ВИДЕО — Президент менен мэрдин куттуктоосу… Балдар майрамынын тарыхы…

ВИДЕО — Президент менен мэрдин куттуктоосу… Балдар майрамынын тарыхы…

Бүгүн, 1-июнда, Эл аралык балдарды коргоо күнүндө Бишкекте «НАРИСТЕ» II эл аралык фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Мындай иш-чарага президент Садыр Жапаров, жубайы Айгүл Жапарова, Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана борбор калаанын вице-мэрлери катышты.

Ар кайсы өлкөлөрдөн келген 3000дей баланы президент куттуктады. Мамлекет башчы эң негизги мээримди, камкордукту, мээримдүү үй-бүлөсүнөн аларын айтып, баланы тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду чоң экенин баса белгиледи.

Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Балдарды коргоо күнү – мээримдүүлүктүн күнү»

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун куттуктоосу:

— Кымбаттуу балдар!
Силерди бүгүнкү майрамыңар — Эл аралык балдарды коргоо күнүңөр менен чын жүрөктөн куттуктайм! Балдарды коргоо күнүн жарым кылымдан бери жайдын алгачкы күнү белгилеп келүүдөбүз. Балдар – биздин келечегибиз, андыктан балдарыбыз үчүн камкордук көрүү бийик милдетибиз. Баарыбыз балалыктын ажайып өлкөсүнөн өскөнбүз.
Силер, кымбаттуу балдар, улуу муундун ордуна келесиңер, андыктан ата-бабалардын ыйык салттарын татыктуу уланткыла жана сүйүктүү шаарыңардын жана өлкөңөрдүн жаркын келечеги үчүн жакшы окугула. Өлкөбүздүн келечеги силердин колуңарда.
Балдарды коргоо күнү – мээримдүүлүктүн күнү. Биз күнөстүү Кыргызстанда жашайбыз, биздин өлкөбүздө балдарга эң маанилүү жана ардактуу орун ыйгарылат.
Ар дайым балдарыбыз бактылуу балалыкта өссүн, бактылуу балалык — келечектин татыктуу адамдарынан болушуна шарт түзөт.
Кымбаттуу балдар!
Бүгүнкү майрам күнү бекем ден-соолук, ачык асман, ийгилик, жаркын маанай каалайм!

Майрамдын тарыхы… 

1-июнь. Бул майрам 1949-жылы ноябрда Франциядагы Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгрессинин чечими аркылуу уюшулуп, кийинки жылы (алгачкы жолу) 1950-жылы майрам өткөрүлгөн. Мындан тышкары, 20-ноябрда жыл сайын  «Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү» да белгиленет. Бул майрамды  «Эл аралык балдарды коргоо күнү» менен чаташтырып албагыла! Себеп дегенде, «Бүткүл дүйнөлүк балдардын күнү» 1925-жылдан бери майрамдалып келет.

«Эл аралык балдарды коргоо күнүнө» кайрылсак, Эл аралык балдар күнүнүн желеги бар. Анда жашыл фондогу жер шарынын тегерегинде кызыл, сары, көк, ак жана кара түстөгү адамдардын фигуралары жайгаштырылган, ал ар түрдүү чыдамкайлыкты символдоштурат. Ал эми ортосунда жайгашкан жер шары — биздин жалпы үйүбүздүн символу.

Албетте, бүгүнкү күндө балдарды коргоо күнүнө өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн иш-чаралар ар кайсы мамлекеттерде өткөрүлүп келет. Кыргызстанда бул майрам жыл сайын жогорку деңгээлде белгиленет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мектеп, маданият, китепкана жана башка көптөгөн мекемелерде бул күнү балдарга арналган майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, спорт оюндары ойнотулуп, мультфилмдер көрсөтүлүп, чакан концерттер коюлуп келет. Мындан тышкары, жардамга муктаж болгон балдарга мамлекет тарабынан жардам катары ар түрдүү колдоо акциялары өткөрүлөт.

«Наристе» фестивалынын максаты…

Мына, бүгүн да майрам башталды. Бишкектеги «Ала Тоо» аянтында  “Наристе” эл аралык фестивалы өтүп жатканын жогоруда айттык. «Наристе» алгач 2018-жылы өткөн. Быйыл экинчи жолу уюштурулуп жатат, ал 8-июнга чейин болот. Бир жумадада ар түрдүү мастер-класстар, ачык асман алдындагы сабактар уюштурулуп, ар кандай чыгармачылык жолугушуулар жана кечелер, конференциялар, көргөзмөлөр өтөт. Мындай иш-чарага Кыргызстандын жети облусунан балдар фольклордук топтору жана Орусиянын Алтай, Тыва республикаларынан, Казакстандан, Монголиядан келген өкүлдөрү  катышат. Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү жана башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты да бөбөктөрдү бүгүнкү майрамы менен куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайт!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.