Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Кол чабуулар менен чыгам!” (ВИДЕО)

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Кол чабуулар менен чыгам!” (ВИДЕО)

Өмүрбек Чиркешович бул сөзүн Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда айткан. Ошол учурда бир гана Өмүрбек Текебаев Атамбаевден коркпой, анын кылып жаткан туура эмес иштерин факты менен айтып турган. Ачуу чындыкты айтканы үчүн камалаарын да билген. Ошон үчүн: “Камасаңар мен кол чабуулар менен чыгам!”,-деп айткан, көрөгөчтүк кылыптыр… Буйруса, ошентип чыкканы калды. Ал күн алыс эмес. Төмөнкү ВИДЕОдогудай кылып тосуп алабыз!

Эскерте кетсек, 21-августта абактагы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар тууралуу Жогорку Сот карап, адвокаттардын далилдүү иштерин эске алып, мурдагы чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайрадан кароого Биринчи Май сотуна жиберген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.