Султан РАЕВ: «Биринчи фестивалды — Азербайжанда өткөрүүнү көздөп турабыз. Ага Кыргызстан да катышат»

Султан РАЕВ: «Биринчи фестивалды — Азербайжанда өткөрүүнү көздөп турабыз. Ага Кыргызстан да катышат»

Бүгүн, 4-июлда, Анкара шаарында Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев Түрк мамлекетинин театрларынын генералдык директору Мустафа Курт менен жолукканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал толугу менен төмөндө:

“Сөздөн — ишке” деп, алгы сөздү баштасам туура болчудай. Бүгүн Түрк мамлекетинин театрларынын генералдык директору Мустафа Курт менен жолуктум.  Сөзүбүздүн эң башкы маселеси түрк дүйнөсүндө эл аралык театр фестивалын уюштуруу жана өткөрүү болду. Буйруса, Мустафа Курт менен бул багытта бир пикирге келип, эмки — 2023- жылы Биринчи түрк дүйнөсүнүн эл аралык театр фестивалын өткөрүү жөнүндөгү биздин демилгебиз колдоого алынды. Биздин өлкөлөрүбүздөгү театрларга эң мыкты платформа түзүлө турган болду. Биринчи фестивалды — Азербайжанда өткөрүүнү көздөп турабыз. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан, Мажарстан  (Венгрия) өлкөлөрүнүн эң мыкты театрлары мыкты спектаклдери менен катышат. Фестиваль жыл сайын ар башка өлкөдө өткөрүлөт. Бул фестиваль түрк театр өнөрүнүн башын кошкон биринчи, эң чоң фестиваль болот деген ишенимдемин.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.