Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Аида Салянова акыры түрмөдөн чыгат, болгону…”

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Аида Салянова акыры түрмөдөн чыгат, болгону…”

Деп кечээ, 5-августта, биздин (alakan.biz) сайтка берген маегинде айткан эле. Коомдук ишмер, экс-депутат Каныбек Осмоналиевичке мындай суроо болгон.

Батукаевди бошотуу боюнча шагыраган күнөөлүү эркектер кутулуп, эч күнөөсү жок Аида Салянованы гана тутулгандай. Эч бир далили жок абакта отурат. Ушундай өңүттөн караганда, Батукаевдин иши жабылганы калды окшойт. Салянованы эми бошотушат деп ойлойсузбу?

— Атамбаев так ошол Батукаевдин иши боюнча күбө катары чакырылып жатпайбы! Ал киши моюн толгоп суракка барбай койду. ИИМ болсо колунан конфетин тарттырып ийген балага окшоп, шалдырап отурат. Эң оорчундуу күбө деп эсептелген мурдагы УКМКнын жетекчиси, генерал Бусурманкул Табалдиев өлкөдөн из жашырып качып кетти. Аны издешкен деле жок! Демек, Батукаевдин иши жабылганы калды. Элдин көпчүлүгү ушинтип эле ойлоп жатышат. Аида Салянова деле түрмөдөн акыры чыгат. Болгону азыр көз далдоо катары эле, убактылуу кармалып отурат. Намысы жок элде ушундай жийиркеничтүү иштер боло берет турбайбы. Муну бир эле чечен кашкайтып далилдеп койду! Бийликке деле бул иштин адилет бүтүшү кереги жоктой сезилип жатат!

Каныбек Осмоналиевичтин кызыктуу, актуалдуу маегин толук окуйм десеңиз, анда бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыңыз!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.