Жеңишбек ЖУМАКАДЫР: «Бишкектеги Киев көчөсүн Ашыке десек жаманбы?..» Төкмөлөрдүн үнү президентке жетти бекен?..

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР: «Бишкектеги Киев көчөсүн Ашыке десек жаманбы?..» Төкмөлөрдүн үнү президентке жетти бекен?..

Айтылуу Ашыралы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык «Айтыш-2022» сынагындагы баш байгени Ашыралы атанын шакирти, Кыргыз эл артисти Амантай Кутманалиев жеңип алып, эки күндөн бери куттуктоо угуп жаткан кези… Ошол кечки саат 18:45те башталып, саат 23:00до аяктап — 5 саатка созулган айтыштагы кызыктарды айтып беребиз дедик эле, эми айталы…

Айтышка жыйылып келген эл ичинде — айтыштын биринчи айлампасы аяктап калганда келген, байге фонду бир миллион сомго демөөрчүлүк кылгандардын бири Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо жана Жазуучулар Союзунун мүчөсү, III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы Ашыралы Айталиевдин жердештери, балдары, неберелери көрүп отурушту. 81 жаштагы байбичеси Наила апа ден соолугуна байланыштуу катыша алган жок. Апа 3 жылдан бери баспайт, төшөктө…

Айтышты жаш манасчы Азиз Биймырза уулу алып барып, калыстардын тандалма курамы элге таанымал 9 адамдан турду. Алар: Анатай Өмүрканов (Кыргыз эл акыны), Түгөлбай Казаков (Кыргыз эл артисти), Сулайман Кайыпов ( профессор, тарых илимдеринин доктору), Кожогелди Култегин (Кыргыз Эл акыны), Үмүт Култаева (филология илимдеринин доктору, илимпоз), Рысбай Исаков (манасчы), Назира Аалы кызы («Маданият. Тил. Тарых» телеканалынын жетекчиси), Кайрат Иманалиев (КТРК директору), Чынара Итигулова (КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз радиосунун баяндамачысы).

Калыстар тобу тааныштырылгандан соң 12 төкмө акын — Амантай Кутманалиев, Баян Акматов, Акматбек Султан уулу, Мамбет Токто Орозо, Мамбет Өмүр уулу, Асылбек Маратов, Абдуали Акимбеков, Максат Кулуев, Мундузбек Усупбек уулу, Турат Жумаев, Мундузбек Борончуев жана баарынын кенжеси Элмирбек Иманалиев сахнага чакырылып, чүчү кулак тартып, айтыша турган атаандашын таап 6 жуп болушту…

Эзил кайран Элмирбек эскерилип…

Айтыш башын Ашыралы Айталиевдин шакирттери кыргыз эл акыны Жеңишбек Жумакадыр менен Азамат Болгонбаев ачып беришти. Алардын айтышындагы кубанычтуу кабар жакында эле чыгармачыл үй катары Кыргыз улуттук «Манас» театрына бөлүнүп берилген имарат тууралуу болду. Ага улай улуу устат Ашыкебиздин өнөрүн кенен айтып өтүштү.

Жеңишбек маркум досу, эзил кайран, жаркылдап жапжаш оо дүйнөгө кеткен Элмирбек Иманалиевди эстебей кое алган жок. Жаркылдаган Элмирбек тууралуу көп нерсени эске салып жоктоо саптарын төгүп өттү. Анан экөөнө мыкты устат болгон Ашыралы атанын ысымын Бишкектен бир көчөгө берүүнү өтүнүп, «Киев көчөсүн Ашыке десек жаманбы?» деп бул маселени чечүү колдорунан келген, көңүлдөрү эле келсе, заматта чечип койчуларга кайрылды. Эл көкүрөгүндөгү кеп айтылгандыктан, кубаттаган алакандар аябай чабылды… кыязы, кызмат адамдары да алакан чаап колдоп коштогонсушту…

Коррупционердин үйү «Манас» театрынын имаратына айланганда…

Саясаттан сүйүүгө чейин айтып кызыктуу айтыш куруп берген 6 жуп төкмөлөрдүн дээрлик бардыгы Ашырыкебиз менен кошо Элмирбектин да бир көчөгө ысымын берүүнү кыстырып кошуп кетишти…

