ВИДЕО — Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жөө күлүк судья Илияс Керимкуловду куттуктады

ВИДЕО — Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жөө күлүк судья Илияс Керимкуловду куттуктады

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Илияс Керимкуловду жөө күлүктөр арасында ийгилик жараткандыгы үчүн куттуктады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы бүгүн, 18-майда билдирди.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарында эң ири марафондордун бири Шанхай кызматташтык уюмунун «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» X Эл аралык Ысык-Көл марафону 14-майда болуп өткөн. Бул марафондун негизги максаты Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу.

Марафонго дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 3 миңден ашык жөө күлүктөрү катышкан. Ага Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Илияс Керимкулов да катышып, 21 чакырымды 1 саат 58 минут 26 секундда чуркап келген. Аны төрага Замирбек Базарбеков кабыл алып, мындан ары дагы ийгиликтерди каалап, белектерди тапшырды. Судья Илияс Керимкуловду Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Айбек Давлетов, Нурлан Мусаев, судья Айнаш Токбаева, төраганын кеңешчиси Нурханбек Момуналиев, Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, жана Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев, Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев куттуктады. Замирбек Базарбеков судьялар спорт жаатында да ийгиликтерди жаратып жаткандыгы мактоого арзый тургандыгын айтса, Илияс мырза төрага аны атайын чакырып куттуктагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы жөө күлүктөр арасында ийгиликтерди жаратууга бардык аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Эске сала кетсек, судья Илияс Керимкулов буга чейин, ушул жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарында өткөн “Бакай Банк Жаз деми — 2022” жазгы жарышка катышып, анда 21 чакырымды 2 саат 1 минут 36 секунд убакта чуркап келген. Мындай көрсөткүч 40 жаштан жогорку спортчулар үчүн жакшы жыйынтык экендиги белгилүү болгон.

Алмаз ТУРДУМАМБЕТОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.