“Мастер менен Маргарита” белекке берилип, Москвага жөнөтγлдγ (ВИДЕО)

“Мастер менен Маргарита” белекке берилип, Москвага жөнөтγлдγ (ВИДЕО)

«Михаил Булгаковдун фантастикалык дүйнөсү»

Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө туш келген эки маараке кечээ, 27-мартта Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында белгиленди. Тагырагы, орус жазуучусу, драматург, врач, театр режиссеру Михаил Булгаковдун (1891-1940) туулган күнүнүн 135 жылдыгына жана анын легендарлуу, чуулгандуу «Мастер и Маргарита» романынын алгачкы жолу жарык көргөнүнүн 60 жылдыгына арналган «Михаил Булгаковдун фантастикалык дүйнөсү» аттуу көргөзмө болуп өттγ.

“Татаал чыгарманы которуу чоң эмгек”

Анна Эспарса жана Нурлан Калыбеков менен

Иш-чара баштала электе Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мурдагы төрагасы, мыкты акын Нурлан Калыбеков көргөзмөнγ тγзгөн орусиялык белгилүү тарыхчы, маданият таануучу Анна Андреевна Эспарса менен тааныштырып, Булгаковдун “Мастер и Маргарита” романын котормочу, акын Эрнис Асек уулу которгонун, бирок, аны өзү көргөнгө жетишпей 2020-жылы каза болуп калганын, досу даярдап кеткен ал котормону менден алып, 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз тилинде “Мастер менен Маргарита” деп жарык көргөнγн айтты. Анна Андреевнаны тегеректеп турган орус драма театрынын кызматкерлери: “Булгаковдун аялындай эле болупсуз да, Мастер менен Маргарита…” деп кγлγп, татаал чыгарманы которуу чоң эмгектигин айтып ыраазычылык билдиришти.

Мен ала барган котормо эки китептин бирин Нурлан Анна Андреевнага, бирин Москвадагы котормо институтунун директору Евгений Резниченкого деп берди.

Анна айым кубануу менен кабыл алып, аманат өз ээсине жетерин айтып, уникалдуу чыгарманы которуп кеткен Эрниске ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал буга чейин котормо боюнча бγгγнкγ көргөзмөнγ кыргызча сγйлөткөн котормочу Жыргалбек Касаболотовдон укканын жана “Мастер менен Маргарита” китебин буга чейин эле алганын, көргөзмөгө келген конокторго суроолор дайындалганын, жообун туура тапкандардын бирине дал ошол китеп берилерин (мен берген китепти ойнотту деп ойлоп калба деген кыязда эскертти — авт.) айтып, туура жооп берген конокко китепти тапшырып коюмду өтγндγ.

Эки достун котормолору…

Иш-чара башталганча фойеде стенддерге жайгаштырылган Булгаковдун чыгармачылыгынын сырлары, чыгармачылыгындагы юмор менен фантазия дүйнөсү, γй-бγлөсγ тууралуу кыска-нуска маалыматтар камтылган, кыргыз-орус тилинде жазылган көргөзмө менен тааныштык. Стенддердин биринде Булгаковдун бул романы ар кайсы тилге которулганы жазылып, ал китептердин мукабалары жайгаштырылыптыр. Алардын ичинде Кыргызстан да бар. “Мастер менен Маргарита” котормосунун тушуна котормочу, акын, журналист Эрнис Асек уулу (1970-2020) тууралуу кыскача маалымат жазылган. Ушунун баарын даярдаган жана орусча таржымалдарды кыргыз тилине мыкты которгон — Эрнистин ЖЫКЕси Жыргалбек Касаболотов. Эки достун бирине узун өмγр, ыраазычылык, бирине жаткан жери жайлуу болсун дегенден башка эмне айта алабыз?..

***

«Булгаков түбөлүк жашайт”

Аталган көргөзмөнγ Ч.Айтматов атындагы орус драма театрынын директору Сергей Бардаков менен Бишкектеги Орус үйүнүн директору Альберт Зулхарнеев ачып беришти. Алар театр жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, Булгаков мыкты жазуучу болгонун, анын чыгармалары да, ысымы да түбөлүк жашай берерин айтып келип, укмуштуудай көргөзмөнγ тγзгөн Анна Андреевна Эспарсага ыраазычылыктарын билдиришти.

