден өтүп кетсе/, Эл эмгектен эскерсин!” деп Аалы Токомбаев жазгандай, журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК уулу эмгеги менен эскерилип келет. Көзγ өткөндөн бери бир топ китептери жарык көрдγ. Болбосо анын чыгармаларын интернеттен таап окуу кыйын эле.

Кайран жигит, «Асаба», «Агым», “Де-факто”, «Баягы Асаба” гезиттеринде башкы редактор болуп эмгектенген. Ошондо мен анын карамагында өз кабарчы иштеп калбадымбы. Бейиши болгур, бул жалган дүйнөдө ал таптакыр башкача жашап, башкача ойлонуп, бир башкача, өзгөчө жазып өттү. Кесибине чын дилинен берилип, мамиле жасап, гезиттин ар бир чыгарылышындагы өзгөчөлүккө умтулчу.
Мен баарынан дагы Эрнистин китеп окумалдыгына абдан таңкалчумун, өтө суктанчумун. Албетте, биз деле китеп окуйбуз дечи, бирок, биз ал китептерди жөн гана окуп коюшубуз толук ыктымал. Ал эми Эрнис китепти аңтарып-теңтерип, кеңири талдап окугандыгын биз байкачубуз. Өзү жактырган дγйнөлγк адабияттагы авторлордун учкул ойлорун гезиттерге чыгарып жүрдү. Мисалы, Антонио Поркья деген жазуучунун чыгармаларына аябай таасирленип, көп жылдар бою анын чыгармаларын которуп, гезитке байма-бай жарыялап турду.

Мен «Асаба» гезитине өз кабарчы кезимде Эрнис Асек уулу — баш редакторубуз. Жетекчи катары ал мага кыска, анан дагы маңыздуу жазганды куп гана үйрөттү. Анткени, ал гезиттин ар бир саны өзгөчөлөнүп турушун такай каалачу. Кадыресе, күнүмдүк макалалардан таптакыр жадап, сан сайын өзгөчөлүк издеп тураар эле. Ал гезиттин ар бир санында жаңы рубрикаларды издеп, жаңылыктарды дагы ыкчам ойлоп табууну талап кылчу. Негизинен көптөгөн жаңылыктарды өзү киргизээр эле. Анан дагы бизди — ар бир кабарчыны жаңычылыкка, анан дагы тынымсыз изденүүгө үйрөтчү.
**
Эрнис Асек уулу уялаш агасы, таанымал, мыкты уюштургуч, мыкты журналист Мелис Эшимканов дүйнөдөн өткөндөн кийин жан дүйнөсү ого бетер жанчылып, көпчүлүккө аралашпай, өзү менен өзү алектенип калганын байкабадыкпы… өмүрүнүн аягына чейин жеке чыгармачылыгы менен гана алектенди. Жалгыздыкты жаш кезинен эле жактырчу. Кайсы бир маегинде өзү деле «Жалгыздыктын эмгек сиңирген ишмери» деп атап атпайбы. Баарынан өкүнүчтүүсү, Олжобай Шакир уулунун айтымында, Эрнис «Чоң жинди» деген роман жазып, өз колу менен өрттөп салыптыр. Себеби, кайран таланттын чыгармачылыкка талабы өтө катаал эле.
Эрнистин сандыгында толтура чыгармалары, ырлары жатканын, ал акырындап китепке айланып атканын жубайы интервьюларда айтып келет. Эрнис көзү тирүүсүндө өзүн даңазалаган жок! Мамлекеттик сыйлык, наамдарга жулкунган эмес, мамлекет деле ыйгарган жок. Эмне дейбиз, Эрнис, сага Аллахым бейишин берсин! Сенин түбөлүктүүлүгүң — сенин жазгандарыңда! Эрнис АСЕК уулунун ысымы өчпөй тургандыгына бекем ишенем!
Алишер ТОКСОНБАЕВ
Алдыда…
Куржунубузда бир топ эскерγγлөр бар: Эрнистин агайы, профессор Мырзабек Жумаевдин, “Баягы Асаба” гезитинде чогуу иштеген журналист Кайрат Кенжебай уулунун жана дизайнер Тимур Шарапиевдин, “Асаба”, “Агым”, “Баягы Асаба” гезиттерине аймактан өз кабарчы болуп тынбай жаңылык жазып турган кесиптеш агабыз Кγмөндөр Усуп Тегиндин, “Де-факто” гезитинде чогуу иштеген, учурда “Азаттык” радиосунда эмгектенип жаткан Санжи Туйтунованын, “Агым” гезитинде иштеген Шайырбек Эркин уулунун, Асел (Эшимканова) жеңемдин эскерγγлөрγ, белгилγγ акын, тележурналист Атахан Кожогуловдун, Кыргыз эл артисти Амантай Кутманалиевдин Эрниске арнаган ырлары бар.
Назира СААЛИЕВА
P.S. Урматтуу окурман, ар бириңиздердин тамчы пикириңиздер да маанилγγ, баалуу, анткени алар да таш жарат. Сиздердин Эрнис тууралуу эскерγγңγздөр, котормо боюнча ой-пикириңиздер алгач “Алакан” сайтыбызга жарыяланат, анан Эрнис Асек уулу аттуу китепке кирет.