Бир учурда түзүлүп, ортодо жоюлуп, кайра калыбына келген бараандуу МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ деген кызматка залкар манасчы Сапарбек Касмамбетовдун уулу Сүйүнбек Касмамбетовдун келиши — өнөрдү жана өнөр адамдарын сыйлаган, өнөр баккан атанын уулу да өнөр адамдарын түшүнөрүн,  сыйларын, айттырбай эле түшүнөрүн, андыктан, төкмөлөрдүн айткандары аткарыларынан чоң үмүт кылышары күмүш сырга катары айтылып өттү…

Албетте, мамлекеттик саясаттагы соңку иш-аракеттер камтылбай калган жок. Төкмө акындар коррупционерлерди «кустуруп жаткан» президент Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевди айтып, бир коррупционердин үйүн Ташиев мамлекетке тартып алып, «Манас» театрынын имараты кылып бергенин, ал үйдүн ичинде эми эмне бар, эмне гана жоктугун айтып жатышып, театр болуп калган коррупционердин үйүн көргүсү келген адамдын катарын көбөйтүп койгондой болушту…

Айтмакчы, төкмөлөр атын атабай айтып жаткан, элге ким экени кызык болгон коррупционер, 2 жыл мурун «коррупцияга шектелип кармалды, камалды» делип маалымат айдыңында кыйла сөз болгон Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиев. Ал 2020-жылдын аягында «мыйзамсыз баюу» беренеси менен айыпталып камалып, УКМК «анын мыйзамсыз тапкан мүлкү» деп коттедждер, көп кабаттуу үйлөр, элиталык батирлер, кымбат унааларынын сүрөттөрүн чыгарган болчу. Театрга берилген хансарайы да ошол мүлктүн ичинде болчу. Эми ал 14-мартта Кыргыз улуттук «Манас» театрына тийиштүү жайга айланды…

Баса, маалымат үчүн, бул сот, «мыйзамдуу тапкан кирешесинен» ашып кеткен деп тергөө жүрүшүндө аныкталган 114 миллион сомду төлөп берүүгө макул болуп абактан чыккан болчу…

Отургучтан оңкосунан кеткен Амантай…

Эми, айтыштагы башкы кызыкка келели. Ал 5-жупка келгенде болду. Айтыш кызып калганда 10-номурду кармаган Амантай Кутманалиев чыгып, элди шаңга бөлөп айтышты ого бетер жандандырды. Сөз кызуусуна кирип кетип алдындагы отургучун улам артка жылдыра бергенби, айтор, бир учурда чалкасынан кетип, секичеден нары тоголонуп кетти… Залдагылар бакырып, сахна артындагы төкмөлөр чуркап чыгып, бир сыйра чуру-чуу түшүп алдык… Өзү айткандай, шоу көрдүк…

Амантайдын бул кулашы андан кийин чыккан жаш төкмө акындарга жакшы тема болуп берип, кыйла тамашага салышты. «Чалынып-чулунуп жыгылбай, 95 жашка жетсе экен» деген тилектерин айтышты…

Амантай КУТМАНАЛИЕВ: «Акмат, сен отургучтан жыгылсаң, алты саат ыйламаксың…»

Экинчи айлампага Амантай Кутманалиев, Баян Акматов, Акматбек Султан уулу, Мамбет Токто Орозо — 4 төкмө акын чыкты. Амантай Кутманалиевге кытайлык кыргыз инибиз Акматбек Султан уулу туш болду. Акматбек Амантайдын отургучтан жыгылганын айтып тийишти эле, Амантай: «Отургучтан жыгылсак да, финалдан жыгылбай баш байгеге жетели. Мен жыгылганым жакшы болду. Эгер сен жыгылсаң, 6 саат ыйламаксың. Бүгүн ыйлабай ырдап жатканыңа таңгалып жатам» деп Акматтын «ыйлаактыгын» айтып элди күлдүрдү. Акмат да жөн калбай «Манас» театрына имарат берилгенден бери ыйлабай кубанып жүргөнүн айтты…

Төкмөлөрдүн, Наила апанын үнү президентке жетти бекен?..

