Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд болочок журналисттер арасында СЫНАК жарыялады. Жол-жобосу…

Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд болочок журналисттер арасында СЫНАК жарыялады. Жол-жобосу…
60 жылдыкды утурлай…

Кыргыз тилдүү эркин басма сөздү түптөөчүлөрдүн бири — белгилүү мыкты журналист, публицист, коомдук жана саясый ишмер Мелис Эшимкановдон ажыраганыбызга 11 жыл болду. 2011-жылдын 15-сентябрында 49 жашында көз жумган.

Дайыма журналисттерди, жаштарды колдоп, моралдык да, материалдык да жактан жардамын аябаган берешендиги, мыкты жазмакер жагынан бардыгыбызга үлгү болуп кеткен маркум агабыз «Ленинчил жаш», «Комсомолец Киргизии», «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде эмгектенген. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болгон. Кыска өмүрүндө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн жана сөз эркиндигинин түптөлүшүнө зор салымын кошуп кеткен Мелис Асаналиевичтин көзү тирүү болгондо быйыл 9-декабрда 60 жашка чыкмак…

Жолдошунун 60 жылдыгына карата жубайы Асел Эшимканова ар кандай иш-чараларды уюштурууну баштады. Анын бири — студенттер арасындагы СЫНАК.

Сынактын жол-жобосу

Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд бүгүн, 1-июнда маркумдун ысымын эскерүү ниетте эки сынак жарыялады.
Биринчиси — студенттер (болочок журналисттер) арасында эссе.
Экинчиси — Мелис Эшимканов сыйлыгына татыктуу журналисттер арасында эссе.
Алгач жогорку окуу жайлардын журналистика факультетинин студенттеринин (болочок журналисттер) арасында СЫНАК жарыялады. Анын жол-жобосу төмөндөгүдөй.

СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ

Темасы: Кыргыз журналистикасынын эртеңи (автордун чеберчилигине чек коюлбайт);
Катышуучулар: Кыргызстандагы бардык окуу жайлардын журналистика факультетинин (бардык курсттун) студенттери катыша алат;
Көлөмү: 600-700 сөздөн ашпоого тийиш (эссе электрондук түрдө кабыл алынып, автордун аты-жөнү, телефон номери, электрондук дареги, окуу жайы, курсу так көрсөтүлүп, “Эссе сынагына” деп белгилөө шарт);
Тили: мамлекеттик жана расмий (кыргыз, орус) тилдеринде;
Тапшыруу жолу: jadyrajasha@gmail.com
Кабыл алуунун соңку мөөнөтү: 2022-жылдын 1-сентябрына чейин;
Сыйлык фонду: 50 000 сом (баш байге, 1-2-3-орундар, кызыктыруучу сыйлыктар)
Байланыш даректери: jadyrajasha@gmail.com, aika01@mail.ru, Telegram: +996778997720 (билдирүүлөр гана кабыл алынат).

Таркатууга жардамдашып коюңуздар!

Урматтуу окурмандар! Жогорудагы сынакка болочоктогу журналист уул-кыздарыңыздарды катыштырыңыздар жана маалыматты бөлүшүп, таркатууга жардамдашып койсоңуздар!
Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд болочок журналисттер арасында СЫНАК жарыялады. Жол-жобосу…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.