***

Суроо-жооп…

Андан соң сөз алган Анна Андреевна көргөзмө орус жана кыргыз тилдеринде көрсөтүлγп жатканын жана кыргыз тилинде сγйлөткөн котормочу Жыргалбек Касаболотовго терең ыраазылык билдирип, эл алдына чакырып, анан стенддерде жазылган темалардын ар биринин тарыхына кыскача токтолуп, көрγγчγлөргө суроо узатты эле, тапкандар Булгаковдун китептерин белекке алып жатышты.

Котормолор жана котормочулар тууралуу стендге келгенде, кыргыз тилине котормочу Эрнис Асек уулу которгонун, «көзγ жок болгону менен араңыздарда жубайы бар» деп мени да жанына чакырды.

Ал жерден берген суроосуна туура жооп берген конокко «Мастер менен Маргаританы» да тапшырдык. Ал төмөндө:

Анна Эспарса деген ким?

ФОТО: Бишкектеги орус үйүнүн Фейсбуктагы баракчасынан алынды

Анна Андреевна Эспарса — орусиялык белгилүү тарыхчы, маданият таануучу, МГУ окутуучусу, эл аралык көргөзмөлөрдүн куратору, даректүү тасмалардын режиссёру. XIX кылымдын тарыхы жана билим берүү долбоорлору боюнча мыкты адис, ошондой эле «Достоевский» лекторийинин эксперти катары таанымал айым.

Ал 23-27-март — бир жума ичинде миңден ашуун студенттер, мектеп окуучулары жана мугалимдери менен жолугуп, баарлашты. Аларга 26-мартта Бишкектеги Орус үйүндө “Тагдырдан качуу” (Бег от судьбы) аттуу жаңы даректүү тасманын премьерасын көрсөттү. Ал долбоор азыркы жазуучу Алексей Варламов менен Михаил Булгаковдун «жаман батиринде» өткөн кызыктуу диалогуна арналган. 

***

Жогорку иш-чара соңунда орус драма театрынын артисттеринин аткаруусундагы Булгаковдун “Мастер и Маргарита” спектакли менен аяктады. Спектакль аншлаг менен өтүп, бали, чынында мыкты даярдалыптыр.

***

Эрнистин ысымы өчпөйт, чыгармачылыгы өлбөйт!

Баса белгилей кетчγ нерсе, Москва шаарындагы Орусиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда мугалим болуп эмгектенип келаткан мыкты котормочу Кубантай Эрназаров «Булгаков үйү» музей-театрынын аткаруучу директору Склярова Наталья Петровнага Эрнис которгон Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» китебин тапшырган.

Бул видео менен кошо алардын сайтына “С радостью сообщаем, что наш музей-театр получил в подарок книгу — роман Михаила Булгакова «Мастер и Маргарита» на киргизском языке!” деген тема менен жаңылык жарыяланган.

**

Ушундай мыкты котормонун чыгып калышына себепкер болгон чоң тамгалуу адам — Нурлан Калыбеков. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы болуп турганда, тийиштүү долбоордун негизинде 50 китеп (редакциялык жамааттын жетекчиси да болгон — авт.) менен кошо жарык көргөн…

Эрнистин чыгармачылыгына тиешелγγ жерден калтырбай чакырып, досун оозунан тγшγрбөй эскерип, «Эми Эрнисиң жок, анын ордуна сен сγйлөшγң керек! Чакырган жерден калбай сен келишиң керек! Аман бол!» деп какшап келаткан Эрнистин НУКЕси Нурланга, «Булгаков үйү» музей-театрына «Мастер менен Маргаританы» алып барып тарыхый иш жасаган Кубантай Эрназаровго, Эрнистин бир эмес, эки китебине баш сөз жазып берген Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Раев Султан Акимовичке жана байымдын экинчи өмγрγн узартып жаткан чыгармачыл адамдарга, чыгармачылыкты сыйлагандарга терең ыраазычылык билдирем!

Талантты сыйлаган, баалаган Сиздердей адамдар турганда Эрнистин ысымы эч качан өчпөйт, чыгармачылыгы өлбөйт!

Эрнистин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.