Ошентип, айтыш өтөөсүнө чыгып, жогорку деңгээлде өттү. Төкмөлөрдүн көбү Ашыралы Айталиевдин ысымы Бишкектин бир чоң көчөсүнө ыйгарыларына ишенишээрин, бул суранычты президент Садыр Жапаровго жеткирип барууну отурган бийлик адамдарынан көптөн-көп өтүнүштү…

Ушундай сураныч менен маркум Ашыраалы атанын байбичеси Наила апа дагы бир жылдан бери президентке видео аркылуу эки ирет кайрылган…

Ал кайрылуулар президентке жеткенби-жокпу, билбейбиз, тилекке каршы, реакция бер жактагы эле кызматтык чектерден ашкан эмес. Эми жеткен чыгаар…

Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: «Кызарып-татарбай, башты өйдө көтөрүп чыгып баратабыз»

Айтыш жыйынтыкталып, калыстар тобу жана көрүүчү болуп аягына чейин отуруп берген кызмат адамдары сахнага чыгып, төкмөлөргө сыйлыктарды тапшырышты. Баш байгеге ээ болгон Амантай Кутманалиевге 200 миң сом, 1-орун 150 миң сому менен Акматбек Султан уулуна тийип, 2-орунду алган Баян Акматов 100 миң сом, 3-орунду алган Мамбет Токто Орозо 50 миң сом байге ээси болушту. Калган төкмө акындар да куру калбай 35 миң сомдон алып кубанып калышты.

Сыйлык ээлерин куттуктаган мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө Ашыралы Айталиевге арналган айтыш абдан жакшы өткөнүн, ал киши ордунан бир оодарылып алганын айтып, бийликке жаман сөз айтылбаганын, Филармониядан кызарып-татарбай, башты өйдө көтөрүп чыгып баратышканын белгилей өттү. Эми ошол дем менен маданиятка байланыштуу көп маселени, анын ичинде Ашыкебиздин ысымын борбор шаарыбыздын негизги көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу өтүнүчүн да чечип беришет деп ого бетер ишеним артып калдык…

Калыстар тобуна төрагалык кылган Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков да өз кезегинде төкмө акындарды сыйлыктары менен куттуктап, алты төкмө акын: Актан Тыныбеков, Ысмайыл Борончиев, Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана учурдагы төкмөлөрдүн аксакалы Замирбек Үсөнбаевди дайыма айта жүрүүнү эскертти.

Ашыралы Айталиевдин баласынын сыйлыгына ким татыды?

Сыйлык тапшыруу жөрөлгөсүнүн аягында Ашыралы Айталиевдин уулу Мыктыбек Айталиев (белгилүү обончу, ырчы Кадыралы Артыков да кошо чыкты — авт.) сахнага чакырылып, ал уюштуруучуларга, атасынын шакирттерине ыраазычылык билдирип, жедигер уруусунун мыктылары түзгөн «Койлон-Ата» коомунун атынан Ардак грамота, акчалай сыйлык бар экендигин айтып, ал сыйлыктарды тапшырууну бул коомду түптөгөн Бузурман Анарбаевге өткөрүп берди. Бузурман Анарбаев ал сыйлык ээси катары «Жазуучулар Союзунун мүчөсү, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы Ашыралы Айталиевдин төкмөчүлүк чеберчилигин, дастанчылык, обончулук өнөрүн эң мыкты ачып бергендиги үчүн» деп Акматбек Султан уулу табылганын айтып, Ардак грамота менен 20 миң сомду тапшырды…

Наила апанын ыраазычылыгы…

Аягында айтышка ден соолугуна байланыштуу келе албай калган 81 жаштагы Наила апанын видеоаркылуу кайрылуусу көрсөтүлдү. Ал төмөндө:

Наила апанын ыйы…

Абышкасын ээсине тапшырганына 14 жыл болуп калган Наила Айталиева апабыздын табы мурдагыдай эмес. Чалынын кадырын айтып ыйласа жанына киши тура албайт. Дегеним, бир жылдан ашуун абышкасынын ысымын Бишкек шаарындагы чоң көчөлөрдүн бирине берүүнү суранып президент Садыр Жапаровго кайрылып эле келатат. Эки сөзүнүн бири эле: «Чалымдын көчөгө берилген күндү угуп кетээр бекем? Ошол кубанычты угаар бекем?» дейт.

Эми эмне дейм, апабыздын, акындардын үнү президентке жеткен чыгаар… Залкар, алп акын Ашыралы Айталиевдин ысымы Бишкек шаарынын бир чоң көчөсүнө берилсе, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жогоруда айткандай, биз дагы Наила апанын алдында кызарып-татарбай, башты өйдө көтөрүп калат элек…

Назира СААЛИЕВА

One thought on “Жеңишбек ЖУМАКАДЫР: «Бишкектеги Киев көчөсүн Ашыке десек жаманбы?..» Төкмөлөрдүн үнү президентке жетти бекен?..

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.