ВИДЕО — Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Бүгүн травматология борборун жабабыз! Сабыр Жумабеков чет өлкөгө чыгып кетти»

ВИДЕО — Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Бүгүн травматология борборун жабабыз! Сабыр Жумабеков чет өлкөгө чыгып кетти»

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мурдагы жетекчиси, академик, профессор, миңдеген оорулууга шыпаа берген атактуу ортопед Сабырбек Жумабековдун чет өлкөгө чыгып кеткени тууралуу  Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди. Ал бүгүн, 14-мартта Ыкчам медициналык жардам клиникалык ооруканасына барып, травматологдордун мындан аркы тагдырын айтыптыр: «Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору бүгүн толугу менен жабылат. Травматологдор жакшы эле акча чогултушту.  Эми алардын бу жерде иштегенге акысы жок. Пенсияга кетишсин. Аларды 40 мамлекет ишке чакырыптыр. Мен аларга жардамдашам дегем»,-дептир. ВИДЕО

Эске сала кетсек, 3-январда Сабырбек Жумабеков журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин 3 дооматына жана журналисттердин суроолоруна жооп берген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Академик Cабырбек Жумабековго байланышып маалымат беребиз. Азырынча байланыша албай жатабыз.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.