Руслан Бекназаров кайсы кызматка барды?

Руслан Бекназаров кайсы кызматка барды?

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өзү «Фейсбуктагы» баракчасын сүйүнчүлөп жазды.

Ал экс-президент Сооронбай Жээнбеков бийлигинде президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө эксперт болуп иштеген, кийин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүндө башчы болуп эмгектенген. Былтыр (2021-жылы) парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмеси менен катышкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.